Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору орус тарапта согушуп жүрүп каза тапкан казакстандыктардын жаңы тизмесин жарыялады. Анда 270 кишинин ысымы бар. Адатта долбоор тизмеге өлүмү тастыкталган гана кишилерди киргизет.
Маалыматка караганда, эң жашы 19 жаштагы Андрей Богомолов экени белгилүү болду. Эң улуусу 64 жаштагы Александр Ялфимов мотоаткычтар бригадасында согушкан.
Каза тапкандардын көбү мобилизация маалында Орусияда жүргөн эмгек мигранттары болчу. Айрымдарын орус түрмөлөрүндө жалдашкан.
«Хочу жить» долбоорунун маалыматына ылайык, майданга үгүттөгөн кишилер Казакстандын аймагында жана Орусияда жашаган казакстандыктар арасында иш алып барышат. Алар интернеттеги жарнаманы колдонушат жана Орусияда «жакшы төлөнгөн жумуш таап беребиз» деген жасалма агенттиктерге жамынышат.
Өткөн аптада долбоор орус тарапта согушуп жүрүп каза тапкан 446 тажикстандык кишинин ысымын жарыялаганда тизме толук эмес экенин, ага набыт болгону тастыкталган гана адамдар киргизилгенин белгилеген.
Августта долбоор быйылкы жылдын алты айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен контрактка кол койгон Тажикстандын 628 жаранынын тизмесин чыгарган. Апрелде 931 тажикстандык орус тарапта согушка катышканы маалымдалган.
Кошуна өлкөнүн бийлиги долбоордун маалыматын расмий комментарийлеген эмес.
Украинадагы согушта Орусиянын тарабында катышып өлгөн кыргызстандыктар тууралуу да кабарланып келет.
Шерине