Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

«Унааны» уялаган коррупция


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун жыйынында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Алымжан Козубаевди кызматынан бошотуу сунушталды.

Коопсуздук кеңешине караштуу жумушчу топтун 30-январдагы жыйынында «Унаа» мамлекеттик мекемесинде коррупциялык кооптуу жагдайлар жоюлбай жатканы айтылды.

Коррупциялык системага бөгөт коюу максатында мекемеде арыздарды жана автоунааларды каттоо, кайра каттоо үчүн тийиштүү документтерди онлайн түрүндө берүү механизми ишке кириши керек эле. Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалымат боюнча, аталган мекемеде пландын 56%, тактап айтканда 148 иш-чаранын 83ү аткарылган эмес.

Аткарылбай калган иштердин жогорку көрсөткүчү Коопсуздук кеңешиндеги жумушчу топтун практикасында алгачкы жолу болду. Натыйжада кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев «Унаа» мекемесинин жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан бошотуу тууралуу өкмөткө сунуш киргизди.

Козубаев бул тууралуу пикирин билдиргенден карманды:

Алымжан Козубаев.
Алымжан Козубаев.

- Мындан кийин кандай жыйынтык чыгат? Ошого карап пикиримди билдирейин. Азыр эч кандай комментарий бере албайм. Коопсуздук кеңеши - бул жогорку орган. Мен алардын чечимин сыйлайм.

2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Унаа» мекемесин түзүүдө бул тармактагы коррупцияга байланыштуу коомчулуктун нааразылыгы эске алынып, бюрократияны жана узун кезектерди жоюу максат болгонун билдирген.

Бирок өкмөттүн үмүтү акталган жок. Буга укук коргоо органдарынын 2018-2019-жылдар аралыгында «Унаа» мекемесинин кызматкерлерине 100дөй кылмыш ишин козгогону мисал боло алат. Анын ичинде аталган мекеменин кызматкерлери мыйзам тыюу салганына карабай, чет өлкөдөн оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз ташыган схемага да аралашканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда каралган материалдар юридикалык баа бериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт коррупция менен күрөштө чабал болуп жатканын айтты:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Биз бул мекемени далай жолу текшердик. Бийлик «Унаа» мекемесиндеги коррупцияны жок кылууга кызыкчылыгы жок. Бул айдан ачык эле көрүнүп турат. Анткени ал мекеме менен эч кимдин иши жок. Биз маселени комитетте бир нече жолу көтөрдүк. «Ал жерде канчалаган ортомчу балдар жүрөт, аларды эмнеге тыйбайсыңар?» деп сурасак, «видео көзөмөл койдук» дешет. Муну өкмөт башчы өзү көзөмөлгө алышы керек эле.

Бийликтин бардык бутактарында коррупциялык система түп тамыры менен жоюлмайынча өкмөттүн жемкорлук менен күрөшүү аракетинен тыянак чыкпайт. Коррупцияга каршы иштер кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова ушундай пикирин билдирди:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- Мамлекеттик кызмат ордун бизнес катары көрүп жатышат. Ушундан улам кадр тандоодо жаңылбасак. Муну «Унаа» мекемесинде болуп жаткан көрүнүштөрдүн мисалында айтсак болот. Жаңы келген жетекчи эски системаны улантабы же жаңыча иштейби? Мындай суроо ар бир кишиге кызык. Маселе ушунда болуп жатат.

«Унаа» мекемеси түзүлгөнгө чейин анын милдетин аткарган Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов коррупция үчүн шектүү катары 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган.

УКМК колго түшкөн аткаминер автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирген.

Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен эркиндикке коё берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG