Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:59

Экономика

дүйшөмбү 2 Декабрь 2024

Алишер Усманов Владимир Путиндин жанында. 2017-жыл.
Алишер Усманов Владимир Путиндин жанында. 2017-жыл.

Кипр өкмөтү инвестициялык программа алкагында чет элдиктерге берген "алтын паспортторду" жокко чыгарууну улантууда. Жергиликтүү Politis гезити 77 адамдан турган "кара тизмени" жарыялады.

Басылма белгилегендей, чечимди Кипрдин Министрлер кабинети кабыл алган, ал эми тизме бир ай мурун түзүлгөн.

"Анда белгилүү орусиялык миллиардерлер, ошондой эле алдамчылык жана каржы кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүргөн малайзиялык Жо Лоу да бар", — деп айтылат макалада.

Тизмеде кимдер бар?

Чет элдик инвесторлор эле эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрү да "алтын паспортунан" кол жууганы турат. Politis жарыялаган документтин көчүрмөсүнөн орусиялык олигархтардын ысымына төп келген фамилияларды көрүүгө болот. Аты-жөнүнүн жанында ал кишинин жакындарынын канчоосунда "алтын паспорт" бар экени кашаанын ичинде жазылган.

Кипр паспортунун кубаты Евробиримдик аймагында эркин жүргөндө өзгөчө билинет.
Кипр паспортунун кубаты Евробиримдик аймагында эркин жүргөндө өзгөчө билинет.

Алсак, тизмеде "Русал" компаниясынын негиздөөчүсү Олег Дерипаска (+3), аталаш агасы Павел Езубов (+6), "Сафмар" мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун негиздөөчүсү Михаил Гуцериев (+7), ырчы Алсунун мурдагы бизнесмен күйөөсү Ян Абрамов (+4), "Альфа-Групптун" негиздөөчүсү Алексей Кузьмичев (+5), Алишер Усмановдун карындашы Гүлбахор Исмаилова (+1), Челябинск облусунун мурдагы губернатору Михаил Юрьевич (+7), "Русагро" компаниясынын кожоюну Вадим Мошкович, ошондой эле "Меркурий" компаниялар тобунун ээси Игорь Кесаев (+1), "Шереметьево" АК директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Александр Пономаренко (+4), ФСБнын мурдагы тергөөчүсү Сергей Ковбасюк (+4), "Транснефть" ишканасынын жетекчиси Николай Токаревдин кызы Майя Болотова (+1) бар.

Тизмеге паспорт берүүдө ортомчулук кызматын көрсөткөн юридикалык жана аудитордук фирмалар да кирди. Украиналык олигарх Игорь Коломойскийдин (+1) аты да жазылды.

Politis басылмасынын маалыматына караганда, колунда Кипрдин "алтын паспорту" барлардын айрымдарына кылмыш иши козголуп, полиция тергеп жатат. Макалада белгиленгендей, эгер чет өлкөлүк жаран жалган маалымат берсе, соттолгон болсо же жарандык алуу шарттарын аткарбаса, инвестициялык программадан четтетилет.

Басылма ошондой эле сентябрь айында мурдагы транспорт министри Мариос Димитриадис менен кошо жети киши кармалганын, аларга "инвестициялык программа алкагында чет өлкөлүктөргө "алтын паспортту" мыйзамсыз алууга жардам берген" деген айып тагылганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, кылмыш иши сотто 2025-жылы 16-январда карала баштайт. Димитриадис өзү коюлган айыпты мойнуна алган эмес.

"Алтын паспорт" амалы

Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Кипр инвестициялык программа үчүн жарандык сунуш кылуудан 2020-жылы жемкорлукка байланыштуу шектенүүнүн айынан баш тарткан эле.

Никос Анастасиадис.
Никос Анастасиадис.

Анда бул арал өлкөнүн президенти Никос Анастасиадис чаралар "Кипр Республикасында жемкорлукка каршы эң кубаттуу калкан тармагын түзүш үчүн мурда эч болуп көрбөгөндөй кийлигишүүнү өзүнө камтыйт" деген.

Бул өлкөнүн жарандыгын алыш үчүн 2,2 миллион евродон жогору инвестиция салуу жетиштүү болчу. Мындай жол менен жарандык алгандардын миңден ашууну орусиялыктар экени айтылган.

