Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Рамзан Кадыровдун үй-бүлөсү тууралуу иликтөө жарыяланды


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Дүйшөмбүдө "Проект" басылмасы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана анын үй-бүлөсү боюнча иликтөө жарыялады. 2,5 сааттан ашык даректүү тасма “Киши өлтүрүүлөр, жашы жете электердин гареми жана Рамзан Кадыровдун мураскорлорунун сыры” деп аталат.

Иликтөөдө Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун Чеченстанда бийликке келиши баяндалып, анын өлүмү, Кадыровдун оппонеттери жана алардын балдарынын өлтүрүлүшү тууралуу сөз болот.

Чеченстандын мурдагы башкы муфтийи Ахмат Кадыров Орусиянын атайын кызматынын шарттарына макул болгон жалгыз жогорку даражалуу чечен өкүлү болгону айтылган.

Журналисттер Чеченстанда бюджеттик акчаны кымырып алуу схемаларынын чоо-жайын иликтешкен. Анда Чеченстандын бюджетине түшкөн федералдык каражаттар Кадыров көзөмөлдөгөн үч компания аркылуу чыгарылары аныкталган. Иликтөөдө Кадыровдун резонанстуу саясий киши өлтүрүүлөргө да катыштыгы болушу мүмкүн деп белгиленет.

Долбоордун журналисттери Кадыровдун жашы жете элек ондогон токолдору болгонун, алардын бири 15 жашында көз жарганын жазышкан.

"Свобода" радиосу азырынча Кадыровдон жана анын өкүлдөрүнөн бул иликтөөгө реакция боло электигин жазды.

Орус бийлиги Владимир Путин жана анын жакын чөйрөсү тууралуу жана башка ондогон иликтөөлөрдү жарыялап келген "Проект" басылмасын “жагымсыз уюм” катары тааныган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG