Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

"Аптаптын айынан электр көп сарпталды". Кышка даярдык кандай?


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Кыргызстанда жайкы ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти. Энергетика министрлиги калк жарыкты үнөмдөбөсө анда быйыл да электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн экенин четке каккан жок. Мекеме жылытуу сезонунан экспорттун жардамы менен чыгууну пландап жатат.

"Мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес"

Жай чилдеде маалымат жыйын курган энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясы көп колдонулуп жатканын белгиледи. Министрдин маалыматы боюнча, учурда бир суткада электр энергиясын колдонуу көлөмү саатына 40 млн кВтка жетүүдө.

Жай мезгилиндеги керектөөнүн жогорку чекке чыгышына муздаткыч жана кондиционерлердин көбөйүшү себеп экени айтылды:

Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

“Бизде мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Дайыма 32-35 млн болуп келген. Учурдан пайдаланып, керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө чакырам. Биз аны канчалык көп керектеген сайын, ошончо көп суу коё берилет. Суу бизге кышкы сезондо жылытуу үчүн керек болот. Ошондуктан биз сууну үнөмдөбөсөк, кышында маселе жаралышы мүмкүн”.

Негизи эле жай мезгилиндеги керектөөнүн көлөмү жогорулап, жыл сайын рекорддук чекке жетип атат. Ушундан улам Кыргызстандагы энергиянын негизги булагы саналган Токтогулга жетиштүү суу топтолбой, өкмөт электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүүгө мажбур.


Адистер бара-бара жай мезгили менен күн сууктагандагы керектөө теңелип калышы мүмкүн экенин айтып келишет. Мисалы, 2024-жылы март айында бир күндүк керектөө 69-70 млн кВт саатка жеткени расмий кабарланган. Бул көрсөткүч жай мезгилинде 40 млн кВт болуп жатат.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов керектөөнүн өсүшүнө себеп болгон жагдайларды атады:

Жаныбек Оморов.
Жаныбек Оморов.

“Барган сайын электр энергиясына муктаждык көбөйө берет. Бул өндүрүштүн, элдин санынын өсүшүнө байланыштуу болууда. Ошол эле маалда ар бир үйгө кондиционер орнотула баштады. Негизи, үйдү жылытууга канча электр энергиясы керек болсо, салкындатканга деле ошончо колдонулат. Ошон үчүн электр энергиясын өндүрүүнү кескин көтөрүш керек. Жок жерден Камбар-Ата ГЭСи жөнүндө сөз болгон жок. Анткени бул чоң кубаттуулук. Мындан тышкары кошумча суу сактагыч пайда болот. Тармактагы кризистен чыгуунун негизги жолу ушул болуп турат”.

2024-жылдын 5-августуна карата Токтогулда 12 млрд куб суу топтолду. Былтыр ушул маалда 11 млрд суу чогулган болсо, 2022-жылы 12,9 млрд кубга жеткен эле. Энергетика министрлиги жылытуу сезонуна 12,5 – 13 млрд куб/метр суу менен киргени турат. Бирок бул кыштан жылуу чыгыш үчүн аздык кылат.

5-августка карата Токтогулдагы суунун көлөмү.
5-августка карата Токтогулдагы суунун көлөмү.

Негизи күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн 6-7 млрд куб/метр суу керектелет. Токтогулда суунун көлөмү 6 млрд куб/метрден азайып кете турган болсо, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.

Кышында жагдай кандай болот?

Энергетика министрлиги быйыл деле сырттан импорттоло турган электр энергиясына үмүт артып тургандай. Энергетика министринин орун басары Курсанбек Өмүрбеков азыркы учурда төрт мамлекеттен электр энергиясын сатып алуу пландалып жатканын айтты. Бирок сырттан келе турган энергиянын көлөмү белгисиз болуп турат.

Курсантбек Өмүрбеков.
Курсантбек Өмүрбеков.

“Тилекке каршы, бул көлөм кыштан чыгыш үчүн толук жетпейт. Ошондуктан Орусия, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так санын айта албайбыз. Бирок өзүбүзгө жетпеген дефицитти сатып алабыз. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында эле Казакстан, Орусияга барып келишти. Анын көлөмү боюнча жакынкы күндөрү так маалымат болот”, - дейт Өмүрбеков.

Энергетика министрлиги быйыл жаздан бери Токтогул ГЭСинин биринчи гидроагрегатын, Үч-Коргон ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын жаңылай баштаган. Эки ГЭСтин кубаттуулугуна 69 мВт кошула турганы айтылып жатат. Ошондой эле өкмөт өлкө боюнча ачылып жаткан чакан ГЭСтер да огожо болот деген ишенимде турат. Бирок бул кошумча генерация толук керектөөнү жаба албайт.

Кыргызстандын гидро жана жылуулук электр станциялары соңку он жылдан бери 14-15,1 млрд кВт/саат гана электр энергиясын өндүрүп келген. Бирок ошол эле маалда керектөө 16-17 млрд кВт/саатка жетип калды.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков быйылкы жылга төмөндөгүдөй анализ жасап жатат:

Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

“Токтогул суу сактагычынын өзүнүн регламенти бар. Ага ылайык, кышка кирип баратканда андагы суу 16 млрд куб/метрден төмөн болбошу керек. Ошондо кыштан жылуу-жумшак чыкса болот. Ал үчүн биз бир гана Токтогулга байланбай, энергиянын башка булактарына басым жасашыбыз керек. Быйыл дагы, эмдиги жылы, 2026-жылы да электр энергиясы тартыш болот. Импорттон көз каранды болорубуз турган иш. Тилекке каршы, кышында электр энергиясын үнөмдөөгө, маал-маалы менен өчүрүүгө мажбурбуз”.

Кыргыз өкмөтү энергетика тармагына 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Бул аралыкта электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу дымагы бар экенин билдирген. Бул үчүн өлкөдө жүздөн ашуун чакан гидроэлектр станцияларын жана күн менен шамалдан энергия алган станцияларды куруу пландалып жатканын кабарлаган.

Өкмөттүн планы ишке аша турган 2026-жылга аз эле убакыт калды. Жыл сайын жайында да, кышында да күнүмдүк керектөө болуп көрбөгөндөй өсүп жаткан Кыргызстандын 2026-жылы электр энергиясын экспорттой башташынан күмөн санагандар жок эмес.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG