Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Адылбек Касымалиев күйүүчү майдын баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды


Адылбек Касымалиев жетектеген кеңешме. 17-октябрь, 2025-жыл.
Адылбек Касымалиев жетектеген кеңешме. 17-октябрь, 2025-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай азыгы менен туруктуу камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Министрлер кабинети калкты жана экономиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алып жатканын белгиледи.

Кеңешмеде күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, жеткирүү көлөмү, алардын ички базардын керектөөлөрүнө шайкештиги боюнча маалымат берилди.

Отурумдун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасы баа түзүүгө көзөмөлдү күчөтүүгө жана стратегиялык резервдик кордун зарыл деңгээлин кармап турууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу күз айларында да уланууда. Улуттук статистика комитети билдиргендей, А-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 80-82 сомго чыкты. А-92 үлгүсүндөгү бензин 65 сомдон 74-76 сомго, дизел 73 сомдон 78-80 сомго көтөрүлдү.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы мунун себебин Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводу дрон чабуулунан улам иштебей, ал жактын өзүндө тартыштык болуп жатканы менен түшүндүрүп келет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азыр бааны кармап турууга мүмкүн болбой жатканын, күйүүчү майдын кымбатташы Орусиядагы абалга байланыштуу экенин билдирүүдө.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин соңку баяндамасына ылайык, украиналык дрондордун орусиялык объектилерге жасаган соккуларынын айынан Орусиянын мунай заводдорундагы мунай иштетүү көлөмүнүн азая бериши жок эле дегенде келерки жылдын ортосуна чейин уланат. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG