Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

"Жол тар, катуу айдашат". Ош–Эркечтамда коопсуздукту камсыздоо талабы


Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолу. Алай району.
Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолу. Алай району.

Алайда окуучу баланын өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин Ош–Эркечтам унаа жолунда атайын рейд өттү. Өткөндө бул жолдо эки күндө он чакты адамдын өмүрү кыйылганда жол коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кеткен. Жергиликтүү тургундар оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабын айтууда.

Ош облусунун Алай районунда атасынын унаасын үйдөн айдап чыккан окуучу достору менен кырсыкка кабылып, мектеп окуучусу каза болгон окуядан кийин облустук жол тескөөчүлөр Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунда рейд өткөрүп, мыйзамсыз, уруксаты жок унаа башкаргандарды жоопко тартуу аракетин көрүп, айрымдарынын машинасын айып короого киргизүүдө.

"Азаттыктын" кабарчысы райондогу айып короого барып, ал жерде жеңил айып менен кармалып турган унаалар дээрлик жок экенин көрдү. Ал эми адам өмүрүн алган кырсыктарга кабылган унаалардын баары ушул жерде турат.

Аталган жайдын кызматкери Бектурсун Осиев жакында эле кырсыкка кабылган унааларды көрсөтүп, жол кырсыгы көбөйүп кеткенин билдирди. Ал айып короого баш багуудан заарканып да калганын айтууда:

Бектурсун Осиев
Бектурсун Осиев

«Бул “Ауди”, бул унаанын алдына кирип кеткен. Эртеңки күнү эле “Тесла” машинасы аварияга учурап, беш адам мерт кетти. Андан кийинкиси жакында болду — окуучу балдар унааны башкара албай жардан кулап кеткен. Бирөө каза болуп, калганы ооруканада дарыланып жатат. Мен ушул машиналардын жанына келгим келбейт. Мына бул машинада бир аз токтолуп калган адамдар болгон. Ал эми бул унаада 1992-жылкы, жаш балдар бараткан экен. Ошол эле Таш-Короо айылында кытайлык жүк ташуучу унаа менен дагы бир унаа кагышып, күйүп кеткен».

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган Ош–Сары-Таш–Эркечтам эл аралык унаа жолунда күнүнө 1000ден ашык унаа жүрөт. Айдоочулардын баары эрежелерди так сактайт деп айтуу кыйын. Маселен, уруксаты жок, мыйзамсыз унаа башкаргандар да болот.

«Мына бул айдоочуда бул унааны башкарууга укук жок. Анткени атайын категориясы жок», — деп сөзүн улады маектешибиз.

Эл аралык жолдун тардыгы кырсыктардын негизги себептеринин бири экенин айдоочулар айтууда. Алар эки тилкелүү жолдо озуп өтүү мүмкүн эместигин белгилешет. Андан сырткары айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүп, бул кан жолду такай көзөмөлдөп турууну өтүнүшөт.

Жанарбек Айдаров
Жанарбек Айдаров

«Негизгиси, кытай жарандарын көбүрөөк текшериш керек, катуу айдашат. Жол кырсыктары катталып жатат. Ар адам өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек, чоң машиналарды айдап жүргөндөн кийин. Бул жолдо Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай болуп төрт мамлекет каттап жатат. Күнүнө жок дегенде 500–600 машина ары–бери өтөт. Өзүңөр деле көрүп турасыңар, жол тар. Ошого байланыштуу да жол кырсыктары көп болуп жатат», - дейт айдоочулардын бири Жанарбек Айдаров.

Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер үчүн Кытайдан кирген унааларды токтотуп, айып салууда көйгөй бар экени белгилүү болду. Анткени алардын айдоочулук күбөлүгү кытай тилинде гана болгондуктан айып кагазын жазуу, базага киргизүү мүмкүн эмес экен. Аларды токтоткондон кийин деле жеринде тиешелүү чара көрө алышпайт.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Бакыев:

Замир Бакыев
Замир Бакыев

«Алардын айдоочулук күбөлүгү кытай тилинде болгондуктан протокол толтура албайбыз эреже одоно бузулса да. Ошондуктан биздин өлкөгө киргенде айдоочулук күбөлүктөрүнүн котормосун ала кирсе бизге да жеңил болмок».

Ош–Эркечтам жолунун эки жүз чакырымга жакыны Алай районунун аймагынан өтөт. Рейд маалында 20дан ашык айып кагазы жазылып, кээ бир унаалар айып короого киргизилди. Айрым айдоочулар талаптан чыгып, көлөмдүү жүк сүйрөп алган учурлар да кезикти. Жол тескөөчүлөр айдоочуларды жол эрежесин сактап, талаптарды аткарып жүрүүгө чакырышат.

Бул убакка чейин Алай районунда оор жүк ташыган унаалар катышкан удаа эки жол кырсыгынан он киши мерт болгон. Бул окуядан кийин жол тар экени, бирок чоң көлөмдөгү унаалар өтө көп экени айтылган. Транспорт министрлиги жолду кеңейтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Ош облусунда быйыл тогуз айда 700дөн ашык жол кырсыгы катталды. Ал эми Кыргызстан боюнча быйыл тогуз айда 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 636 адам каза болуп, 9 миңден ашык адам ар кандай жараат алганы маалымдалды.

Адам өмүрүн жалмаган жол кырсыктары
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:38 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG