Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:44

Иликтөө: Кадыровдун кандуу бийлиги жана жашыруун аялдары, балдары


 Рамзан Кадыровдун үй-бүлөсү жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Коллаж
Рамзан Кадыровдун үй-бүлөсү жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Коллаж

"Проект" басылмасы Кадыровдор Чеченстанда бийликке ФСБнын жана кылмыштуу топтун ортомчулугу менен келгенин иликтеп чыкты. Иликтөө “Киши өлтүрүүлөр, жашы жете электердин гареми жана Рамзан Кадыровдун мураскорлорунун сыры” деп аталат.

Чеченстан бийлиги Кадыровдордун үй-бүлөсүнө 1999-жылы Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) ошол кездеги төрагасынын орун басары Герман Угрюмов жана Lazania деп аталган кылмыштуу топтун лидери Мовлади Атлангериев катышкан кеңешүүлөрдөн кийин тийгенин "Проект" басылмасы иликтеп чыкты.

Журналисттер аныктагандай, орусиялык атайын кызмат Чеченстандын болочок жетекчиси кызматына талапкерди ошол жылдын жай айларына чейин, Дагстандагы жана Чеченстандагы кармаштар баштала электе эле издей баштаган.

Жумуриятты Аслан Масхадовдун ордуна ким башкара алат дегендердин арасында Чеченстандын ошол кездеги башкы муфтийи, азыркы жетекчи Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыров болгон. Бардык талапкерлер арасынан жалгыз ошол киши гана Орусиянын атайын кызматы койгон шарттарга макулдугун билдирген.

ФСБ төрагасынын орун басары Герман Угрюмов менен жолугушууга аны Мовлади Атлангериев алып барат. Бул киши өзүнүн ырайымсыз кылмыштары менен белгилүү болгон Lazania деген чеченстандык кылмыштуу топтун лидери болчу. Журналисттердин айтымында, бул топ Федералык коопсуздук кызматы менен байланышта болуп турган. Дал ошондуктан атайын кызмат Чеченстанга жаңы башчы издөө милдетин бул топтун лидери Атлангериевге тапшырган.

"Алардын [Кадыровдун жана Угрюмовдун] алгачкы жолугушуулары Атлангериевдин Махачкала шаарындагы батиринде өтүп турган, кийин Кадыровду Атлангериевдин Москванын Тверь көчөсүндө жайгашкан батирине алып барышат. Ошол жерден аны Путин менен сүйлөшүүлөргө алып барышчу", – деп жазды "Проект".

Ахмат (алдыда) жана Рамзан Кадыров, 2004-жыл.
Ахмат (алдыда) жана Рамзан Кадыров, 2004-жыл.

Кремлдин Чеченстанды башкаруу сунушуна Ахмат Кадыров, журналисттер жазгандай, чоң сыйлык: ири шаарлардын биринде (Новороссийск сунушталган) эч тоскоолдуксуз рэкетчилик жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн, беш миллион доллар накталай акча жана Сочиде кымбат баалуу үйдө жашоону сунуш кылышканда макул болгон.

Ахмат Кадыров Чеченстандын башчысы болуп дайындалгандан кийин, журналисттер белгилегендей, ФСБ менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө катышкандардын көпчүлүгү түрдүү жагдайда каза болушкан.

"Атлангериевди 2008-жылы Рамзан Кадыровдун адамдары уурдап кетип, Чеченстандан өлтүрүшкөн деген божомол бар. Кремль менен 1999-жылдагы сүйлөшүүлөргө катышып келген белгилүү чечендердин бири, бизнесмен Зия Бажаев көп өтпөй учак кырсыгынан каза болгон. Рамзан Кадыровдун адамдары мурдагы талаа командирлери, Кремль Ахмад Кадыровго чейин кайрылган ага-ини Руслан жана Сулим Ямадаевдерди өлтүрүшкөн. Акыры, Путиндин башкаруусунун алгачкы жылдарында Герман Угрюмов да күтүлбөгөн жерден каза тапкан", – дейт журналисттер.

2000-жылы июнда Владимир Путин Ахмат Кадыровду Чечен Республикасынын администрация башчысы кылып дайындаган, ал эми 2003-жылы ал президенти болуп шайланган. Бирок бир жылдан кийин Грозный шаарындагы "Динамо" стадионунда болгон теракт учурунда көз жумган.

"Проект" басылмасынын иликтөөсүндө белгиленгендей, Ахмат Кадыровго кол салуу атайын уюштурулган болушу да ыктымал.

Журналисттердин маалыматына караганда, Чеченстандын президенти менен Кремлдин ортосундагы мамиле орус бийлиги Чеченстандан казылган мунайды сатуудан түшкөн кирешени Грозныйга которуудан баш тарткандан кийин начарлап кеткен. Иликтөөдөгү маалымат булагы эскерип айтып бергендей, Москвадагы акыркы сапарларынын биринен кайткандан кийин Кадыров ачууланып, жанында коштоп жүргөн адамдарга "экинчи ал жакка барбайм" деп айткан. Ошол эле учурда, иликтөө жүргүзгөн кабарчылар тактагандай, анын уулу Рамзан Кадыровдун Москва менен мамилеси жакшыра баштаган.

Кабарчылар Ахмат Кадыровдун өмүрүн алган теракт кылдат даярдалганына көңүл бурушту. Иликтөөдө айтылгандай, бул кол салууну уюштурган жана ишке ашырган адамдар чечен президенти стадионго качан барарынын убактысын, трибунадагы кайсы жерге барып отурарын так билишкен. Жарылуу дал ошол жерде болуп, Ахмат Кадыров жана жергиликтүү Мамлекеттик кеңештин башчысы Хусейн Исаевдин өмүрү кыйылган.

Иликтөө жүргүзгөн кабарчылар көңүл бурган дагы бир жагдай – окуя болгон учурда атасынын, республика президентинин коопсуздук кызматынын башчысы деген милдетти аткарып келаткан Рамзан Кадыров дал ошол кезде анын жанында жок болчу. "Кайсы бир белгисиз себептерден улам ал ошол учурда Москвада жүргөн, Грозныйдагы жарылуудан кийин дароо эле ошол жерден атайын кызматтын коргоосу астында Кремлге, Путин менен жолугушууга жеткирилген", – деп айтылды иликтөөдө.

Иликтөөчү журналисттер ошондой эле Рамзан Кадыровдун бир тууганы Зелимхан Кадыров атасы каза болгондон үч жума өткөндөн кийинки көз жумганы тууралуу да жазышты. Ал жүрөгү кармап каза болгону айтылган. Бирок Зелимхан Кадыровду жакындан тааныган адамдар айтып бергендей, ага-ини дайым чырдашып келишкен, бир күнү Зелимхан үйүнөн тыңшоочу аппарат да таап алганы белгилүү болгон.

Рамзан Кадыров (оңдо) бир тууганы Зелимхан Кадыров менен.
Рамзан Кадыров (оңдо) бир тууганы Зелимхан Кадыров менен.

Рамзандын аялдары менен балдары

Рамзан Кадыровдун бийликке келиши анын оппоненттери туш болгон бир катар кайгылуу окуялар менен коштолду. Мисалы, 2003-жылы сентябрь айында Чеченстан өкмөтүнүн башчысы Анатолий Попов катуу ууланган, ал эми 2005-жылы республиканын премьер-министри Сергей Абрамов оор жол кырсыгына кабылган. Ошол эле жылы Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рудник Дудаев өрт кырсыгынан каза болгон. Журналисттер белгилегендей, мына ушул өлүм жана трагедия менен коштолгон окуялардын баарында жалгыз гана Рамзан Кадыров "пайда" көргөн.

Чечен согушу маалында Ахмат Кадыров Орусия тааныбаган Ичкерия жумуриятынын муфтийи болуп турган, жикчилер тарапта согушуп жүргөн, бирок Орусия тарапка өтүп кеткен. Ага Орусиянын Баатыры наамы 2004-жылы 9-майда эртең менен Жеңиш күнүнө карата концерт өтүп жаткан Грозныйдагы "Динамо" стадионунда өлтүрүлгөндөн кийин ыйгарылган. Ошол күнү стадиондун борбордук трибунасында жарылуу болгон. Ошол эле 2004-жылы, атасы өлгөндөн кийин Орусиянын Баатыры деген наам Рамзан Кадыровго да ыйгарылган.

"Проект" жазгандай, Рамзан Кадыровдун уулу Адамдын коопсуздугуна жана аны тарбиялоого жооптуу эки киши да каза болгону тастыкталды. Алардын бири Абдулкерим Эдилов Кадыровдун уулунун спорттук тарбиясы үчүн жооптуу болчу. Анын өлүмү тууралуу маалыматты иликтөөчү кабарчылар мамлекеттик реестр аркылуу тастыктай алышты. Ал эми Мурат Агмерзоев аттуу коопсуздук кызматкери 2022-жылдын соңунда жоголгон бойдон алигүнчө дайынсыз.

Адам Кадыровду, журналисттер жазгандай, 2008-жылы Замира Жабраилова төрөгөн, ошол кезде ал болгону 16 жашта болчу. Иликтөөдө айтылгандай, Рамзан Кадыров жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнашта болгону тууралуу бир нече маалымат бар. Фатима Хазуева Кадыровдон кош бойлуу болгон учурда 14 жашта болчу. Кийин ал Эли деген уул төрөгөн. Жалпысынан Хазуева төрт бала, Жабраилова бир бала төрөп беришкен, дагы бир баланын энеси ырчы Аминат Ахмадова. Басылманын маалыматына караганда, Кадыровдун бардык балдары аларды төрөгөн энелери ким экенин билишет жана алар менен өзүнчө үйлөрдө жашай алышат, бирок коомдук иш-чараларда алардын баарын жубайы Медни экөөнүн балдары деп тааныштырышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG