Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

"Так калтырбай сабаган". Токмоктогу зомбулук, милициянын кечиккен маалыматы


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Токмокто мурда аскер кызматкери болуп иштеген күйөөсү катуу сабап, ооруканага түшкөн келиндин окуясы Кыргызстандагы аялдардын коопсуздугу, үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Ага чейин Ош, Жалал-Абад, Баткенде быйыл зомбулук боюнча милицияга кайрылуу көбөйгөнү маалым болгон.

"Так калтырбаш үчүн сүлгү менен урган"

Чүй облусунун Токмок шаарында мурда аскер кызматкери болуп иштеген күйөөсүнөн токмок жеген келин оор абалда ооруканага түшкөн.

Бул фактыны укук коргоочу Азиза Абдирасулова коомчулукка ачыктап, социалдык тармактарга жазып, маалымат каражаттарына жарыялагандан кийин гана милиция кылмышка шектүү кармалганын билдирди.

Абдирасулованын айтымында, 28 жаштагы келиндин көзүнө доо кетип, бет сөөгү, тиштери сынган. Укук коргоочуга жардам сурап, кайрылган жакындары жабырлануучуну 30 жаштагы күйөө баласы көгала койдой сабаганын айтып беришкен. Келиндин эмчектеги баласы, эки жана алты жаштагы кыздары бар экени маалым болду.

"Көзүнүн тегерегинде бет сөөгү сынып, тиштери талкаланып кеткен деп жакындары мага 21-сентябрдан 22-сентябрга караган түнү чалышты. Кайра 25-сентябрда байланышка чыгып, толук маалыматты салышты. Келиндин жүзү көгала болгон сүрөтүн да жөнөтүштү. Бирок бул маалыматты коомчулукка чыгарбай турууну суранышты. Мен укук коргоочу болгондуктан, айлам кетип отурдум. 28-сентябрда келинди кордогон күйөөсүн милиция кармап, кайра коё бергенин айтып чалышканынан маалыматты ачыкка чыгардым. Алар аялын кордогон күйөө Токмоктун милициясы менен жакшы мамиледе экенин, мурдагы аскер кызматкери экенин айтышты".

Азиза Абдирасулова жабырлануучунун туугандарынын айткандарына таянып, анын көзүнө Москвада операция жасоо керектигин билдирүүдө:

"Кыргызстанда операция жасоого мүмкүн эмес, келиндин жакындарынын айтуусунда, аны Москвага жөнөтүү керек экен. Сөөгү сынган тарабындагы көзү ачылбай калыптыр. Апасы жана эже, жездеси "кой, жашап калабы" деген ой менен маалыматты чыгартпай кармап турушту. Аялына кол көтөргөн жигит мурда Нарын облусунда аскер кызматкери болуп иштеген экен. Так калтырбай сабоонун ыкмаларын билет экен, колуна сүлгүнү ороп алып, катуу уруптур. Мен аскер кызматындагылардын укугун коргоп келген адам катары ушундай ыкма бар экенин жакшы билем. Андан так калбайт, бирок эт эзилип калат. Бул келиндин тиштери, көздүн тегерегиндеги бет сөөгү сынып кеткенден улам жүзүндө так калган".

Укук коргоочунун айтымында, азыр келин Кемин райондук ооруканасында дарыланып жатат.

"Азаттык" анын акыбалын билүүгө, жакындары жана өзү менен байланышууга аракет кылды. Бирок эч кимиси менен байланыша албады. Азиза Абдирасулованын айтымында, азыр алар коомчулукка ачык чыгууга, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылууга даабай турат.

Укук коргоочуга туугандары келин мурда деле таяк жеп келгенин, бир ирет мурду сынып, анда да оор абалда ооруканага түшкөнүн, анда да укук коргоочуларга кайрылып териштирүү болгонун билдиришкен. Бирок ал кезде милицияга кайрылышканбы же жокпу белгисиз. Облустук ички иштер башкармалыгы бул тууралуу маалымат берген жок.

Зомбулук фактысы, милициянын кечиккен маалыматы

Токмок шаардык милициясы аталган окуяга байланыштуу маалыматты 28-сентябрда кечке жуук таратты.

Анда келиндин арызы 28-сентябрда электрондук журналга катталып, ошол күнү Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") менен иш козголгону жазылган.

Милициянын маалыматында келин 21-сентябрда сабалганы, кызматкерлер арыз түшкөн учурда окуя болгон жерге барганы көрсөтүлгөн, бирок 28-сентябрда гана кылмыш иши козголуп, шектүү 29-сентябрда кармалганы, тергөө уланып жатканы белгиленген:

“Милицияга 21-сентябрда Токмок шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө башталган. Окуя болгон жерге барганда А.А. атуу 1996-жылы туулган келин арыз жазып, күйөөсү аны такай сабап, күн көрсөтпөй келгенин айтып чара көрүүнү суранган. Ошол эле күнү ал Улуттук госпиталга кайрылып, анда мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды”, - деп жазылган милиция тараткан маалыматта.

Бирок милиция кылмыш иши эмнеге укук коргоочу бир жумадан кийин жазып чыкканда козголгону тууралуу маалымат берген жок.

Бул окуядан улам укук коргоо органдарында же аскер кызматында иштегендердин үй-бүлөлүк зомбулугу тууралуу маселе да коомчулуктун көңүлүн бурду.

"Азаттык" маектешкен укук коргоочу, психологдор укук коргоо органдарында, аскер кызматында иштеген күйөөсүнөн таяк жеп, кайрылгандардын саны мурда деле көп болгонун, барган сайын ого бетер көбөйүп жатканын айтып беришти.

Бишкекте травматолог болуп иштеген дарыгер "күйөөм тартип коргоо кызматкери" деп айткан аялдарды катуу сабалган абалда, сынык, жаракаттар менен көп кабыл аларын, бирок жабыркагандар арыз жазуудан баш тартарын анонимдүү шартта "Азаттыкка" билдирди.

"Башым жарылды, белиме темир менен чапты"

Милициянын маалыматына караганда, быйыл сегиз ай ичинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 1277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Анын 355и Ош облусунда, 441и Жалал-Абадда, 481и Баткенде болгон. Жабыркагандардын 80% аялдар.

Милиция муну арыздардын көбөйгөнү, бул жаатта иштин жакшырганы катары баалап жатат. Бирок укук коргоочулар жабылуу бойдон калган фактылар көп экенин, коом зомбулукту актаган, аны кечирген түшүнүктөн арыла албай жатканын айтышат.

“Азаттык” Араван районунда күйөөсүнүн токмогунан башы жарылып, милицияга арыз жазган келин менен маектешти.

"Башымды кармасам эле кан экен. Баары жогум кан болуп кетти. Башым жарылды, белиме темир менен менен дагы чапты. Үч жылдан бери ушинтип сабап келаткан. Акыры милицияга бердим. Башында ур-тепкиге алса, туура эмес сүйлөп койдумбу деп кайра өзүмдү күнөөлөп, кечирим сурап да жүрдүм. "Кет, жогол" деп урушуп, зөөкүрлүгү токтобогонунан милицияга кайрылдым", - деди ал. Аты-жөнүн ачык айтууну каалаган жок.

Жабыгып турган келиндин ишин милиция текшерип, көзөмөлгө алган.


Ош облусунда катталган 355 фактынын 51и Араванда болгон. Алардын арасынан 40ка жакын аялга коргоо ордери берилген. Райондук милициянын башчысы Уланбек Кубатбеков мындай маалыматтарды бөлүштү:

"Райондогу маалелерде кандайдыр бир кырдаал же окуя болуп кетсе, сыртка чыгарбаганга аракет кылышат. "Милиция билип калбасын, жергиликтүү бийликке жетип калбасын" деп, өз ара ошол жерден ишти жапканга аракет кылышат. Ошол себептен айрым учурларда маалыматтар жетпей калат. Бирок бизге жеткен маалыматтарды тактап, иш алып барып жатабыз. Зордук-зомбулук милициянын эле көйгөйү болбошу керек. Жергиликтүү бийлик, райондук бийлик, эл дагы бул көрүнүштү токтотконго жардам бериши керек".

Ош облусунда телеканалдарда зордук-зомбулуктун алдын алууга, андай учурларда милицияга кайрылууга үндөгөн видеороликтер көргөзүлүүдө. Андай тасмалар Араван, Өзгөн райондорунда лэд экрандарга чыгарылганын облустук милициянын маалымат катчысы Чынара Сейитбекова айтты:

"Лэд экрандарга милиция тарабынан даярдалган "үй-бүлөдө зомбулук болсо эмне кылам?" аттуу видео тасмалар коюлуп жатат. Милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл аймактардагы жарандарга, мектеп окуучуларына зөөкүрлүктүн алдын алуу боюнча китепчелер таркатылууда. Кыргызстандагы негизги көйгөйгө айланган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көп катталып жатат. Айылдарда кордук көргөндөр милицияга кайрылбай койгон учурлар дагы бар. Ошондуктан бул иш-чаралар жүргүзүлүүдө".

Милициянын статистикасына таянсак, Баткен облусунда зомбулукка даттанып кайрылгандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 50% өстү.

Былтыр 200дөн ашык жаран арыз жазса, быйыл сегиз айда 481 кайрылуу түшкөнүн Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бышыктады.

"Аялдар өз укугун түшүнө баштады"

Ош шаарындагы Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун директору Гүлбара Кулуева акыркы учурдагы статистикалык көрсөткүчтүн өскөнүн мындайча түшүндүрдү:

"Бул жерде аялдар өзүнүн укугун түшүнө баштаганы негизги фактор болуп эсептелет. Илгери бизде менталитет бар эмес беле, "жабылуу аяк жабылуу эле калсын" деген. Ошол учурда турмушка чыктыңбы, баш кошкон адамың менен чыдап жашаш керек деген түшүнүк болсо, бүгүнкү күндө аялдардын көз карашы өзгөрүлүп жатат. Ар ким татыктуу жашоого укуктуу. Ошондуктан аялдар укук коргоо органдарына кайрылып, бул көрүнүштөр ачыкталып жатат".

Көбүнчө жакындары тосуп койгондуктан, кордукка кабылган келиндер ажырашпайт же милицияга арыз жазбайт. Адистер бул жагдайдын кесепети оор болорун эскертип келишет.

"Кордук көрүп, кайра жашай бергендин кесепети суицидге алып барышы толук мүмкүн. Анткени аны эч ким укпайт, өзүнүн туугандары, ата-энеси дагы түшүнбөйт. Ошондо айласы кеткен аял өзүнүн жанын кыйгандан башка жолду көрбөй калат. Андыктан үй-бүлөнү жараштырабыз деген механизм да кээде туура эмес болуп калып жатат. Аялдардын кордолушунун дагы бир себеби - эрте турмушка берүү. Жапжаш кыз турмушка чыккандан кийин "жашоо ушундай болот турбайбы" деп мөгдүрөп баш ийип калып жатат. Келинди күйөөсү да, кайын журту да кысымга алган көрүнүштөр бар", - деди Гүлбара Кулуева.

Кыздарды зордук-зомбулуктан кантип коргойбуз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:30 0:00

ИИМ баштаган укук оргоо органдары адатта өз кызматкерлеринин зомбулугу тууралуу маалыматтарды бербейт. Ошондуктан бул багытта так статистика жок.

Биз ачык булактардагы мындай окуялардын айрымдарын тактадык:

2021-жылы декабрь айында Таласта милиция кызматкери аялын сабагандан кийин көз жумган.

2022-жылы июнь айында Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге милицияда иштеген мурдагы күйөөсү терезеси аркылуу кирип, сабап, баласын көтөрүп качып кеткен.

2022-жылы декабрда Ошто аялын сабаган деген милиция кызматкери алдын ала териштирүү учурунда аны ур-токмокко албаганын, болгону түртүп койгонун айткан.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова укук коргоо органдарында иштеген күйөөлөрүнөн зомбулук көргөнүн айтып кайрылган аялдар арбын экенин тастыктады:

"Бизге келген келиндердин көбүн атайын кызматта, милицияда иштеген күйөөлөрү сабаганын айтышат. Бир келинди күйөөсү колуна кишен салып, жылыткычка чиркеп койгонун айтып берген. Дагы бир келинди гиря көтөртүп отургузуп, тургузуп мазактаган. Бул окуялар күйөөсү укук коргоо органдарында иштегендерде болгон. Алар иш учурундагы агрессиясын аялынан чыгарганы өтө жаман. Жумуштагы стрессти ушундай жол менен чыгарганы аларды эч убакта актабайт. Тескерисинче, булар менен психологдор иштешип, агрессия болуп, кыжыры кайнап турганда эмне кылса болот деген көнүгүүлөрдү үйрөтүү зарыл. Болбосо мындай көрүнүштү токтотуу кыйын. Милицияда, атайын кызматта же аскер кызматында иштегендер күнү-түнү жумушта, алар дайыма бардык нерсеге даяр турушу зарыл. Чоң кылмыштардын бетин ачууга эмне деген эмгек, ресурс жана нерв кетет. Буларга мындай иште жүргөнү үчүн психологиялык колдоо көрсөтүлүшү зарыл. Андай көмөктү бир гана адис бере алат".

Аялдардын өзүн күнөөлөгөн коом, тыйылбаган зомбулук

Психолог Адинай Жапаралиева зомбулукка кабылган аялдар коомдогу, үй-бүлөдөгү кыз-келиндердин өздөрүн күнөөлөгөн басымдан улам да ачыкка чыкпай, таякка чыдап жүрө берерин айтууда:

"Биздин коомдогу аялдардын көбүн күйөөлөрү иштетпейт же болбосо келиндердин көбү бала төрөп, үйдө отуруп калат. Ошондуктан алар иштеп, акча таап келип аткан күйөөсүнөн көз каранды болуп калышат. Балдары менен кетип калайын десе, барар жери жок, андан сырткары туугандары колдобойт. Зордук көргөн аял окуясын ачык айтып чыкса, колдоодон мурда сын көбүрөөк болот. Көбү "тилинен кеткен", "өзү күнөөлүү" деп айтышат. Күйөөсү улам уруп-согуп атып аялдын жашоодогу эркин сындырып коёт. Тагыраагы, аял алсыз, өзүн коргой албаган адамга айланат. Жолдошунан кетсе, жашай албай калам деп коркот. Күйөөсү укук коргоо органдары же аскер кызматында иштеген болсо, арыз менен кайрылган күндө да андан жыйынтык чыкпайт деп ойлошот. Аял айтканга даяр болуп турган күндө да ортодо балдары үчүн көйгөйүн ачык айтпайт. Алар "укук коргоо кызматкери аялын кордоду" дегенде кийин күйөөсү жумуштан айдалып калып, бул үчүн аны балдары күнөөлөйт дешет".

Кыргызстанда 2010-жылдан бери 1100дөн ашуун аял каза болсо, анын үчтөн бири фемицид курмандыгы болгон.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун 2023-жыл үчүн даярдаган отчётунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева буга чейин зомбулук жана башка фактылар боюнча чара көрбөй койду деп укук коргоо органдарына нааразы болгон кайрылуулар көп экенин "Азаттыкка" билдирген.

XS
SM
MD
LG