6-июлдагы Астанадагы майрамдык иш-чараларга Россия президенти Дмитрий Медведев, түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүл өңдүү дүйнөлүк лидерлер катышууда. Конокторго казак улуттук ыр-бийлерден тышкары италиялык даңазалуу тенор Андреа Бочеллинин концерти тартууланмакчы.
Президенттин мааракеси менен кошо борбор шаардын Астанага көчүрүлүшүнүн 12 жылдыгы да белгиленип жатат.
Баш калааны Алматыдан Астанага которуу Назарбаевдин демилгеси менен ишке ашырылган.
Казакстандык журналист Султанхан Аккул уулу бир нече жылдан бери өкмөт, башка мамлекеттик мекемелер жалаң ушул мааракеге даярдык менен алек болушканын айтат:
“Чынын айтсак ЕврАзЭШтин жолугушуусу тек гана Назарбаевдин мааракесин тойлоо үчүн жыйналып олтурат. Анкарада Казакстан президентиинин айкели орнотулду, араб элдеринин биринде бир көчөгө Назарбаевдин ысымы берилди. Кыскасын айтканда, соңку 4-5 жылда Казакстанда өкмөт, парламент, башка мамлекеттик органдар жумуш иштебей эле, бардыгы президенттин 70 жылдыгына даярдык менен алектенип жатты”.
Нурсултан Назарбаев 1940-жылдын 6-июлунда Чемолган деген айылда малчынын үй-бүлөсүндө туулган. Бир нече жыл металлургиялык комбинатта эмгектенгенет, кийин Коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарына тартылып, бийлик сересине көтөрүлө баштайт.
1989-жылы Назарбаев Казакстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы, кийинки жылы өлкөнүн президенти болуп шайланат.
Ошондон бери бийликти колдон чыгарбаган Назарбаев табигый ресурстарга бай өлкөнү регионалдык энергетикалык алпка айлантты.
Казакстанга Россия, Кытай, Батыштын инвесторлору агылды. Быйыл болсо өлкө постсоветтик жумурияттардын арасынан биринчи болуп Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда.
Бирок бир катар байкоочулар Казакстандын экономикалык жетишкендиктери менен бирге бийликтин бир адамдын колуна топтолушун, Назарбаевдин саясий оппоненттеринин, көз карандысыз маалымат каражаттарынын куугунтукталышын, көптөгөн социалдык проблемаларды эстен чыгарбоо керектигин айтышат.
Жакындан тарта болсо президент Назарбаевге “Улут көсөмү” деген наам ыйгарылды. “Эл башы жөнүндө” деп аталган мыйзамга ылайык, Назарбаев мамлекет башчылыктан кеткенден кийин да бардык артыкчылыктарын сактап калат, өмүрү өткөнчө ал эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт, кылмыш иши козголбойт, үй-мүлкү, чет өлкөдөгү банк эсептери кол тийгис болуп корголот.
Ушундай эле укуктан анын үй-бүлө мүчөлөрү пайдаланат. Мамлекеттин ички, тышкы саясатындагы бардык маанилүү чечимдер биринчи президенттин кеп кеңеши жана макулдугу менен аныкталат.
Журналист Аккул уулу мындай демилге Назарбаевдин мааракесине карата эмес, Кыргызстандагы окуялардан кийин көтөрүлгөнүн белгилейт:
“Курманбек Бакиевге каршы кылмыш ишин козгогондор кимдер? Биринчи кезекте анын кечээки шериктери, үзөңгүлөштөрү болду. Назарбаев жакшы билет, анын жанындагы эң ишенген адамдар эртең аны биринчи болуп сындап чыгышат, биринчи болуп ашкерелешет. Ал ушундан коркту. Экинчиден, ал эртең картаярын билет. 2012-жылы президенттик шайлоо болсо калк көтөрүлүп кетеби деп чочулайт. Ошондуктан бул – президенттик шайлоону өткөрбөөнүн амалы”.