Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Кыргыз экономикасындагы секириктин төркүнү кайда?


Кыргызстандагы заводдордун бири.
Кыргызстандагы заводдордун бири.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын экономикасы акыркы жарым жылда 8,1% өсүштү көрсөткөнүн жарыялады. Эң көп өсүш курулуш жана соода тармагында болгон. Ал эми өнөр жайда өсүш бир кыйла жайлап кеткен. Бул көрсөткүч эмненин эсебинен болду жана себептери кандай?

Улуттук статистика комитети 2024-жылы июнь айында Кыргызстандын экономикасы 560 млрд сомго чукулдап, 8,1% өскөнүн жарыялады. "Кумтөр” кенинин үлүшүн кошкондо, өсүү 9,9% болгон. Кыргыз өкмөтү бул көрсөткүчтү ийгилик катары сыпаттап, соңку жылдардагы эң жогорку жетишкендик деп атады. Ички дүң продуктунун өсүшү товардык өндүрүш, тейлөө тармактары жана продукттарга болгон салыктардын эсебинен болгон.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева 10-июлда берген маалымат жыйынында мына буларга токтолду:

“2024-жылдын январь-июнунда ички дүң өнүмүнүн көлөмү, алдын ала баалоо боюнча, 560 миллиардга жакын сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү. Мында товар өндүрүү тармактарынын, тейлөө чөйрөсүнүн жана продукцияларга салыктын көлөмүнүн көбөйүшү ИДӨнүн өсүшүнө таасир этти. ИДӨнүн түзүмүндөгү эң көп үлүш тейлөө тармактарына туура келди. Алардын жалпы көлөмү 52% жакындады. Өнөр жайдын үлүшү 17%, айыл чарбаныкы 6% жана курулуштуку 6% жакындады”.

Эң көп өсүш курулуш тармагында болуп, мурунку жылдын жарым жылдыгына караганда 48,5% көбөйгөн. Дүң жана чекене соода 21%, айыл чарбасы 3,3% өскөн. Ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү январь айынан бери басаңдап отуруп, июнь айында 1% өсүүнү түзгөн.

Ошол эле маалда, керектөө бааларынын жана тарифтердин кымбатташы орточо 2,4% түздү. Алкогол ичимдиктер менен тамекинин баасы 6,1%, азык-түлүк эмес товарлар 1,8%, тамак-аш азыктары 1,5% жана калкты тейлөө тарифтери 3,6% жогорулаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн айда Бишкектеги иш - чаралардын бирине катышканда экономикалык өсүштүн сырларын мындайча чечмелеген:

“Баарынан мурда, биздин ийгилигибиздин негизи фискалдык тартипти күчөтүү, туура акча-насыя саясатын жана экономикалык реформаларды жүргүзүү аркылуу макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөөдө турат. Биз коррупция жана мыйзамсыз финансылык агымдар менен күрөштү улантабыз. Мында бизге мамлекеттик финансыны жана активдерин башкарууну жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды жайылтуу жардамга келет. Экономикалык өсүшкө дем берүү үчүн кичи жана орто ишкерликти колдоо механизми иштелип чыгып, ишке киргизилүүдө. Мындан ары да фискалдык тартипти жакшыртуу, бюджеттин ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун камсыздоо зарыл”.

Улуттук статистика комитети 2023-жылы ИДПнын өсүшү 6,2% болгонун билдирген. Акылбек Жапаров экономикадагы өсүш жыл сайын 10 пайыздан кем болбошу керектигин, ИДӨнү 2030-жылга карай 30 млрд долларга жеткирүү зарылдыгын билдирип келет.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрүнө тийгизген бир катар факторлорду санап өттү. Арийне, кымбатчылыктын ашкере жүгү калктын жашоосун дагы деле оор бойдон калтырып жатканын белгиледи:

“Негизи өсүш экспорт, реэкспорт, жеңил өнөр жай, өндүрүш тармактарында болуп жатат. Өндүрүш жанданып жаткансыйт. Андан сырткары, курулушта кичинекей өсүш көрүнөт. Негизи, өсүш мамлекеттик коротуулар менен эсептелинет. Бюджеттен, улуттук резервдерден, инвесторлор алып келген акчадан көбүнчө курулуш менен инфратүзүмдүк долбоорлор каржыланып жатат. Андан сырткары дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан инфляция, акча кунунун түшүшү жана кымбатчылыктын өсүшү, М2 акчалай массанын жогорулашы – ушунун баары азыркы экономикалык өсүүнүн көрсөткүчтөрүнө кандайдыр бир таасирин тийгизип жатат. Экономика чын эле өнүгүп, көтөрүлүп келаткансыйт. Бирок инфляция өскөн сайын жашоо да кымбаттап, баалар да өсүп баратканын унутпашыбыз керек. Эгерде экономика өсүп келаткандай көрүнсө, элдин калың массасына акча жетишпегендей болуп кала берет”.

Бул тапта кыргыз экономикасынын жогору көрсөткүчүнүн себептерин башка жагдайдан көргөн талдоочулар да бар.

Евразиялык турукташтыруу жана өнүгүү фонду 9-июлда чейректик баяндамасын жарыялап, анда кыргыз экономикасынын өнүгүүсүнө Орусия фактору олуттуу таасир эткенин билдирген. Уюмдун башкы экономисти Сергей Улатов өсүштүн болжол менен 3% Орусиядан келген эмгек менен капиталдын агымы жана жарыш импортко байланыштуу экономикалык процесстердин өзгөрүшү менен түшүндүрүлөрүн айткан. Эксперт Кыргызстандын улуттук статистикасы реалдуулукту толук чагылдыра албайт деп белгилеген. Уюм 2024-жылдын жыйынтыгында экономикалык өсүш 4,8%, ал эми 2026-жылы 4% болорун божомолдойт.

Дагы бир эл аралык уюм – Дүйнөлүк банк июнь айында жарыялаган баяндамасында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2024-жылы мурдагыдан бир аз басаңдап, 4,5% болот деп божомолдогон. Андан кийинки жылдарда да төмөндөө тенденциясын көрсөтөт.

Уюмдун баяндамасында Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык арышка тоскоол боло турган жагдайлар боюнча мындайча жазылган:

“Орусиянын Украинага басып киришине байланышкан геосаясий чыңалуу, жаңжалдын кесепетинин сакталуу ыктымалдыгы менен анын жайылуу тобокелдиги чөлкөм үчүн келечекти бүдөмүк кылат. Мындан тышкары, чөлкөмдө саясий арасат абал сакталып келет. Соода чектөөлөрүнүн күчөшү соңку жылдардагы экспорттун кыскарып жаткан чагында соода-сатыктын дагы да басаңдашына жана экономикалык өсүүнүн токтошуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле аба ырайындагы кубулуштардын күчөп баратышы да өнүгүүгө тескери таасир тийгизет. Инфляция соңку кездери жайлап калды, бирок Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын жайылышы энергия ресурстарынын кымбатташына алып келиши ыктымал. Айлык акынын күткөндөн да ишенимдүү өсүп жатышы дагы инфляциялык басымды күчөтөт”.

Кыргыз өкмөтү алдыдагы жылдарда “Камбар-Ата” баштаган гидроэнергетикалык станцияларды жана Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырып алса, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү 10 пайыздан кем эмес ылдамдыкта арыш алат деп үмүт артып келет. Мындан тышкары, Кызыл-Омполдогу уран камтылган титаномагнетит кенин иштетип алса, Кыргызстанды өнүгүүнүн жаңы доору күтүп турарын убада кылууда.

XS
SM
MD
LG