Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Португалия: Парламент коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө тыюу салган жобону жактырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Португалиянын парламенти «жыныстык же диний себеп менен» коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө тыюу салган жобону жактырды. "Рейтер" агенттиги ашынган оңчулдардын «Чага» партиясы сунуш кылган мыйзам долбоору иш жүзүндө мусулман аялдар кийген паранжыны бутага аларын жазат.

Мыйзамды бузуу үчүн 200дөн 4 миң еврого чейин айып пул салуу каралган. Ал эми кимдир бирөөгө мажбурлап паранжы кийгизгендер үч жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Учактарда, дипломатиялык кеңселерде жана сыйынуучу жайларда башы-бетин жаап жүрүүгө уруксат берилет.

Мыйзам күчүнө кирсе Португалия андай чектөө киргизилген Франция, Австрия, Бельгия жана Нидерланд өңдүү европалык өлкөлөрдүн катарын толуктамакчы.

Президент Марсело Ребело де Суса жобого вето коюушу же Конституциялык сотко баш мыйзамга канчалык шайкеш келерин текшерүү үчүн жөнөтүшү мүмкүн.

Жума күнү парламенттин жыйынында “Чега” партиясынын лидери Андре Вентура менен солчул партиялардын аял депутаттары кайым айтышты, бирок документти борборчул-оңчул коалиция колдоду.

Португалияда паранжы кийген аялдар анча көп болбогону менен бул маселе Европада талкуу жаратып келет. Кээ бирлер аны жыныстык негиздеги дискриминация деп санаса, башкалары бети-башын чүмкөп жүрүү коопсуздукка коркунуч жаратарын айтышат.


Шерине

XS
SM
MD
LG