2019-жылдын ноябрь айына карата Кипрдин жарандыгын 4000 чет өлкөлүк адам алган. 2020-жылы август айында "Ал-Жазира" телеканалы иликтөө жүргүзүп, алардын 2,5 миңден ашуунунун тек-жайын аныктаган. Анын жарымына жакыны орусиялыктар болуп чыккан. "Ал-Жазиранын" иликтөөсүндө Кипр паспортун алгандардын басымдуу бөлүгү акчаны кылмыштуу жол менен тапканы тууралуу жазылган.

Кипрдин бул программасын Евробиримдик сындап келген. Биримдиктин лидерлери сатылган паспорттор чет өлкөлүк жарандарды салык төлөөдөн качууга түртүп, коррупцияны көбөйтөрүн белгилешет.

Кипрдин бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, бул программа мамлекетти банкроттуктан сактап калганын, ал эми паспорт мыйзамсыз инвестиция үчүн алынган учурлар иликтенип, аныкталса, жарандык жокко чыгарыларын айтып келет.

Алишер Усмановдун карындашы да тизмеде

Былтыр ноябрда Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) Кипр өкмөтүн 10 жылдан бери орусиялык ишкерлерге санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатат деп айыптаган. Журналисттердин айтымында, санкцияга илинген орусиялык ишкерлер Кипрдин кыймылсыз мүлк рыногуна инвестиция салышкан жана ошондон кийин аралда курулуш тармагында суроо-талап болуп көрбөгөндөй өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кипрдин эң ири банкы - Bank of Cyprus Орусия Украинага басып киргенден тартып орусиялык 7 миң кардарынын 20 миңдей эсебин жапканы кабарланган. Forbes басылмасынын ишенимдүү булагы бир гана Bank of Cyprus эмес, Hellenic Bank жана Alpha Bank сыяктуу башка жергиликтүү банктар да санкциядан корккондуктан орусиялыктардын эсептерин жаба баштаганын билдирген.

Орусия Украинага кол салгандан кийин өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усмановго каршы санкцияларын Европа Биримдиги биринчилерден болуп жарыялаган. Шаркет санкциялар боюнча түшүндүрмө берип жатып Усмановду "Орусиянын президенти Владимир Путин менен өзгөчө жакын байланышы бар олигарх" деп сыпаттаган. Кийинчерээк Усмановго АКШ, Улуу Британия, Австралия, Канада жана Жапония чектөө киргизген. Бул өлкөлөр олигархтын Кремлге жакындыгын белгилеп, аны режимди колдойт деп айыпташкан.

Алишер Усманов.
Алишер Усманов.

Алишер Усманов - Орусиядагы эң бай адамдардын бири. Forbes журналынын версиясы боюнча, 2024-жылы ал 13,4 миллиард доллар байлыгы менен орусиялык миллиардерлердин рейтингинде 9-орунду ээлеген.

Усмановдун бир тууган карындашы Гүлбахoр Исмаилова да санкцияга илингендер тизмесинде. Анын Өзбекстандан тышкары Орусиянын жарандыгы да бар.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Алишер Усманов Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилгенден кийин мүлкүнүн бир бөлүгүн карындашы Гүлбахор Исмаиловага өткөрүп берген.

Кийин Исмаилованын Улуу Британиядагы бардык мүлкү тоңдурулуп, бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган. Kарындашы Ташкенттеги Федорович атындагы клиникалык санаторийдин акцияларынын 82% да ээлик кылары айтылган.

2022-жылы Financial Times басылмасы өзбек өкмөтү Евробиримдиктен Алишер Усмановго салынган санкцияларды алып салууну суранып, чектөөлөр бизнесмендин өзбек экономикасына инвестиция салуусуна тоскоол болгонун жүйө келтирген деп жазган.

Расмий Ташкент Гүлбахор Исмаилованы да "кара тизмеден" чыгарууну суранганы айтылууда. Айрым маалыматтарга караганда, Исмаилова олигарх агасынын айрым мүлктөрүнө, мисалы, анын атына катталган 600 миллион долларлык "Дилбар" яхтасына ээлик кылат.

Айрым маалыматтарга ылайык, Исмаилова олигарх агасынын айрым мүлктөрүнө, мисалы, анын атына катталган 600 миллион долларлык "Дилбар" яхтасына ээлик кылат.
Айрым маалыматтарга ылайык, Исмаилова олигарх агасынын айрым мүлктөрүнө, мисалы, анын атына катталган 600 миллион долларлык "Дилбар" яхтасына ээлик кылат.

Ал тапта Германияда Алишер Усмановго коюлган "арам акчаны адалдоого аракет жасоо" деген айып боюнча териштирүү токтотулуп, бирок ал 4 миллион евро (4,36 миллион доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин 4-ноябрда Франкфурт прокуратурасы билдирген. Мекеме Усманов шектелген ыктымал мыйзам бузуулар Германия мамлекетине, Гессен аймагына жана бул өлкөдөгү адамдарга же мекеме-ишканаларга эч кандай каржылык залака тийгизбегенин белгилеген.

4 миллион евронун 1,5 миллиону кайрымдуулук уюмдарына, калганы мамлекетке чегерилери айтылууда.

Тергөө 11-октябрда убактылуу токтотулганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна башкы прокурор Георг Унгефук тастыктаган.

Германияда Усмановго байланыштуу териштирүү 2023-жылы башталган. Анын наркы дээрлик 600 миллион долларлык суперяхтасы 2022-жылы март айында камакка алынган.

Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту быйыл сентябрь айында Усмановдун 2 миллиард гривнадан (48,2 миллион доллар) ашуун каражатка барабар активдерин конфискациялоо чечимин кабыл алган. Ал иштей баштаса, мамлекеттин пайдасына 160 миң тонна темир рудасы жана "Петер-Сервис Украинанын" уставдык капиталы толук бойдон чегерилет. Аталган ИТ-компания Усмановдун көзөмөлүндө болчу.

2022-жылы украин Коопсуздук кызматы өлкөнүн деңиз портторундагы бир нече жашыруун кампада сакталган, Усмановго таандык темир рудасы кармалганын жарыялаган. Катылган чийки затты кеме менен Орусияга ташып, анын металлургия жана аскердик-өнөр жай комплексинин муктаждыктарына колдонуу пландалганы маалымдалган.

Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда жер үйү 120 кв/метрден ашкандар мүлк салыгын төлөй баштайт. Ал эми батир үчүн 80 квадраттан өйдө төлөнөт. Өкмөт бул кадам бюджетке кошумча киреше алып келерин билдирүүдө.

Эмне өзгөрөт?

Кыргызстанда үй ээлери азыр деле мүлк салыгын төлөшөт. Ал жашаган жериндеги калктын санына жараша эсептелет.

Мисалы, Бишкекте жер үй 150 кв/метрден, батир 80 кв/метрден ашса салык төлөнөт. Ал эми шаардын четиндеги эле Беш-Күңгөй айылында жер үй 360 кв/м, батир 290 квадраттан ашса салык салынат.

Учурда үйдүн аянты канча кв/метрден ашканда салык төлөнөт?

Айыл/шаардын калкы

5 миңге чейин

5-10 миң

10-20 миң

20-50 миң

50-100 миң

100-200 миң

200-500 миң

500 миңден өйдө

Жер үй (кв/м)

360

330

300

270

240

210

180

150

Батир (кв/м)

290

260

230

200

170

140

110

80

Өкмөт бул ыкманы өзгөртүүнү сунуштап жатат.

Биринчиден, калкы 100 миңден ашкан шаарлардын баары бир категорияга кирет. Ошондо Бишкекте (калкы 1,1 млн), Ошто (366 миң) жана Жалал-Абадда (130 миң) үйлөр бирдей каралат.

Экинчиден, үйдүн салык салынчу аянты азаят. Мисалы, учурда калкы аз айылдарда үй 360 кв/метрден ашканда салык төлөнсө, эми 170 кв/метрден өйдө төлөнө баштайт. Айырмасы эки эсе.

Үчүнчүдөн, батирлердин баары бирдей каралат. Бишкек же Беш-Күңгөй болобу, 80 чаарчы метрден ашса эле мүлк салыгы төлөнө баштайт.

Жаңы ыкма менен үйдүн аянты канча кв/метрден ашканда салык төлөнөт?

Айыл/шаардын калкы

5 миңге чейин

5-10 миң

10-20 миң

20-50 миң

50-100 миң

100-200 миң
100 миңден өйдө

200-500 миң

500 миңден өйдө

Жер үй (кв/м)

360
170

330
160

300
150

270
140

240
130

210
120

180

150

Батир (кв/м)

290
80

260
80

230
80

200
80

170
80

140
80

110

80

Максаты эмнеде?

Бюджеттин кирешесин көбөйтүүдө. Өкмөттүн маалыматында, 2023-жылы турак жайдан 342 млн сом салык чогулган. Жаңы ыкма менен эсептегенде кошумча 210 млн сом түшөт деп эсептелди.

Мүлк салыгын төлөгөн жарандар көбөйт.

Мисалы, учурда Бишкекте 140 кв/м үйдүн ээси салык төлөбөйт. Мыйзам кабыл алынса, 120 кв/метрден ашыкча болгон 20 квадратка салык төлөп башташы керек болот.

Ал эми 200 кв/м үйдүн ээси азыркыдай 50 квадрат үчүн эмес, 80 квадрат үчүн салык төлөп калат. Салыктын суммасы ар бир үйдүн өзгөчөлүктөрүнө жараша, коэффициенттер менен эсептелет.

25-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Данияр Төлөнов эмненин негизинде 120 чаарчы метр деп эсептелгенин сурады. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтуловдун айтымында, жер үйлөрдүн орточо аянты 122 кв/м экени аныкталган. Андыктан 120 кв/метрден чоң үйлөргө салык салуу сунушталып жатат.

Үй менен катар короодогу жер салыгы да көбөйөт. Бишкек менен Ошто 1 кв/м жер үчүн 150 сомдун ордуна 200 сом төлөнө баштайт. Айыл жергесинде бул акы 10 сомдон 30 сомго өсөт. Жер салыгынын көбөйүшү бюджетке кошумча 250 млн сом алып келет деп эсептелди.

Элдин жүгү оорлойбу?

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов коомчулук мүлк салыгынын өсүп жатканына кабатыр экенин айтты:

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов.
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов.

"Ошол боюнча эле кала бербейби? Атайын мыйзам менен салыктан бошотулган үйдүн аянтын эми кайра кемитип жатасыңар. Кайрылуулар түшүп жатат. Бул элге так маалымат бербегениңерден. Силер Экономика министрлигине барып, тийиштүү 5-10 адамды чакырып эле бүтүрүп коюптурсуңар. Андай болбошу керек да. Ошону үчүн элде суроо көп жаралып жатат".

Үй салыгын көбөйтүү өкмөттүн акыркы сунуштарынын бир гана бөлүгү. Турак жайга байланыштуу чоң өзгөрүүлөрдүн бири 12 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизүү болмокчу. Бул үйлөрдүн дагы кымбатташына алып келет.

Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов кошумча нарк салыгын киргизүү зарылчылыгын мындайча түшүндүрдү:

Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов.
Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов.

“2020-жылдан бери жаңы үйлөрдүн бир чаарчы метри орточо 736 доллардан 1257 долларга чейин өсүптүр. Эки эсе кымбаттап жатат. Мындай баа менен жөнөкөй адам ала албайт. Курулуш компаниялары ошончо пайда көрүп жаткандан кийин мамлекетке да салык түшүшү керек да”.

Депутаттар турак жайга байланыштуу өзгөрүүлөргө кооптонуу менен карап, кылдат мамиле кылууга чакырып жатышат. Камила Талиева салык чогултуу үчүн “бөрк ал десе, баш албаш керек” деди. Ал эми Шарапаткан Мажитованын пикиринде, Кыргызстанда үйлөр ансыз деле Европанын айрым өлкөлөрүнөн да кымбат болуп кетти.

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова.
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова.

“Үйлөр кымбаттаса, демек, муктаждык болуп жатат да. Бизде эл өсүп жатат. Турак жайга муктаж жарандарыбыз көп болуп жатат. Ипотекага 40 миңден үй салып жатат, бирок ошол да жетпей жатат. Курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын киргизе турган болсок, алар мурдагыдай ишин алдыга жылдыра албай калат. Андан көрө жеңилдик бере турган болсок, турак ж ай менен камсыздоо жеңилирээк болуп, жарандарыбыз камсыз болот беле деген ойду айткым келип жатат”, - деди Мажитова.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов өкмөттүн сунуштарына добуш бергенге чейин бизнес өкүлдөрү менен талкуу уюштурууну талап кылган. Ал талкуу бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңеште өттү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG