Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” мазмуну менен тааныштырды. Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду ал алдыңкы күнү Жогорку Радага алып чыккан. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү талдап жаткан кези.
Адистердин айтымында, соңку жылдары омуртка оорусуна чалдыккандар көбөйгөн. Буга эмне себеп болууда? Туура эмес жашоо таризиби же турмуш кыйынчылыгыбы?
Кыргызстанда соңку үч жыл ичинде фискалдык реформалар жүрүп, жаңы салыктык эрежелер калыптанып келет. Ишкерлер коомчулугунда мындай кардиналдуу өзгөрүүлөргө нааразы пикирлер да бар.
Кыргыз бийлиги бейиттин үстүнө эстелик тургузууну мыйзам жолу менен тыйгысы келет. Буга чейин маркумду узатуудагы ысырапкорчулукту тыюу тууралуу жарлык чыккан.
Аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар жааганына байланыштуу 16-октябрга караган түнү Бишкек-Ош автоунаа жолунда тыгын пайда болду.
Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Соңку суткада дагы ондогон киши каза болду. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Ливандагы бейкуттук күчтөрүн убактылуу чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.
Жалал-Абадда пахтанын баасы арзандап, дыйкандар жыл сайын анын аянтын кыскартып жатышат. Пахтанын килограммы ушул тапта 65 сом турса, 2-3 жыл мурда 115 сом болчу. Ал ортодо жергиликтүү бийлик аймакта пахтаны кайра иштетип, кездеме чыгаруу үчүн атайын класстер түзүүнү көздөп жатканын билдирди.
Баткен облусунун уюшулганына 25 жыл толду. 1999-жылы Зардалы айылы аркылуу "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган) жоочулары мамлекеттик чек араны бастырып кирип, 50дөн ашык аскер октон ажал тапкан окуядан кийин облусту түзүү чечими кабыл алынган.
Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү сунушуна пикирин билдирди.
Сузак-Кара-Дарыя багытындагы 5 чакырымдан ашуун жол кеңейтилип, 100дөн арбын үй жана 90дой коммерциялык имарат жылдырылып жатат.
Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги №69 жалпы билим берүү мектебинде 2-сентябрдан тарта ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана тогуз мугалим өз каалоосу менен иштен кеткенин ырастады. Бирок мектеп учурда штаттык режимде иштеп жатканы жана бош кызмат орундар жок экенин билдирүүдө.
Кыргызстандын өкмөтү күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берип, суукка толук даяр экенин билдирди. Ошондой эле электр, жылуулук, көмүр жана башка нерселер менен камсыздоо жумуштары пландын алкагында жүрүп жатканы айтылды.
Дагы жүктөңүз