Европарламенттин депутаты Начо Санчес Амор Бишкек шаардык сотунун “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баштаган үч адамга чыккан чечимине тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Х соцтармагындагы баракчасына жазды.
Европарламенттин мүчөсү анда “Темирлан Султанбеков жана башкаларга каршы “шайлоо иши” уланып жатат, бул социал-демократтардын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуусун жокко чыгарат”,-деп белгиледи.
Бишкек шаардык соту ушул аптада "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди күнөөлүү деп таап, пробация менен абактан бошоткон райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Бийликке оппозициячыл маанайдагы Султанбеков баштаган “Социал-демократтар” партиясынын үч мүчөсү 2024-жылы ноябрь айында жергиликтүү кеңештерди шайлоонун алдында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча айып тагылган.
Кармалгандар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым деп баалап келет. Султанбеков камакта кезде "Социнтерн" уюму, Европарламенттин айрым мүчөлөрү бул иш боюнча тынсыздануусун билдирген. Ал мезгилде курамында Начо Санчес Амор да кирген Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин делегациясы Бишкекке келген. Делегацияны президент Садыр Жапаров кабыл алып, Кыргызстандагы эркиндикке жана демократияга баа берүүдө өлкө бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын белгилеген. (BkA\ErN)
Шерине