Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу башталды. Fox News телеканалы украин президентинин Ак үйгө келгенин түз эфирде көрсөттү.
Эки лидердин жолугушуусу бейрасмий шартта, түшкү тамак үстүндө өтүүдө. Алар Украинадагы согушту, Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жана Киевге жаңы курал-жарак, анын ичинде "Томагавк" канаттуу ракеталарын жеткирүү маселесин талкуулашат.
Жолугушуунун жабык бөлүгү баштала электе Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинага берилчү Орусиянын ичиндеги объекттерге сокку урууга кудуреттүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулай турганын айтты. "Биз бул тууралуу сөз кылабыз" деген америкалык лидер "бул эскалация, бирок биз аны талкуулайбыз" деди.
Трамп Путин да, Зеленский да согушту токтотууну каалай турганын айтып, "эми биз ага жетишүүбүз керек" деди. Америкалык президент Украина тынчтык келишимине жетүү үчүн аймактардан баш тартуусу керекпи деген суроого түз жооп бербей, согушта алдын ала болжоп болбой турганын белгиледи.
Трамп Зеленскийди кабыл алганга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте жолугушуу тууралуу алдын ала макулдашканы белгилүү болду. Жума күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Вашингтон Зеленский ал саммитке катышат деп үмүт артып жатканын билдирди.
Президент Зеленский "Украина тынчтыкты каалайт, ал эми Орусия андай эмес" деп, эң оболу Украинада ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү зарылдыгын айтты. Буга чейин президент Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн ок атышууну токтотуу милдеттүү шарт эмес экенин айткан.
Шерине