ИИМ: Чүйдө элди алдаган шылуун жубайлар аныкталды
Чүйдүн Москва райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) алдамчылыкка шектелген жубайлардын бирин кармады. Кармалган аялдын күйөөсү издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 20-январда "Азаттыкка" билдирди.
Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоого жергиликтүү тургундардын бири алданып калганы тууралуу арызданып кайрылганы себеп болгон. Жабыркаганын айткан жаран окуя 2024-жылы март айында болгонун, жубайлар анын ишенимине кирип, эки машинасын алып, башкаларга сатып жибергенин маалымдаган.
"Муну менен алар 2,5 млн сомдук зыян келтиришкен", - деп билдирген ИИМ жубайлардын үстүнөн дагы он чакты жаран даттанганын, алар акчасын, малын, транспорттук каражаттарын алдырып жиберишкенин кошумчалады.
Кылмышка шектелип жаткан аял 42 жашта экени, 49 жаштагы күйөөсү Кыргызстандан чыгып кеткенине байланыштуу издөө жарыяланганы, учурда аны да кармоо аракети көрүлүп жатканы кабарланды.
Чүйдөгү бир катар айылдардын тургундары Сергей аттуу адамга алдатып, 5 миллион сомго жакын акчасынан айрылганын айтып чыгышкан. Милиция алардын арызына көңүл бурбай жатканына даттанышкан.
"2 млн сомдук эки унаамды алдырдым"
Сокулук районунун тургуну Магомед Жабраилов Интернеттеги "Лалафо" аркылуу 2007-жылы чыгарылган "Мерседес-Бенц Спринтер" жана 2004-жылкы "Тойота RAF4" автоунааларын сатыкка койгон. Көп өтпөй, Москва районунун тургуну, өзүн Сергей деп тааныштырган адам байланышка чыгып, машиналарын акчасын бөлүп төлөө менен сатып алууну сунуштаган.
"Алар эки автоунаанын акчасын бир айдын ичинде бөлүп төлөп берүүнү убада кылышты. Биз макул болдук. Сергей аялы жана уулу менен чогуу үйгө келип, алып кетишти. Бирок бир айдан кийин такыр байланышка чыкпай, жок болуп кетишти. Биз алардын жашаган жерине бардык. Аялы чыгып: "Күйөөмдүн башына иш түшүп калды, бир аз күтө тургула, акчаңарды берет", - деп жолго салды. Бирок убакыт өткөнү менен, эч кандай акча берген жок. Көрсө, алардын андай шылуундугун айылдын баары билет экен. Бизге окшоп эшигин кайтарып, акчасын алдырган, малын доолаган адамдар көп. Биз ошол жерден он чакты адам табышып, "Сергейден жабыркагандар" деген Ватсап группа түздүк. Милицияга кайрылдык. Бирок милиция биздин арызды алып, кылмыш ишин козгоодон баш тартты".
Жабраиловдун машиналары жубайы Патимат Алиеванын атында болгондуктан, анын атынан Москва райондук милициясына да кайрылышкан.
""Спринтерге" ишеним кат жаздырып кетишкен. Ал эми "Тойотага" жазып берген эмесмин. Милиция бир убакта машиналар табылганын, алар унаа жуугуч жайда экенин айткан. Ал жакка барсам, "Сергей алып кетти" деп коюшту. Милиция эмне үчүн ал машиналарды камакка алган жок, эмнеге кайра ал алып кетишине мүмкүнчүлүк беришти? Суроо көп, кыскасы", - деди Магомед Жабраилов.
"Букаларымды алып кетем десем, милиция чакырарын айтты"
Ушул эле Сергей аттуу жаранга каршы Москва районундагы Петровка айылынын тургуну Калысбек Досматбек уулу да милицияга кайрылган. Ал бордоп баккан 10 букасын алдатканын айтууда:
"2024-жылы март айында атам Досматбек Чалбаев 10 бука сатам деп Интернетке чыгарган. Көп өтпөй Сергей аялы, баласы менен чогуу келип, соодалашып, 10 буканын ар бирине 60 миң сомдон берерин, акчасын апта сайын 100 миңден которуп турарын айтып, 1,5 айга макулдашып алып кеткен. Башында 1-2 апта берди. Бирок 200 миң сом берген боюнча жок болуп кетти. Телефонуна чалсак, албайт. Бизге берген адреси боюнча барсак, үйүн айлантып камера коюптур. Башында эч ким чыккан эмес, барып дарбазасын каккылаганыбызда аялы чыкты. Короосунда биздин букалар байланып туруптур. "Дагы бир аз күтүп тургула, акчаңарды беребиз" деди. Мен "күтө албайм, андан көрө малыбызды алып кетем" десем, "тийчү эле болсоң, милиция чакырып, бизди тоноп жатышат деп арызданам" деди. Айланаң бүт камера болсо, жок жерден өзүмдүн букаларымды алам деп, тескерисинче, мен кылмышкер болуп калбайын деп, тийген жокмун. Көрсө, булардын мындай көптү сызга отургузган алдамчы, шылуун экенин айылдаштары, милиция баары билет экен. Мен аны Москва райондук милициясына арыз жазганы барганымда билдим. Милиция кызматкерлери менин чоо-жайымды укканда эле "аа, баягысын дагы баштаган тура" деп сүйлөшүп жатышты. Бирок тергөөчү Денисбек Элчибек уулу менин ишимди жарандык иш экен деп, кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Юристтер мага "өзүңө окшоп алданган адамдарды таап, чогуу даттансаңар, кылмыш иши болот" дешкенинен Сергейдин эшигин кайтарып, акчасын доолагандар менен таанышып, чогуу арызданалы деп чечтик".
Ошентип, Калысбек Досматбек уулу шектүүнүн эшигин кайтарып жүрүп Магомед Жабраилов менен таанышат. Дагы 4-5 адам кошулуп, милицияга чогуу арыз жазышат, бирок дагы деле кылмыш иши козголбойт...
"Бирок милиция биздин арызды бириктирип карабай, ар бирибиздикин өзүнчө жарандык иш катары карап жатты. Арга кеткенде прокуратурага кайрылдым. Ал жактан "кылмыш иши козголсун" деген көрсөтмө келгенине карабай тергөөчү "менин башым экөө эмес, эртең эле прокуратура мага кылмыш ишин козгойт" деп, козгобой койду. Биз майда даттанган болсок, июлга чейин кылмыш иши козголгон жок. Ошол убакта Сергей Кыргызстандан чыгып кетиптир, ага кылмыш жоопкерчилигинен качып кетүүгө милиция толук шарт түзүп берди. Анткени милиция аны кармап, камоо аракетин көргөн эмес. Тергөөчү ыкчам топ кармап келбей жатканын айтып кутулчу, шектүү бир да жолу биз менен жүздөштүрүлгөн эмес", - деди ал.
Ушундан улам жабыркаган жарандар Москва райондук, Кант шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө, Москва райондук прокуратурасына ишеними кеткенин билдирип, ишти Чүй облустук милициясына өткөрүп берүүнү өтүнүп, октябрь айында Башкы прокуратурага кайрылышкан.
Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча чара көрүлүүсүн талап кылган соң кылмыш иши Москва райондук ички иштер бөлүмүндө козголуп, иликтөө бир кезде кылмыш ишин козгоодон баш тарткан тергөөчү Денисбек Элчибек уулуна берилген.
"Милиция көңүл бурганча, шылуун качып кетти"
Алданып, жабыркаганын айткан жарандар маалымат каражаттары аркылуу өлкө бийлигине кайрылып, ишти адилет чечип берүүнү өтүнүүдө.
"Биздин март, апрель айындагы арыздарыбыз боюнча кылмыш иши козголбой, мурда да бир нече жолу алдамчылыкка айыпталган Сергейге эч кандай чара көрүлгөн эмес. Кант шаардык, Ысык-Ата, Москва райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин "шарт түзүп бергендигинен" улам бизди сызга отургузуп кеткен шылуун Кыргызстандан качып кетүүгө жетишти. Ошондуктан бизде "анын артында милиция кызматкерлери турабы" деген күмөн саноо пайда болууда. Анткени жакында эле Сергейдин уулу менен аялын бул иште күбө катары өткөрүү аракети жасалып жатканын уктук. Алар күбө болушу мүмкүн эмес, аялы да, баласы да дайым Сергей менен чогуу болушкан. Менин машиналарымды алганы да чогуу барышкан, башкалардын малын да чогуу машинага жүктөп кетишкен экен. Кантип эле күбө болуп калышат?" - деди Магомед Жабраилов.
Башкы прокуратурага жазылган арызга Сергейге мүлкүн алдаткан алты киши кол койгон. Алардын ичинде Бахрам Кадыров сегиз букасын жана үч уйун, жалпы 1,2 млн сомдук малын, Патимат Алиева жалпы 2 млн сомдук эки автоунаасын, Тойчубек Орунбаев жалпы 950 миң сомдук 9 баш букасын, Калысбек уулу Досматбек 600 миң сомдук 10 букасын, Сыргак Тезекбаев 210 миң сомдук эки уйун алдырган.
Даттануучулардын айтканына байланыштуу "Азаттык" алдамчылык кылганы айтылган Сергейдин өзү, үй-бүлөсү жана жакындары менен байланышууга аракет жасады, бирок жыйынтык чыккан жок. Алар айыптаган милиция кызматкерлери да комментартий же маалымат берген жок.
ИИМдин басма сөз кызматы бул адамга алданган адамдар мурда да болгонун, алар сотко жетпей, ич ара келишип, жазган арыздарын артка алышканын "Азаттыкка" билдирди. Ал эми кийинки даттанган беш адамдын арыз-дооматтарынын негизинде кылмыш иши козголду.
ИИМдин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков "Азаттыкка" билдиргендей, арыздардын баары бириктирилип, иш Москва райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип жатат:
"Чүй облусунун Москва жана Жайыл районунун бир нече тургуну арыз менен милицияга кайрылып, Москва районунун Предтеченка айылынын тургуну, 1977-жылы туулган О.С. ишеничке кирип алдоо жолу менен мүлкүн, тактап айтсак, трактор, автоунаа, бодо малын алып, изин жашырып кеткенин билдиришкен. Аталган окуялар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон".
Милициянын маалыматына караганда, шектүүнүн үстүнөн 5 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми изин жашырып кеткенине байланыштуу ага издөө жарыяланган. Кармалса, камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарылган.
"Өзүңө сак бол"
Юристтер жарандар өз укугун билбегени алдамчылардын тузагына түшүп калуусунун негизги себеби экенин айтып келишет.
Адвокат Нурсултан Жаныбек уулу ушундан улам сызга отуруп, мүлкүнөн ажырап калган жарандар көп болуп жатканын билдирди:
"Кимдир бирөөгө мал-мүлк, автоунаа, акча же башка нерсени карызга берерден мурда ал адамды жакшылап текшерүү керек. Анын чын эле акчасы барбы, өзүнө катталган кыймылсыз, кыймылдуу мүлкү жана башка мүлкү барбы - аныктап алган жакшы. Бул кийин алган акчанын же мүлктүн пулун бербей койгондо кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, эки адамдын ортосундагы мүлк алып-сатуу расмий нотариус аркылуу келишим түзүлүп, ошонун негизинде жүргүзүлүүсү тийиш. Бир сом алыш-бериш болсо да кагаз келишим аркылуу күбөлөндүрүп, алган адамдын мүлкүн кепилдик кылып койгону туура. Үчүнчүдөн, мындай алдамчылык иштерде тергөөчүлөр "курамында кылмыш жок" деп, ишин козгоодон баш тартууга укугу жок. Тергөөчүнүн бул аракетин прокуратурага айтып, даттанса болот. Анда да жыйынтык чыкпаса, сотко кайрылууга укуктуу. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтомго каршы Жогорку сотко чейин даттанса болот".
ИИМдин маалыматына караганда,былтыр сегиз айда шылуундукка байланыштуу 10 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын 7705инин бети ачылган.
Шерине