БУУ Газа тилкесине ок атуу токтогондон бери күнүнө 560 тонна азык-түлүк жеткирилип жатканын 17-октябрда билдирди. Бирок гуманитардык жүк тарткан машиналар талкаланган, айрым жерлерде жабык турган жолдордон өтө албай кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгиленет.
Анклавдын кээ бир бөлүктөрүн ачарчылык тооруган шартта БУУнун гуманитардык иштер менен алектенген агенттигинин башчысы Том Флетчер шаршембиде билдиргендей, элдин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тилкеге күнүнө миңдеген машина жардам жеткирүүгө тийиш.
БУУнун Азык-түлүк программасы Газа шаарында тамак-аш тарата баштаганы маалым болду. Бирок анклавдын түндүгүндө Израил менен чек арадагы Зиким жана Эрез өткөөлдөрү ачыла электигине, ал жактагы гуманитардык абал өтө аянычтуу экенине көңүл бурушат.
Бейшембиде Керем Шалом жана Киссуфим пункттары аркылуу Газага 950 машина өткөнүн БУУнун Гуманитардык иштерди координациялаган кеңсеси Израилдин армиясынын жардам агенттигине таянып билдирди.
10-октябрда Израил жана ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылганы) радикал уюму палестин анклавында тынчтык орнотуу планынын биринчи этабын ишке ашырууга макул болгон. АКШ президенти Дональд Трамп сунуш кылган жана Вашингтондон тышкары Катар, Египет жана Түркиянын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык барымтада отурган 20 киши кое берилген. Буга жооп катары Израил түрмөлөрүнөн эки миңге жакын палестиналык туткунду бошоткон жана аскерлери тилкеден чегине баштаган.
Андан тышкары хамасчылар 28 кишинин сөөгүн кайтармак. Жумага чейин бир нече сөөк Израилге өткөрүлдү. Ошондой эле Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн өткөөлдөрдү ачуу каралган.
Шерине