Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:44

COVID-19 өлкө ичинде жуга баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-мартка карата Кыргызстанда коронавирус илдети жуккан эки жаӊы учур катталды. Ушуну менен илдет жуккандардын жалпы саны 44кө жетти.

Сырттан келгендер менен байланышта болуп, бул илдетти жугузуп алган алгачкы бейтаптар өлкөнүн ичинде да каттала баштады. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 25-мартта вирус аныкталган 44 бейтаптын 13ү ооруну өлкөнүн ичинде жугузуп алган.

25-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккан эки жаңы учур катталды. Экөө тең эркек, бирөө 60 жашта, экинчиси 35те. Алардын бири Дубайдан учуп келген. Ал эми экинчиси Испаниядан келген адамды тосуп алган жергиликтүү тургун экени маалым болду.

24-мартта бул ооруну Кыргызстандын аймагында жугузуп алган алгачкы 12 адам катталган. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар.

Өлкө ичинде бул илдетти жугузгандар сырттан ооруп келгендердин үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары, кошуналары жана достору экенин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымдады. 25-мартка карата вирус аныкталган 44 бейтаптын 13ү ооруну өлкөнүн ичинде жугузуп алышкан. Ал эми байланышта болгондордун баары катуу көзөмөлдөнүп жатат.

Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

«Ооругандар менен байланышта болгон адамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолсок, буга чейинки катталган 42 адам менен 283 үй-бүлө мүчө байланышта болгону такталган. Ошондой эле башка контакттар да бар. Башка байланыштар дегенде алар конокко келген туугандары, кошуналары, кесиптештери же достору сыяктуулар», - деди Айнура Акматова.

Буга чейин негизинен Сауд Арабиясына умрага баргандар, ошондой эле Франциядан келген бир адам ооруну өлкө сыртынан жугузуп алганы аныкталганы менен, Кыргызстанда жүрүп ооруп калгандар жок болчу. Ошондуктан адистер коронавирустун өлкө ичинде жукканы аныктала баштаганына өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Дарыгерлер башка өлкөлөрдүн мисалына таянып, өлкө аймагында оору бири-биринен жугуп, жайылуу коркунучу жогору экенин белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты, медицина илимдеринин доктору Альфия Самигуллина акыркы жагдайдын коркучун түшүндүрдү:

«Коркунучу, албетте, бар. Анткени биз вирусту адамдар бири-бирине жугузбагандай кылышыбыз керек болчу. Бирок алар чет өлкөдөн келип, коронавирус жугузуп алганын билбегени үчүн абдан көп адам менен байланышта болгон. Ооруну жугузуп алгандардын да маалыматы болгон эмес. Ошондуктан өлкө ичинде оорулуулар каттала баштады. Эми өзгөчө абал жарыяланганда көзөмөл күчөтүлүп, жарандар сыртка чыкпай калышса мындай коркунуч азаят деген ойдомун».

Чынында эле Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында Бишкек шаары баштаган бир катар аймактарда өзгөчө абал режими жарыяланды. Ага ылайык коменданттык саат киргизилип, адамдардын көчөгө чыгышына чектөө коюлду. Ушундан улам дарыгерлер өлкө жарандары үйдөн чыкпай, тааныш-катыш менен жолукпай гана ооруну ооздуктаса болорун айтышууда.

Анткен менен коронавирусту четтен жугузуп келген менен өлкө аймагында жугузуунун өзгөчөлүгү бар экени айтылууда. Ушуга байланыштуу учурда вирус баш бербей жаткан Италиянын мисалынан улам кооптонуу күч болууда. Ал тургай өлкө ичинде вирус жергиликтүү шартка ылайыкташып, жайылышы тездейт деген пикирлер да айтыла калып жүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульманологу Талант Сооронбаев мындай божомолдорду четке какты:

«Сырттан жугузабы же өлкө ичинде жугузабы, айырмасы деле жок. Бир эле вирус. Белгилери, ооруган адамдардын акыбалы бирдей эле. Алардын дарылоодо айырмачылык болбойт жана бир эле протокол колдонулат».

Ошентсе да учурда эң башкы милдет катары бул вирусту жайытпоо каралып жатат. АКШда иштеп жүргөн дарыгер, профессор Рысбек Абдылдаев «Азаттыктагы» маегинде кыргыз бийлиги бир катар чечкиндүү кадамдарга барышы керек экенин белгилеген:

Рысбек Абдылдаев.
Рысбек Абдылдаев.

«Башка мамлекеттерде ооруканаларды коронавирусту жугузгандарды гана жаткыра тургандай кылып өзгөртүп жатышат. Бизде да инфекциялык оорукананы же башкасын бошотуш керек. Шашылыш операциядан башкасынын баарын кийинкиге жылдыруу зарыл. Ал ооруканалар башка шартта иштеши абзел».

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан СOVID-19 илдетин же коронавирус жугузуп алган өлкөлөр менен адамдар күндөн күнгө кошулуп жатат.

АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин маалыматына ылайык, 25-мартка карата дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 450 миң кишиден ашты, ал эми ажал тапкандардын саны 19 миң адамдан көп. Учурда бул вирус Европадагы Италия, Испания өлкөлөрүндө тарап, каза болгон адамдар көбөйүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG