Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Ташкентке сапары эки күнгө созулат.
Президенттикке киришкен үчүнчү жылында мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барган Жапаровдун бул жолку сапарында Борбор Азиядагы ири коңшу менен экономикалык алаканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды. Муну менен катар, кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар менен коштолот.
Сапардын алгачкы күнүндө эки президент кыргыз-өзбек долбоорлорун ишке киргизүү аземдерине катышты. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеев онлайн форматта кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа заводунун ачылышын жасашты.
Ошондой эле, Кара-Балта шаарындагы кездеме жана тигүү-трикотаж буюмдарын чыгаруучу заводдун ишине старт берилди. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 17 миң тонна трикотаж кездеме жана 7 миллион даана трикотаж продукциясын чыгарууга эсептелген.
Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясы менен Кыргызстанды камсыз кылууга багытталган Өзбекстандын Фергана жана Наманган облустарында ар биринин кубаттуулугу 200 МВт болгон эки фотоэлектр станциясынын курулушу башталды.
Мамлекеттик сапардын биринчи күнүндө президенттердин биргелешкен билдирүүсү баштаган 12 документке кол коюлганы кабарланды.
Заводдун автоунааларын жайылтуунун жолдору: утилжыйым жана автолизинг
Кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводун куруу келишими мындан бир жыл мурда, 2023-жылдын январь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн.
Макулдашууга Кыргызстан тараптан “ДТ “Техник” жана “Нур” компаниялары, ал эми Өзбекстан тараптан “Узавтосаноат” холдинги катышууда.
Кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводу расмий түрдө "Тулпар Моторс" деп аталат. Чүйдүн Москва районунда жайгашкан бул заводду ишке берүү иш-чарасы буга чейин бир нече жолу жылдырылып келген болчу.
Завод беш гектарга чукул жерге курулуп, 19 миң чарчы метр аянтты ээлей турганы маалымдалган.
Бул заводдо алты жыл ичинде 30 миң автоунаа чыгаруу мерчемделүүдө. Жалпысынан 2000 жумуш оруну түзүлөт. Ишкана унаанын 12 моделин чыгарары жарыяланган.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, заводдун наркы, жер тилкесин жана башка инфратүзүмдөрдү кошпогондо, 2,5 миллиондон 5 млн долларга чейин турат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 50 млн доллар экени да жарыяланган.
Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова автоунаа заводунун ачылыш аземинде сүйлөп жатып буларды билдирди.
“Жыл ичинде долбоордун өнөктөштөрү тарабынан да, Кыргызстандын Министрлер кабинети тарабынан да чоң иштер аткарылып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен, жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү боюнча бир топ иш-чараларды аткарган. Мисалы, белгилеп кетсек, автотранспорт каражаттарын жөнөкөйлөштүргөн сертификациялоону киргизүү, бажы-салык преференцияларын берүү, транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жана жеңилдетилген автокредитти ишке киргизүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларда жеңилдиктерди берүү”.
Министрдин орун басары “автоунаа куруу чөйрөсүндө жагымдуу шарттарды түзүү жана атамекендик автоөнөр жайын колдоо максатында утилдештирүү жыйымдарын киргизүү жана атамекендик транспорт каражаттарын лизингге берүү маселелери” пландалып жатканын кошумчалады.
"Өзбекстандын унаа заводун ачуу Кыргызстанга пайда алып келбейт"
Негизи эле 2020-жылы бийликке келген Садыр Жапаров өндүрүштү жолго коюу жаатында Өзбекстанды үлгү катары сыпаттап келет. Буга чейин президенттин Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ача албай жүргөндө Өзбекстан өндүрүштү жолго коюп, 30 жылга алдыга кетти деген билдирүүсү талкууларга жол ачкан эле.
Экономикалык эксперттер чөйрөсүндө автоунаа заводун куруу долбоору Өзбекстан үчүн кызылдай пайда болсо, Кыргызстан үчүн курулай даңазага гана жарап бере алат деген пикирлер бар. Технологиялык жактан заман агымына жетише албай келатканын жакшы түшүнгөн Өзбекстандын унаа өндүрүшү Кыргызстандан жана Евразия экономикалык биримдигинен рынок издейт. Ал эми атаандаштыгы жок өзбек унаасы үчүн көптөгөн жеңилдиктерди түзүп берип экономикалык жактан уттуруп жатканын элес албаган Кыргызстан болсо завод куруу даңазасын кууп барат деген көз караштар айтылып келет.
Инвестициялар боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу Өзбекстан өкмөтү соода-сатыкта өз ишкерлерине ар тараптуу колдоолорду көрсөтөрүн айтат. Атамекендик продукцияларын экспортко чыгарууда көптөгөн жеңилдиктер жана финансылык колдоолор каралган. Адис жаңы ачылган Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун дагы башкы вазыйпасы ошого арналганын белгилейт.
