Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

ЧЕЧЕН ПРЕЗИДЕНТИ КАДЫРОВДУН ӨЛҮМҮ ЖӨНҮНДӨГҮ КАБАР РАСМИЙ ТАСТЫКТАЛДЫ


Бүгүн эртең менен Чеченстандын баш калаасы Грозныйда 9-майга арналган майрамдык салтанат өтүп жаткан стадиондо жардыруу болду. Кол салуудан жумурияттын жетекчиси Ахмад Кадыров набыт болду. Түндүк Кавказдагы аскерлердин командачысы, генерал Валерий Баранов оор жаракат алды.

Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Чечен президенти Ахмад Кадыров жетекчилик отурган трибунага коюлган минанын жарылуусунан алган жаракаттан көз жумганын тастыктады:

- Төрт жылдан бери Чечен жумуриятынын президенти Ахмад Хажы Кадыров өз кызматын татыктуу жана эрдик менен аткарып келген. Ал чыныгы карман адам эле. Чечен эли менен бандиттер жана террористтер ортосунда эч кандай байланыш жок экенин далилдеген.

Жумурияттын премьер-министри Сергей Абрамов мамлекет башчынын кызматын убактылуу аткарып турмакчы.

Россиянын расмий өкүлдөрү ырастагандай, дарыгерлер генерал Барановдун өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат. Буга чейин, айрым булактар генералдын өлүмү жөнүндө кабарлашкан эле.

Терракттан бардыгы болуп кеминде 14 киши (айрым маалыматтарда – беш киши) набыт болду, 40тайы жаракат алды.

Президент Путин адилеттик жеңет, күнөлүүлөр жазаланат деп ынандырды.

Жергиликтүү сыналгы каналдары кол салуу тартылып алынган тасманы көрсөттү. Мина жумурияттын жетекчилиги, аскерий командачылык жана жогорку даражалуу коноктор отурган трибунанын астында жарылган.

Чукул кырдаалдар министрлигинин офицери Cергей Кожемяканын ырастоосунда, стадиондогу эл жардыруудан кийин дароо эвакуацияланды. Трибунанын жанында жарылбай калган дагы бир мина табылган.

“Эхо Москвы” радиосу террактка байланыштуу бир нече шектүү киши кармалганын, алар азыр сурак берип жатканын маалымдады.

50 жаштагы Ахмат Кадыров мекенинен Борбор Азияга сүргүнгө айдалган үй-бүлөөдө туулган. Бир катар мусулман коллеждеринде билим алган. 1990-жылдардын ортосунда жикчилердин (сепаратисттердин) катарында федералдык бийликке каршы күрөшүп келген. 1996-жылы ал Чеченстандын муфтий болуп дайындалган. Экинчи чечен кампаниясы башталган 1999-жылы болсо Кадыров Москва тарапка өтүп кеткен. Ошондон бери чечендердин арасында анын душмандары кескин көбөйгөн.

Жикчилердин лидери Аслан Масхадов Кадыровду жок кылуу чакырыгы менен чыккан. Ага жооп кайтарып, Кадыров Масхадовду террорчу деп атап, аны менен тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген.

Өткөн октябрда Кадыров президенттик шайлоодо утуп чыккан. Бирок шайлоо адилет болду деп эсептегендер аз.

Буга чейин да анын өмүрүнө бир нече ирет кол салуу уюштурулган.

Бүгүнкү кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок Москва бул жардыруу жикчилердин колунан келген карасанатайлык деп санайт.

XS
SM
MD
LG