Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:00

"Кыргызстанда 30 жылдан бери жашап, паспорт ала албай жүрөм"


Айнура.
Айнура.

Айнура Тажикстандагы жарандык согуш маалында Кыргызстанга энеси менен качып келген. Очор-бачар болгонуна карабай, он жылдан бери жарандык алуу аракетинен майнап чыккан жок. Балдарынын каттоосу жок болгондуктан, догдурга көрүнүү, мектепке жиберүү сыяктуу маселелер чоң тоскоолдукка айланган.

30 жаштагы келиндин Айнура деген ысымын тастыктаган бир дагы документи жок. Ал бала кезинде Тажикстандагы жарандык согуш маалында энеси менен бирге Кыргызстанга башпаанек издеп келип, жашап калган. Андан бери Кыргызстанда туруктуу жашап, үй-бүлө куруп, эки балалуу болду. Бирок он жылдан бери паспорт алам деген аракетинен майнап чыкпай келет. Паспорт алып, догдурга кенен-кесири көрүнүп, балдарын коркпой-үркпөй мектепке жиберсем деп көзү чачырап турган маалы.

Айнура ар дайым ооруканага баргандан заарканып турат. Ал үчүн бул чоң сыноо. Балдарынын каттоосу жок болгондуктан ал улам бир эшикти каккылап, дарыгерлерге жалдыраганга аргасыз. Бул жерде ага кол сунгандар дайыма табылат дечи, анткени мыйзам боюнча, өзгөчө шашылыш учурда, дарыгерлер сыркоологон балдарды кабыл алып, карашы керек. Ошентсе да Айнура ал жакка ар бир барган сайын каттоого туруу керектиги жана кийинки жолу жардам болбой калышы тууралуу эскертүү угат.

Келиндин паспорту жок, анын айынан балдарынын дагы документи оң эмес.

Бүгүн догдурлар ангинасы кармап келген уулун кабыл алды, ал узак убакыт дарыланышы керек экенин айтышты. Операция болушу да ыктымал деп жатышат. Колунда бир документи жок келин эмне кыларын билбей, айласы куруп турат.

“Мен кайрылбаган жерим калбады, какпаган эшик калбады, болгон жерге бардым, барбаган жерим калган жок. Эч ким жардам бере албай жатат”, - дейт ал.

“Эмне деп жатышат?” деген суроого Айнура:

“Муну чогулт, тигини чогулт, элчиликке бар дешет. Ал жерге барсам Тажикстанга бар, туулгандыгың тууралуу күбөлүк жасат деп жатышат. Паспорт эле сурайм да, башка эч нерсенин кереги жок. Мен акча сурабайм, үй сурабайм. Балдарымдын документи болуп калса эле", - деп ыйламсырап жооп берди.

Ал азыр Чүй облусунун Кең-Булуң айылында энеси менен турат. Апасы Мухаббатхон Муродова Тажикстандагы жарандык согуштан улам Жерге-Тал районунан эки айлык Айнураны бооруна кысып, Кыргызстандагы төркүнүнө качып келген. Кийин ал бул жерде турмушка чыгып, очор-бачар болгон. Бирок кызы Айнуранын документтерин тууралаган эмес.

“Кызым согуш маалында үйдөн төрөлүп калды, анан баары качып жүрөт, такыр догдур жок. Эптеп апам жана таежем төрөтүшкөн. Анан кызымды алып, качып, тоомо-тоо бул жакка келгенбиз”, - деп айтып берди Мухабатхон Муродова.

“Кыргызстанга келгенде эмнеге кызыңарды каттаган жоксуңар?” деген суроого ал:

“Контора каякта, башкасы каякта, билбесек... Биз тоодо эле жашаган, айылда жашаган адамдарбыз. Анан кийин "бул жер контора экен, бул жер паспорт столу экен" деп калдык. Кээ бирөөлөр “конторго барсаңар камап салат” деп айтышты. Андан да корктум”, - деп жооп узатты.