“Өзбекстанда экспортко башка, импортко башка мамиле жасалат. Мисалы, ал жакка бир товарды алып кирүү абдан чоң түйшүк менен жүрөт – текшерүү, кагаз алуу же тариф саясаты менен кыргыз ишкерлери үчүн бир топ тоскоолдуктар, кыйынчылыктар бар. Мен ойлойм, президенттин ошол жакка кезектеги сапары ушундай маселелерди чечүүгө арналышы кажет. Албетте, ал маселелер көтөрүлөт болуш керек. Мындан тышкары, энергетика маселеси акыркы убактарда алдыңкы орунга чыгып жатат. Климаттык жактан Кыргызстандын артыкчылыгы бар. Ошону дагы туура колдоно билиш зарыл. Ошол артыкчылыкты дагы жөн эле карматып койбостон, соода саясатында биз тарапка кандайдыр бир жеңилдиктерге жетишип, макулдашууларга барыш керек. Биздин президент да муну түшүнүп, туура чечимдерге барат го деп ойлойм. Бирок, ошол эле учурда айрым учурлар болуп турат. Мисалы, биздеги биргелешкен инвестициялык долбоорлорду алып карасак, Өзбекстанда өндүрүлгөн автоунааларды, автобустарды бул жакка алып келип кайра чогултуп, жеңилдетилген түрдө сатуу биз үчүн көп пайда бербейт. Муну экономисттер жакшы билет, кошумча нарк азыраак түшөт. Негизги пайда өзбек тарапка кетет”.
Расмий жарыялангандай, долбоорду ишке ашыруу үч этаптан турат.
Биринчисинде ири түйүндүү жыйноонун негизинде жылына үч миң автоунаа чыгарылат. Мында Өзбекстандан даяр ири бөлүктөр түрүндө алып келинип, заводдо жыйналат. Бул этапта 300 жумуш орун түзүлөт.
Экинчи этабында жылына 10 миң автоунаа чыгарып, унаа бөлүктөрүн Кыргызстанда чыгара башташат. Заводдо 500 жумушчу иштеп калат.
Үчүнчү этабында майда түйүндүү жыйноонун негизинде жылына 30 миңге чейин автоунаа чыгарылат. Мында технологиялык операциялар көбөйөт жана унаанын кузовун ширетип, сырдап башташат. Жумушчулардын саны миңге чейин жетет.
Экономикалык кызматташтык жана саясий кызыкчылыктар
2023-жылдын май айында унаа заводдун курулушун баштап жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуунун багыттарын тизмектеп айтып берген.
“Мега долбоорубуз “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу, 1860 мегаватт. Чаткалда эки ГЭСти куруу – 1800 мегаватт. Мультимодалдык транспорттук каттамдарды өнүктүрүү. Айыл чарба жаатында жана башка багыттарда олуттуу кызматташтыктар жүрүүдө. Шавкат Миромоновичтин идеясын колдоп, туризм тармагындагы Борбор Азиядагы шенген визабызды аягына чыгарып алып, бул жерде дагы бир топ алдыга жылабыз деген пландарыбыз бар. Мындан тышкары, баштапкы уставдык капиталы 50 млн долларды түзгөн Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду ишке кирди. Бул фонддун долбоорлоруна ишкерлерди активдүү катышууга чакырабыз”.
Кыргызстан менен Өзбекстанды тыгыз соода алакасынан тышкары, трансчекаралык дарыялар, транспорттук жана энергетикалык тармактагы инфратүзүмдүк долбоорлор да бириктирип турат.
Кыргызстандын тышкы соода алакасында Өзбекстан Кытай, Орусия жана Казакстандан кийинки төртүнчү орундагы ири соода өнөктөшү болуп эсептелет.
2024-жылдын январь-май айларындагы эсеп боюнча, Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара соода жүгүртүүсү 286 млн доллар болгон. Кыргызстандын экспортунун 1/10 (ондон бири) Өзбекстанга кетет. Ал жакка негизинен азык-түлүк, көмүр, курулуш материалдары, турмуш-тиричилик техникасы, автоунаа жана анын тетиктери сатылат. Импорттун өзөгүн айыл-чарба азыктары, жер семирткичтер, дары-дармек, жеңи өнөр жай продукциялары, курулуш материалдары, айыл-чарба жабдыктары, автоунаа жана анын тетиктери түзөт.
Кыргызстандын Өзбекстундагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги жана өз ара пайдасы тууралуу буларды айтып берди.
“Башында биздин товар жүгүртүү 250-300 млн доллардын гана тегерегинде болсо, мен баргандан кийин 500 миллионго тапшырма коюлган. 500 миллионго чыгаргандан кийин, 1 млрдга тапшырма берилди. Ал дагы аткарылгандан кийин, азыр 2 млрдга көтөрүү маселеси каралып жатат. Мен ойлойм, 2 млрдды дагы тез эле жетишсе болот. Себеби, азыр 15 көзөмөл-өткөрүү пункттарынын бардыгы ачылып бүткөн, жолдор ачык. Анан, биздин өзбек туугандар үчүн биз аркылуу Бажы биримдигинде турган башка өлкөлөргө чыкканга жол бар. Ошондуктан дагы жакшы өнүгүү болот. Эгерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтүп калгандан кийин транзиттик жүк өткөрүүдө мындан дагы чоң жыйынтыктарга жетишебиз”.
Кыргыз-өзбек бийликтеринин экономикалык күн тартипти алдыга чыгарып жатканынын башка да жөнү бар. Мурдараак эки өлкөнүн мамилесин аныктоодогу негизги фактор болгон чек ара маселеси толук чечилген эле.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин мындан бир жыл мурунку Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге да кол коюлган. Келишимди расмий тараптар “Суу сактагычты биргелешип башкаруу” деп атаган. Арийне, бир катар оппозициялык саясатчылар менен жарандык коомдун өкүлдөрү суу сактагыч 4400 гектар жери менен кошо Кыргызстандын тарыхый менчигинен чыгып, Өзбекстанга өтүп кетти деп эсептеп келет. Анын айынан 27 саясатчы жана жарандык активист 1 жыл 8 ай тергөө абагында жатып, июнь айында райондук соттун чечими менен абактан чыккан.