Муну менен катар дарыканалардын санын кыскартуу керектигин айтып, калк ичинде дары-дармек көп колдонулуп жатканын жүйө келтирген. Коомдогу талкуулардан кийин министр сөзү туура эмес чечмеленип кеткенин билдирди.
Акыркы жылдары катаал мамиледен жана согуштан улам Орусиядан миңдеген кыргыз мигранттары чыгып кетти. Бул маселе кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, каралышы керек дешет серепчилер.
Айнура Тажикстандагы жарандык согуш маалында Кыргызстанга энеси менен качып келген. Очор-бачар болгонуна карабай, он жылдан бери жарандык алуу аракетинен майнап чыккан жок. Балдарынын каттоосу жок болгондуктан, догдурга көрүнүү, мектепке жиберүү сыяктуу маселелер чоң тоскоолдукка айланган.
Баткендин Кара-Бак айылы чөлкөмдүн башка жерлеринен айырмаланып малга ыңгайлашкан. Соңку жылдары климаттагы өзгөрүүлөрдүн, кургакчылыктын айынан мал-жандык ылаңдаган учурлар көбөйдү. Ветеринар жубайлар атайын долбоор жазып, жаңы жабдыктарды алып, ылаңдаган мал-жандыкты дарылайт.
Алайда окуучу баланын өмүрү кыйылган жол кырсыгынан кийин Ош–Эркечтам унаа жолунда атайын рейд өттү. Өткөндө бул жолдо эки күндө он чакты адам набыт болгондо жол коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кеткен. Жергиликтүү тургундар оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабын айтууда.
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптар палатага батпай, коридорго жаткырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги соңку апталарда өлкө боюнча тумоолоп кайрылгандардын саны 7966 адамга жеткенин билдирди.
Кыргызстанда соңку күндөрү сасык тумоого чалдыккандар көбөйдү. Жугуштуу илдеттер ооруканасында бейтаптар палатага батпай, коридорго жатып дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлиги соңку апталарда өлкө боюнча сегиз миңдей киши дарыгерлерге кайрылганын билдирди.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эттин баасын негизсиз көтөргөндөр жоопко тартыларын эскертти. Атайын кызмат тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү менен бирге мунун алдында Бишкек шаарында эт сатылган ири жана чакан соода жайлардын ээлери менен жолугушууларды өткөргөн.
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында ур-токмоктон бир адам каза тапты. Кылмышка шек саналып кармалган төрт кишинин экөө милиция кызматкерлери экени маалым болду.
Маркумдун жакындары шектүүлөр аны ат менен кубалап, камчынын сабы менен уруп, үзөңгү менен башка тепкенин айтып, кылмыштын тыкыр иликтенишин талап кылууда.
Чүйдүн Константиновка айылынын жанында курулуш компанияларында айдоочу болуп иштеген кыргыз жана кытай жарандарынын мушташы боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголду. Соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, бийлик жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда тынчсыздануу, депрессия, суицид, аракечтик, баңгилик өңдүү психикалык бузуулуудан калктын 11% пайызы жабыркайт. Адистер реалдуу сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Дагы жүктөңүз