Кызы Айнура документи жок болгону менен Кең-Булуңдагы мектепте жетинчи класска чейин окуган. Кийин өгөй атасы каза болгон соң мектепти таштап, энесине жардам берүү үчүн талаа жумуштарына жалданып иштөөгө аргасыз болгон.

Кошунасы Зухра Өмүрзакова аларды 1990-жылдан бери тааный турганын айтууда:

“Жеңебиз бул жердеги байкеге турмушка чыккан. 1995-жылы келген. Кызы кичинекей, жети айлык беле, ошондой болчу. Билем да, бешикке бөлөп жатышкан. Ошондо баары эле "байке жаш аял алыптыр" деп сөз кылышкан. Өзү улуураак байке болчу. Эки балалуу болушту. Анан ушул кызы келгенден бери паспорт ала албай, кыйналып жүрүшөт”.

Айнура короо шыпырып атып: “Жашообуз ушундай, эртең менен бул жерди шыпырып, тазалап, койлордун астын тазалап, суусун, жемин берип, талаага чыгып кетем. Таңкы саат беште турам, жайында төрттө ойгоном”, - деди.

Айнура 20 жашында турмушка чыккан. Кош бойлуу болгондо гана жарандыгы жок жашоо кыйын экенин түшүнүп, документ алууга аракет кыла баштаган экен. Ал 10 жылдан бери тиешелүү органдарга документ тапшырып жүрөт. Соңку ирет жайында Канттагы Ысык-Ата району боюнча Калкты тейлөө борборуна тизмеде көрсөтүлгөн бардык кагаздарын топтоп тапшырганын, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жоктугу көйгөй жаратып жатканын айтып берди:

“Үч метрика тең жасалма болуп чыкты. Тажикстанга акча жөнөтө бергем, ал жактан мага жасалма кылып бере беришкен экен. Аягында элчилик “Сиз Тажикстандын жараны эмессиз” деген маалымкат жазып берип, “Маалымат базасында жоксуз” деп айтышты. Он жылдан бери чуркап жүрөм. Улуу балам боюмда болгондо аракет көрө баштадым. Ар кайсы шылтоону айтышат. Айлам кетип, “Мага жардам бербесеңер ушул жерге эки баламды алып келем, аларды да, өзүмдү да өрттөйм” дедим. Жетекчиси “бул менин маселем эмес” деп айтты. Кээде жашагым да келбейт, ушул балдарым эле кармайт мени”

Жарандык алуунун жол-жобосу

Бир жыл мурун Айнура тааныштары аркылуу ыктыярчы юрист Нурсултан Муталип уулуна жолуккан. Юрист эми Кантка Калкты тейлөө борборуна жумушка каттагандай эле барып жүрөт. Ал Айнурага эки жыл аралыгында жарандык берилип калышы ыктымал экенин айтууда:

“Мыйзам талабы боюнча, тек-жайын тастыктоочу документ керек жарандыкты кабыл алуу үчүн. Ошол себептен жок дегенде туулганы жөнүндө күбөлүк керек болчу. Тажикстанга байланышка чыгып, атасы табылып, ал күбөлүк салган. Билбейм, атасы базардан сатып алганбы, айтор, ал жерде эч кандай түп нуска сыяктуу документ эмес экен. Мөөр басылып, күбөлүк деп турат, бирок анын эч кандай күчү жок болуп чыкты. Тажикстандын элчилигинен ал аталган өлкөдө эч бир жерде каттоосу жок деген кагаз келди. Ошону менен ал күбөлүк да жокко чыгып жатат. Мыйзамдын чийкилигинен улам эжебиз бир дагы мыйзамга туш келбей жатат. Жалпы тартип бар, бирок ага туура келбейт”.

Мамлекеттик “Кызмат” мекемесинин адистери негизи жарандык алуу жобосу татаал деле эместигин, ага 3-6 ай, айрым бир учурларда 2 жыл убакыт керектигин айтышат.

Кыргызстандын жарандыгын алуу жол-жобосу кайрылган адамдын тек-жайына байланыштуу бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Эгер адам Кыргызстандын жараны болбогон болсо, ал үчүн жалпы, жеңилдетилген процедура бар. Жеңилдетилген жобо боюнча жарандыкты Кыргызстанда туугандары бар чет элдик жарандар ала алышат. Жеңилдетилген процедураны мурда кыргыз жараны болуп, аны калыбына келтирүүнү каалагандар колдоно алат. Калгандар жалпы жобо боюнча алышы керек. Бирок бул учурда адам өлкөдө сөзсүз түрдө кеминде беш жыл жашашы керек. Милдеттүү түрдө жашоо мөөнөтү Кыргызстанда качкын деп таанылгандарга, инвесторлорго жана өлкөгө керек деген кесипкөй адистерге 3 жылга чейин кыскарышы ыктымал.

“Кызматтын” расмий сайтында керектүү документтердин тизмеси илинген.

Быйыл жарым жылда 2 миңден ашык адам Кыргызстандын жарандыгын алды.

“Жарандыгы жок” деген макамдагы 58 кишинин документи боюнча иш жүрүп жатыптыр.

Аталган мекеме Айнуранын маселеси тууралуу кабарсыз экенин билдирди.

“Кызматтын” жарандык боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Сыдыгалиев адам ким экендигин тастыкташ үчүн алгачкы документи талап кылынарын билдирди:

“Туулгандыгы жөнүндө маалымат болуш керек. Ал күбөлүк түрүндө болобу, акт түрүндөбү, айырмасы жок. Бирок ошол документ болушу шарт. Ошондон ары процедураны баштаса болот. Эгерде адам келип, эч документи жок экенин айтса, биз эч кандай жардам бере албайбыз, болгону, кеңеш катары маалымат гана бере алабыз. Андай учурда адам сотко кайрылып, ошол жактан баарын далилдесе, сот “мына бул фактыларды каттап бергиле, бул адам мынчасында ушул аймакта төрөлгөн, ата-энеси бул” деп чечим чыгарып берет. Эгерде ошондой сот чечими болсо биз каттап, ишти баштайбыз”.

Кыргызстанда жеңилдетилген жол менен жарандык алуу боюнча бир нече программа ишке ашырылган.

1995-жылы Тажикстанда жарандык согуштан улам качкындар агымы өскөндө БУУнун качкындар иши боюнча агенттиги Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачкан.

Ал жылдары Кыргызстан коңшу өлкөдөн 20 миңден ашык качкынды кабыл алган, басымдуу бөлүгү Памир, Мургаб, Жерге-Талда жашаган этностук кыргыздар болгон.

Ошентип, 2010-жылдан 2016-жылга чейин кыргыз тектүү 24 миң 362 чет элдик жарандык алган. Ошол эле убактарда “кайрылман” макамын дагы 11 миң киши алган. Бул БУУнун качкындар иши боюнча агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн маалыматы.

Айнуранын энеси менен сүйлөшкөнүбүздө ал бул программалардан кабарсыз калганын, өлкөдөн чыгарып жиберет деген коркунучтан улам эч жакка кайрылбаганын билдирди.

Юрист Алмазбек Козубаевдин айтымында, мамлекет тараптан коргоо чарасы же башка көмөктөшүү болгон эмес.

"Ар бир жарандын өзүнүн мойнуна жүктөлгөн. Мамлекеттик органга кайрылыш керек, анан сотко кайрылайын десе сот дагы 18 жаштан жогоруларды паспорту болбосо, тек-жайы аныкталбаса, арызын албайт. Азыркы тажик жараны сотко кайрылып, төрөлгөн фактысын далилдеп алса болмок. Ошол үчүн бул кыз соттон да жардам ала албай жүрөт. Эгер ата-энеси биздин жаран эмес болсо, мамлекеттик комиссия жарандыгы жок деген чечим чыгарат, ошондон кийин биздин паспорт бөлүмү макам берет. Ошондо анын укугу пайда болот. Биздин кыргыздардын эле укугундай, бирок шайлоого бара албайт. Иштесе болот, айлык алса болот, медицина, мектеп... Кийин жарандыкаа берсе болот”.

Ушул тапта Айнура өлкө бийлигине кайрылууну ойлонуп жатканын айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG