Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Экономика

ишемби 21 Декабрь 2024

Эмомали Рахмондун күйөө баласы Ашрафжон Гулов (солдо) БАЭнин шейхи Мухаммед бин Заид менен. Сүрөт: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги
Эмомали Рахмондун күйөө баласы Ашрафжон Гулов (солдо) БАЭнин шейхи Мухаммед бин Заид менен. Сүрөт: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги

Aчыкка чыккан маалыматтарда Тажикстандын саясий элитасынын арасында Дубайдан кымбат турак жай сатып алуу өтө популярдуу экени айтылат. Президент Эмомали Рахмондун жээн небереси Перс булуңунун жээгинен 1,3 миллион долларга бааланган үч бөлмөлүү батир сатып алган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жээн небереси Дубайдан кымбат батир сатып алды. "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) иликтеп чыккан документтерге ылайык, мүлктү сатып алган учурда президенттин небереси тогуз гана жашта болгон.

Dubai Unlocked деп аталган долбоор Дубайда кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээ болгон жүз миңдеген "кыйындарды" иликтеп чыккан.

Ачыкка чыккан документтерде, тажик президентинин небереси, учурда 18 жаштагы Эражон Гулов Перс булуңунун боюндагы Palm Jumeirah комплексиндеги 210 чарчы метрлик батирин канчага сатып алганы белгисиз. Бирок батирдин көлөмүнө жана Дубайдагы кыймылсыз мүлктүн учурдагы баасын эсептей келгенде, ал батир кеминде 1,3 миллион доллар турат. Дубайдын Жер көзөмөлдөө департаментинин маалыматы боюнча, аталган мүлк дагы эле Эражон Гуловго таандык жана жылына 55 000 долларга ижара берилет.

Dubai Unlocked долбоору Дубайдагы жүз миңдеген кыймылсыз мүлктөр, алардын кожоюндары же ижарачылары жөнүндө маалыматтарды талдап чыккан. Маалыматтардын дээрлик көбү 2020 жана 2022-жылдарга таандык.

Маалыматты эл аралык кылмыштуулукту жана чыр-чатакты изилдеген Вашингтондогу Коргонуу боюнча изилдөө борбору (C4ADS) алган. Андан кийин документтер Норвегиянын е24 басылмасына жана Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборуна (ОCCRP) өткөрүлүп берилген. Алар дүйнө жүзүндөгү ондогон маалымат каражаттарынын маалымат топтомун иликтөө ишин координациялашты.

Ар бир мүлктүн расмий кожоюну тууралуу маалыматтар аныкталган: туулган жылы, паспортунун номери жана улуту. Айрым учурларда документтерде менчик ээлери эмес, ижарачылар тууралуу маалыматтар камтылган.

Журналисттер алынган маалыматтарды иликтөөнүн булагы катары колдонушту. Алар бир нече ай ичинде расмий булактардын жана башка ачыкка чыккан маалыматтардын негизинде кыймылсыз мүлк ээлеринин жеке маалыматтарын, ар бир үйдүн учурдагы абалын изилдеп чыгышкан.

Анын ата-энесинин ошол кездеги кирешеси ага кымбат батир сатып берүүгө чамасы жетет беле же жокпу белгисиз. Сатып алуу учурунда анын апасы Парвина Рахмонованын эч кандай киреше булагы болгон эмес, анын күйөсү Ашрафжон Гулов Москвадагы Тажикстан элчилигинде консулдук кызматты жетектеп турган. Буга чейин ал Тажикстандын Салык комитетинин ири салык төлөөчүлөр инспекциясын башкарган.

Тажикстанда аткаминерлер айлык акы жана салык боюнча отчет берүүгө милдеттүү эмес, бирок 2022-жылы жарыялаган Тышкы иштер министрлигиндеги вакансиялардын тизмесинде мекеменин жетекчисинин орун басарынын эң көп айлыгы 200 доллардын тегeрегинде экени белгилүү.

"Ашраф Гуловдун дипломат катары алган маянасы менен Дубайдан 1,3 миллион долларлык мүлк сатып алууга чамасы жетпейт", - дейт Борбор Азия боюнча эксперт жана Техас университетинин профессору Эдвард Лемон.

Деген менен 2015-жылы Рахмонова жана Гулов орто кирешелүү тажикстандык үй-бүлөдөн кыйла айырмаланып турушкан. Ашрафжондун атасы Шерали Гулов өлкөнүн саясий элитасынын көрүнүктүү өкүлү болгон. Ал 2006-2013-жылдары Тажикстандын энергетика жана өнөр жай министри кызматын аркалаган. Ал убакта Парвинанын атасы Эмомали Рахмон өлкөнү жыйырма жылдан ашык убакыттан берип башкарып келген. Укук коргоочулар анын режимин Борбор Азиядагы эң коррупциялашкан жана тууганчыл режимдердин бири деп сыпатташат.

Freedom House эл аралык уюму 2015-жылдагы баяндамасында Рахмондун жакын чөйрөсү "непотизм жана кланчылыктын негизинде артыкчылыктуу мамилеге ээ" деп белгилеген. Баяндамада "мамлекеттик кызмат орундары, айрыкча салык же соода-сатыкка байланышкан кызматтар өзгөчө популярдуу" деп айтылат.

Эражон Гулов жана анын ата-энеси комментарий берүү өтүнүчүнө жооп беришкен жок.

Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен.
Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен.

Бириккен Араб Эмираттарынын 1985-жылдагы мыйзамына ылайык, 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар мыйзамдуу камкорчусунун уруксаты менен гана кыймылсыз мүлккө ээ боло алышат.

Гуловдун Tanzanite резиденциясынан батирди сатып алууда анын камкорчусу ким болгону ачыкка чыккан эмес. Бирок мүлктү өткөрүп берүү документтеринде Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Сухроб Мирзоалиевдин электрондук дареги көрсөтүлгөн. Ал да комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Noria MENA Program коммерциялык эмес изилдөө уюмунун башкы редактору Колин Пауэрс "Дубайда жашы жете электерге мүлк сатуу - көзөмөлдөө органдарын кыйгап өтүү жана капиталды тартуу үчүн колдонулган көптөгөн механизмдердин бири" дейт.

Пауэрс байлар үчүн балдарынын атына чет өлкөлүк активдерди сатып алуу - өз өлкөсүндөгү мыйзамсыз кирешелерди жаап - жашыруунун же салыктарды азайтуунун бир жолу экенин белгилейт.

"Бул дүйнө элитасынын кыймылсыз мүлк рыногунда акчаны адалдаштыруу жана инвестициялоо үчүн колдонгон дагы бир куралы. Мен муну акылдуу ыкма деп эсептебейм. Кимдир бирөөнүн небереси же баласы экенин аныктоо анча деле кыйын эмес. Бирок ашыкча иш чыгат" , - деп түшүндүрдү Колин Пауэрс.

Баары үй-бүлөдө

Жети кыз, эки уулдун атасы, Тажикстандын 72 жаштагы президенти Рахмондун көптөгөн тууган уругу мамлекеттик жана каржы тармагында жогорку кызматтарды ээлеп турат. Кызы Озода президенттик аппаратты жетектесе, ортончу кызы Зарина өлкөдөгү ири коммерциялык банк Ориенбанктын башкармалыгынын төрайымынын орун басары.

Президенттин уулу Рустам Эмомали Дүйшөмбү шаарынын мэри жана Улуттук кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрагасы. Бул макамда ал президенттикке расмий талапкер боло алат.

Парвина Рахмонова менен Ашрафжон Гулов Тажикстанда эң белгилүү үй-бүлө мүчөлөрүнөн айырмаланып, элдин көзүнөн оолак жашайт. "Азия-Плюс" көз карандысыз маалымат порталы 2014-жылы жарыялаган, "Таджики России" мамлекеттик гезитине берген маегинде Гулов Москвага тааныш - билиш менен келбегенин, анын дайындалышына "Тажикстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү эң татаал багыттардын бири" делген дипломатиялык өкүлчүлүктүн да чоң салымы бар экенин айткан.

"Эгер мен чындап эле тууганчылык менен бул кызматка келген болсом, анда эмне үчүн мага "тынчырак" жана "майлуу" кызматты беришкен жок?" — деген Гулов.

Гулов Москвага бул өлкөдө иштеп, жашап жаткан тажик жарандары үчүн миграциялык жараяндар катаалдашкандан кийин дароо дайындалган. Кремль он миңдеген тажик мигранттарын кымбат баалуу биометрикалык паспортторду алууга мажбурлаган. Кээде алар кошумча акы төлөп, жараянды тездетүүнү убада кылган ортомчулардын колуна түшкөн. "Таджики России" басылмасына берген маегинде Гулов мындай "ортомчулар" бар экенин моюнга алып, бирок кызматкерлери алар менен иштешпей турганын, эгер андай болсо "катаал чаралар" көрөрүн билдирген.

Гулов Москвадагы консулдуктан кийин бир аз убакыт Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде иштеп, 2021-2024-жылдары Түркияда элчи болгон. Ал кезде анын жубайы бизнес менен алектенип, Дүйшөмбүдө бир нече дарыканасы болгон "Sifat Pharma" фармацевтикалык компаниясын негиздеген. Коронавирус пандемиясы учурунда ал ИВЛ аппараттары жана башка медициналык буюмдарды жеткирүү боюнча көптөгөн мамлекеттик тендерлерди утуп алган. "Азаттык" радиосунун тажик кызматы- "Озоди" радиосунун маалыматы боюнча, "Sifat Pharma" 2017-жылы негизделгенден бери бир нече миллион долларлык келишимдерге кол койгон.

Элчи катары Гулов тажик-түрк медициналык өнөктөштүгү боюнча жыйындарды өткөрүп, түрк ишкерлеринин Дүйшөмбүгө иш сапарын уюштурган. Мунун натыйжасында "Sifat Pharma" компаниясынын туунду ишканалары түрк жабдууларын өндүрүүчү "Dündarlar" фирмасы менен келишим түзгөн.

Гуловдун баш калаа Дүйшөмбүдө бир нече мүлкү бар. OCCRP жана Аzda TV Гуловдун атына катталган бир нече кыймылсыз мүлктү, анын ичинде Тажикстандын Эл аралык банкынын дарегиндеги кеңсесин таап чыгышкан.

2024-жылдын августунда Ашрафжон Гулов Тажикстандын БАЭдеги элчиси болуп дайындалган.

Элдияр Арыкбаев, OCCRP

Фирузи Махмадали, Azda TV

Мухамаджон Кабиров, Azda TV

Бишкектин сыртындагы Кой-Таш айылында кой жайган бала, 15-сентябрь, 2021-жыл
Бишкектин сыртындагы Кой-Таш айылында кой жайган бала, 15-сентябрь, 2021-жыл

Кыргызстанда социалдык ажырым күчөп баратат. Үч жыл мурун эле калктын эң бай катмары кедейлерден 5 эсе көп киреше тапчу. Учурда бул айырма 10 эседен ашты. Бул КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн арасында эң чоң ажырым. Кыргызстанда байлар байып, жакырлар ого бетер жакырланып кеттиби?

Бай, кедей деген ким?

Рынок экономикасында эл ар кандай шартта жашаганы табигый көрүнүш. Бирок капиталисттик өлкөлөр да социалдык ажырымды азайтып, орто классты түзүүгө умтулат. Ал үчүн жакыр катмарды колдоп, байларга көбүрөөк салык салуу сыяктуу түрдүү механизмдер колдонулат. Муну менен эл ичиндеги ресурстарды колдон келишинче тең бөлүштүрүүгө аракет кылышат.

Кыргызстанда калкты бай-кедей деп бөлгөн так көрсөткүчтөр жок.

Улуттук статистика комитети элдин жашоо деңгээлиндеги айырманы аныктоо үчүн калкты 20% беш топко бөлүп карайт:

  • I - эң көп киреше тапкан 20% катмар
  • II - 20%
  • III - 20%
  • IV - 20%
  • V - эң аз киреше тапкан 20% катмар.

Албетте, бай катмардын кирешеси башкалардыкынан көп. 2023-жылы элдин кирешесинин жарымы (48%) биринчи топтун колуна тийген. Ал эми эң кедей катмар 4,6% гана алган.

Жөнөкөй мисал менен карасак. Компанияда 100 адам иштейт дейли. Алар биригип жылына 100 млн сом айлык алат:

  • 20 адам 48,3 млн сом
  • 20 адам 23,3 млн сом
  • 20 адам 14,5 млн сом
  • 20 адам 9,2 млн сом
  • 20 адам 4,6 млн сом.

Башкача айтканда, биринчи катмар менен акыркы катмардын ортосундагы айырма 10,5 эсе. Ар кимиси жөндөмүнө жана тажрыйбасына жараша маяна алаары талашсыз. Бирок ажырым өсө берсе, жамааттын ичинде нааразылык чыгаары турган иш. Андыктан компания кызматкерлерге колдон келишинче бирдей шарт түзүүгө аракет кылышы маанилүү.

Кыргызстанда байлар менен кедейлердин кирешесиндеги айырма өтө чоң. Анын үстүнө бул ажырым барган сайын күчөп бара жатат.

Стастистикалык маалыматтарда 2020-жылы эң бай катмар эң кедей катмардан 5,9 эсе көп киреше тапкан болсо, кийинки жылдары бул айырма өсүп отуруп, 2023-жылы 10,5 эсеге жетти. Салыштырсак, Евробиримдикте жана коңшу Казакстан, Өзбекстанда бул айырма 5 эсеге жетпейт.

Байлар көбөйдүбү же кедейлерби?

Бул көрсөткүч сөзсүз эле байлар ого бетер байып, жакырлар мурункудан да жакырланып кетти дегенди билдирбейт. Эки катмардын тең кирешеси көбөйсө да, ажырым өсө бериши мүмкүн.

“Кыргызстанда эң көп киреше тапкан 20% катмардын да, эң аз киреше тапкан 20% катмардын да кирешеси өсүп жатат. Бирок биринчи катмардын кирешеси бир топ көбүрөөк өсүүдө”, - дейт Улуттук статистика комитети “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Башкача айтканда, бай-кедейлердин ажырымы жашоо деңгээли кандай өзгөрүп жатканын көрсөтпөйт. Бирок киреше эл ичинде башкача бөлүштүрүлө баштаганын, көбүрөөк бөлүгү бай катмарга тийип жатканын айгинелейт.

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли да өстү. Расмий статистикага ылайык, 2020-жылы калктын 25,3% жакыр деп эсептелсе, 2023-жылы 29,8%га чейин жетти. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли да өстү. Расмий статистикага ылайык, 2020-жылы калктын 25,3% жакыр деп эсептелсе, 2023-жылы 29,8%га чейин жетти. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул эмнеге маанилүү?

Ажырымдын өсүшү, биринчиден, экономикалык кесепеттерге алып келет. Байлыктын чоң бөлүгү чакан бир катмардын колуна топтолуп, элдин көпчүлүгү экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы боло албай калат. Ал эми дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, байлардын байышы өзүнөн өзү ылдыйкы класстарды тартып кетпейт. Тескерисинче, мамлекеттин кийлигишүүсүз ажырым күчөй берет. Кедей катмар керектөөнү өстүрбөйт, анын төлөө жөндөмү төмөн болот.

Экинчиден, социалдык кесепеттерге алып келет. Жакыр катмар сапаттуу кызматтарды ала албайт. Билим берүү, саламаттык сактоо системалары аксайт. Мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында кедей катмарда аялдардын төрөт учурундагы өлүмү кыйла жогору болот, гендердик теңсиздик күчөйт. Мунун баары жакыр катмардын адамдык потенциалын чектейт. Бир коомдо жашаган элдин чакан бир бөлүгү байыгандан байып, ал эми көпчүлүгү жакырлана бериши катмарлар ортосундагы кастыкты пайда кылат, мамлекеттик башкарууга нааразылык жаратат.

2020-жылдагы коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндө теңсиздикти күчөттү. Архивдик сүрөт. Индия, Мумбай.
2020-жылдагы коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндө теңсиздикти күчөттү. Архивдик сүрөт. Индия, Мумбай.

Мындан улам өлкөлөр ар кандай механизмдерди колдонуп, элдин жашоо-турмушун болушунча теңегенге умтулат. 2015-жылы дүйнө лидерлери 17 максаттан турган туруктуу өнүгүү программасын кабыл алышкан. Анын бири социалдык ажырымды кыскартууга багытталган.

“Социалдык ажырым аз өлкөлөрдө графика лимон формасында болот – үстүндөгү байлар аз, астындагы кедейлер да аз, ал эми ортосундагы элдин көпчүлүгүн орто класс түзөт. Бардык өлкөлөр ушул формага умтулат”, - дейт “Азаттыкка” берген маегинде социология илимдеринин кандидаты Кайрат Жамангулов.

2020-жылдагы пандемия дүйнө жүзүндө теңсиздикти күчөттү. Эл аларык эмгек уюму билдиргендей, ал жылы миллиардерлердин байлыгы 3,9 триллион долларга өсүп кетсе, жумушчу класстын кирешеси, тескерисинче, 3,7 триллион долларга азайган.

“COVID кризиси өтө бай катмар менен калган элдин ортосундагы ажырымды күчөтүп салды. Бирок мамлекеттердин кийлигишүүсү жакырчылыктын массалык түрдө өсүшүн алдын алды”, - деген пикирде изилдөөчү Лукас Чансел.

Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө таасир этти. Бирок Кыргызстан, көп өлкөлөрдөн айырмаланып, социалдык ажырымдын өсүшүнө туруштук бере албай келатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG