Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:22

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы орусиялык социалдык түйүндөрдө Кытайга барып, урук клеткасынын донору болууга чакырган жарнама өтө көп. Ал үчүн бою 162 сантиметрдан өйдө, дени сак, чырайлуу кыздарга бир нече миң доллар убада кылынат. Бирок Кытайда коммерциялык донорлукка тыюу салынган.

Учак билети төлөнүп, ыңгайлуу мейманканаларга жайгаштырылгандан кийин, донорлор кымбат тамак-аш менен камсыздалат. "Люди Байкала" басылмасы орусиялык кыз-келиндердин уругун тымызын саткан "базар" кандай иштеп жатканын иликтеп чыкты.

"Тердегенде жыттанасыңбы?”

22 жаштагы москвалык Анна (аты өзгөртүлдү) кардар үй-бүлө менен маектешүүгө даярданууда. Ал бетине өтө кылдат макияж жасайт, анткени кытайлар табигый сулуулукту жакшы көрүшөт. Узун кара чачын ийинине таштап, "делдең кулак" болуп көрүнүш үчүн чачын кулагынын артына кыстырып коёт - мындай кыздар Кытайда сулуу деп эсептелет.

Онлайн интервью котормочунун катышуусунда жасалат, бирок Аннанын камерасы гана ачык болгондуктан маектештери аны көрөт, ал эми орус кыз аларды көрө албайт.

Маек стандарттуу суроолор менен башталып, оболу Аннанын бою, салмагы, кан тобу, үй-бүлөсүн сурашкан. Ал алтынчы жолу маектен өтүп жаткандыктан, өзүн кандай алып жүрүүнү жакшы билип калган. Дайыма жылмайып турган жакшы. Оңой текшериле турган суроолорго туура жооп берүү зарыл, ал эми калгандарын калп айтса деле болот. Ошондуктан Анна чоң энесинин жашына дагы беш жыл кошуп койгон, анткени кытайлык кардарлар тегинде узак жашагандар болгон донорлорду баалашат. Кытайлык кардарлар орус кыздан камеранын алдында ары-бери басып, дене түзүлүшүн жана боюн көрүш үчүн босогодо турууну, тиштерин көрсөтүүнү суранышкан.

Бул жолу түгөйлөр Аннаны таң калтырган көптөгөн суроолорду беришкен. Мектепте математикадан кандай баа алганын, өз ишин жакшы көрөр-көрбөсүн сурашкан. Айрыкча "тердегенде жыттанасыңбы?” деген суроо Аннаны таң калтырган.

"Кытайлар такыр жыттанбайт. Биз алар үчүн жаман жыттанабыз. Бирок киши деген тердейт эмеспи. Мен аларга ооба, мен тердегенде жыттанам демек белем? Жок, жыттанбайм жооп бердим", - деп эскерет Анна.

Эки күндөн кийин ортомчу агент ага донорлукка тандалганын кабарлаган. Эми бир жумадан кийин Анна Кытайга учуп кетиши керек.

Бизнести сейилдөө менен айкалыштыруу

2024-жылы апрель айында дизайнер жана окуу жайда сырттан окуган студент Анна Инстаграмдан Кытайда урук саткан кыздын видеосун көрүп калат. Бул видео туристтик агенттиктин жарнамасына көбүрөөк окшоп кетет: кооз жерлер, кафеде отурган туристтер көрсөтүлөт. Андагы каарман кыз ошондой эле процедура үчүн төлөнө турган акчаны көрсөтүп, үч миңден жети миң долларга чейин тапса болорун айтат. Видео чет өлкөлөрдө, негизинен Кытайда урук клеткасын берүү үчүн кыздарды жалдаган агенттиктин баракчасына жарыяланган. Ошол эле жерде донорлукка талапкерлер "18 жаштан жогору, бирок 30 жашка чыга элек, арык да, толук да эмес, жаман адаттары жана тубаса оорулары жок болушу керек" деп жазылган.

Анна акча табуу жана мурда барып көрбөгөн Азияга бекер саякаттоо мүмкүнчүлүгүнө кызыгып, бизнести сейилдөө менен айкалыштырууну көздөйт. Буга чейин ал Орусияда алты жолу урук тапшырып, ар бир пункция үчүн 100 миң рублга чейин акча алган. Бир гана кедерги бар: Орусияда бул процедура мыйзамдуу, ал эми Кытайда тыюу салынган.

Анна "тобокелге салып барыш керекпи же жокпу" деп бир айдай убайымда жүргөн.

"Башында мындай суммага ишенген эмесмин. Ошол кезде интернетте Кытайда мунун баары көмүскө клиникаларда жүргүзүлөрүн, ал жакта кыздарды алдап, акча төлөнбөй жатканын жазып чыгышкан. Аны окуганда оюмдан кайта баштадым, баарын унуттум. Бирок бир айдан кийин эле кайра баягы жарнамага туш болдум".

Май айында ал агенттикке кайрылууну чечет. Аннага дароо менежерден сүрөттөрүн жөнөтүүнү өтүнгөн билдирүү келет. Ошондон кийин ага жашы, бою, салмагы, билими, кан тобу, айыздын башталыш убакыты жана өзү жөнүндө кыскача маалымат сураган анкета сунушталат. Антимюллер гормонун текшерүүгө кан тапшырып, жамбашы УЗИден өткөндөн кийин гинеколог урук клеткасынын санын эсептейт. Адатта ай сайын алардын бири өөрчүп чыгат, анын ичинен уруктанууга даяр урук клеткасы пайда болот. Бул изилдөөлөр донор боло турган кыздан канча урук алууга болорун болжолдоого мүмкүндүк түзөт.

Ошол учурда Анна башка талапкерлер жана уругун тапшырган кыздар баарлашкан чатка кошулат. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин Кытайга барууга бел байлайт да, ал жерден башка бир агенттин байланыш номурун таап, ага да өзүнүн маалыматын жөнөтөт.

Орус кыз өзүнүн портфолиосуна студияда тартылган сүрөттөрдү кошуп, ортомчу агенттер аны кардарларга көрсөтө башташат. Агенттер Аннаны чырайлуу, көздөрү чоң, тегерек беттүү, ак жуумал жана узун кара чачы бар экенин белгилешет. Бирок салмагы кытай стандарты боюнча өтө эле жогору болуп чыгат - бою 1,70 сантиметр, салмагы 70 килограмм. Аннанын айтымында, "кошумча" салмагынан улам, алгачкы беш маектешүүдөн өтпөй калган.

Ал жети килограммга арыктагандан кийин дароо аталган программага тандап алынат. Анна кытайлык үй-бүлөнү "донорлордун" чаты аркылуу таанышкан агент аркылуу табат. Ал ортомчу агент кытайлык күйөөсү менен чогуу иштеген беларус аял экен. Алардын кызматкерлери жок, интернетте өздөрүн жарнамалоого акча коротушпайт. Анна ушундан улам ортомчуга агенттик жети миң доллар сунуштаган деген пикирде.

Кийин баары тездик менен жүрөт. Донорлор гормоналдык стимуляция курсунан өтүшү керек. Бул аял кадимки овуляция учурундагыдай бир же эки эмес, кеминде он урук алыш үчүн керек.

Гормоналдык стимуляция Кытайда жасалат, ал циклдин экинчи күнү башталат. Кардарлар көпкө күтүүнү каалабагандыктан, төрт күн ичинде алар Аннага шашылыш виза жасатып, билет сатып берет. Ал инфекция, кан тобу жана резус-факторго кан тапшырып, 26-июнда Кытайга учуп кетет.

Урук клеткасын ким сатат?

Июль айында RTVI Телеграм-каналы Кытайда урук клеткасына донорлукту жарнамалаган көптөгөн видеолор Инстаграмдын орус сегментинде утур-утуру чыга баштаганын байкаган.

Видеолор ELVA LEGACY аккаунтунда жарыяланган. Инстаграмда жана агенттиктин сайтында чыккан маалыматка караганда, анын негиздөөчүсү - 2015-жылы Кытайга модель болуп иштегени барып, ал жактан урук клеткасын сатуу мүмкүнчүлүгүн байкаган орусиялык кыз. Кийин ал досу менен чогуу агенттик иштетип, былтыр өз алдынча ELVA LEGACY дегенди ачкан.

"Мени менен 700дөн ашык кыздар программадан өттү", - деп бир нече жолу кайталайт агенттиктин негиздөөчүсү. Бирок аталган уюм кантип жана кайда катталганы тууралуу маалымат сайтта жок. Ал эми агенттик "Люди Байкала" басылмасы менен маектешүү үчүн акча талап кылган. (Басылманын редакциялык саясатына ылайык, журналисттер акчага маалымат ала алышпайт).

Социалдык тармактарда ELVA LEGACY агенттигинин видеолору эң популярдуу болгону менен, рынокто жалгыз эмес. "Люди Байкала" басылмасы Кытайда донорлукту сунуштаган кеминде 18 аккаунтту тапкан. Ал баракчаларда таңгакталган акча, жаңы Iphone жана Macbook'тардын сүрөттөрү, "бала жытын искегенге зар болгон жубайларга жардам берүү" мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирүүлөр жайгаштырылган. Донор болууга негизинен Орусия, Беларус, Украина жана Казакстандын жарандары чакырылат.

Көпчүлүк баракчалар донорлук агенттиктерге же жеке агенттерге таандык экени айтылат. Каттоо күбөлүгүн бир гана Genetique agency агенттиги расмий сайтына жарыялаган. Ал 2022-жылы Британияда катталып, 2023-жылы декабрда компания аталышын Contract for models деп өзгөрткөн. Британияда урук тапшырууга уруксат берилген, бирок чыгымдарды жабуу үчүн кенемте каралган. Былтыр Genetique agency LTD компаниясынын активдеринин жалпы баасы 18 миң фунт стерлингди түзгөн.

Агенттиктин кызматкерлери медицина менен алектенбейт. Алсак, Инстаграмдагы Da Donation аккаунтундагы видеодо донорлуктун пайдасын соцтармактардагы сүрөттөрүнө караганда 2018-2020-жылдары жасалма кирпик тагып, учурда менежер болгон адис түшүндүрөт. Ал эми Sunshine egg donation agency сайтында жасалма уруктандыруу (ЭКО) боюнча медициналык кызматкер катары ишкер, бизнес чөйрөсүндө коуч, Советтик соода институтунун Волгограддагы филиалынын бүтүрүүчүсү көрсөтүлгөн.

Ыктымалдуу ата-энелерди координациялоо үчүн жооптуу делген кызматкер бир нече жыл мурун астрология менен алектенген. Жогоруда аталган агенттиктердин өкүлдөрүнүн бири да интервьюга катышуу өтүнүчүнө жооп берген жок.

Sunrise family агенттигинин негиздөөчүсү Константин (аты өзгөртүлдү) кытайлык кардарлар үчүн донорлорду издөөнү "мындай агым пайда боло элек кезде", 2016-жылы баштаганын айтат. Ал анда Кытайда жашап, Орусияга товар сатчу.

"Анда менин сүйлөшкөн кызым, өнөктөшүм Кытайда донорлук программадан өтүп аткан. Ошондо славян улутундагы кыздар келсе, суроо-талап жакшы болот деп ойлогонбуз", - дейт Константин.

Константин сүйлөшкөн кызынын "бул чөйрөдө" чоң байланышы болгонун айтып, башка маалымат берген жок. Бул тааныш-билиштер аркылуу алар жергиликтүү кардарларга чыгышкан. Донорлорду орус тилдүү соцтармактардан издешкен, бирок иш жай жүргөн. Алгачкы алты айда агенттик бул өлкөдө жашаган бир кыз үчүн гана программа уюштура алган. Бирок чыгымдар аз кеткен, акча жарнама үчүн гана керектелген. Бардык медициналык процедуралар, донорлордун жол киресин жана жатаканасын кардар төлөгөн.

"Ошол эле учурда биз кыздардын келечекте балалуу болушуна терс таасир эткен аракеттерди жасап жаткан жокпузбу деп дарыгерлер менен кеңешип аттык", - дейт агенттиктин жетекчиси.

Константиндин айтымында, алар биринчи кардарлары "сулуу" балдарды төрөй баштаганда таанымал болуп калган. 2020-жылы айына онго жакын кыз донорлук программага кошула баштаган.

Агенттикке туугандары балалуу бол деп кыстаган бойдок эркектер, балага зар жубайлар жана ЛГБТ жамаатынын өкүлдөрү кардар болот.

Донорлуктун баасы ар кандай факторлор менен чегерилет. Кыз бааны өзү коё алат, аны агент кардарларга жеткирет. Бирок адатта ортомчулар донор кыздардын маалыматынын жана рыноктук кырдаалдын негизинде бааны бычканга жардам беришет. Кардарлар биринчи кезекте сырткы келбетине, боюна, салмагына жана жүзүнө карашат. Кытайлык кардарларга мең, сепкили бар же кызыл чачтуулар жакпайт. Татуировкасы, жасалма кирпиги, бетинде филлери бар кыздар агенттикттерди такыр кызыктырбайт. Донорлордун сырткы келбетине талаптар өзгөрүшү мүмкүн. Агенттиктер учурда "сүйкүмдүү" жана "назик" кыздар бааланып жатканын айтып, кыздардан көбүнчө көйнөк кийип, жылмайган сүрөттөрүн жөнөтүүнү суранышат.

Абройлуу университеттерден жогорку билим алган жана чет тилдерди билген кыздардын баасы жогору болот. Кардар ошондой эле айрым таланты барларга "балким, эненин мыкты жактары балага өтөр" деген ойдо көбүрөөк акча төлөйт. Муну менен катар Кытайда жашаган чет өлкөлүк донор кыздарга талап көп, анткени аларга жол кире төлөнбөйт.

"Эң аз дегенде үч миң доллар төлөш керек. Эң көп болгондо 15-16 миң доллардын тегерегинде төлөгөнбүз", - дейт Константин.

Анын айтымында, агенттик ар бир кыздын акысынын 30% алат. Анна болсо өзү тапкан агенти программадан өткөн ар бир донор кыз үчүн эки миң доллар аларын айтат.

Негизинен донорлор менен иштөөгө орус тарап жооптуу. Кардарларды табуу жана бардык медициналык процедуралар кытайлык өнөктөштөрдүн мойнунда.

Эмнеге Кытайда көмүскө базар өнүгүүдө?

2020-жылы бир нече университеттин студенттери кытайлык The Paper басылмасынын редакциясына аялдардын ажатканасынын дубалдарына урук донорлорун чакырган жарнактары өтө көп чапталганын кеткенин айтып, кайрылышкан.

Ал басылманын кабарчысы кошумча "жумуш" издеп жүргөн кыздай болуп, жарнамада көрсөтүлгөн агентке чалган. Ал Кытайда "урук кыздар" же "урук эжелер" деген кызматтын баасын айтып берген. Алсак, "премиум класстагы" урук клеткалары алдыңкы университеттердин студенттеринен алынган, баасы 40 миң юань (5,5 миң доллар) турат. Эң арзан донорлордун кызматы 10-20 миң юань (1,4-2,8 миң доллар) - ал кыздардын сырткы келбети жөнөкөй, бою кыска, жогорку билими жок делет. Ошол эле жылы Phoenix Weekly басылмасы кытайлык жубайлардан 150 000 юань (20 500 доллар) алган кыз менен байланышкан. Алардын бойго жеткен жалгыз уулу сууга чөгүп каза болгондуктан, жубайлар дагы бир жолу балалуу болууну каалашкан. Бул колунда бар үй-бүлө сапаттуу "материал" үчүн көп каражат төлөөгө даяр болгон.

Кытайда урук клеткасын сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыктан, донорлор менен эч кандай келишим түзүлбөйт, бирок дубалдагы жарнактар тазаланып, провайдерлер интернеттеги жарнактарга бөгөт коюлса деле бул бизнестин түрү өнүгүп-өсүп келет. Негизи өлкөдө ЭКО процедурасы үчүн урукту мыйзамдуу түрдө сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (2018-жылдан баштап - Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын) "Жардамчы тукум улоо технологияларга жана адамдын сперма банктарына тиешелүү нормаларды, техникалык стандарттарды жана этикалык принциптерди кайра карап чыгуу боюнча циркулярына" ылайык, эгерде аялдын жасалма уруктандыруу процедуралары үчүн өзүнүн уруктары жок болсо, ал башка бейтаптардан калган материалды гана колдоно алат. Жылдап кезек күткөндөр үчүн мындан башка да чектөөлөр бар. Мындай урук клеткасын алууга төрөбөстүгү тастыкталган, никеси бар аялдар укуктуу.

Кыйын абалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу - Кытайдын мыйзамдары тыюу салган атайын агенттиктерге кайрылуу. Алар кардарларга урук клеткасын бере турган донорлорду таап берет. Керек болсо карын энелерди (суррогат энелерди) таап, болочок баланын жынысын тандоого мүмкүнчүлүк берип, төрөлгөндөн кийин ымыркайга документтерди даярдашат.

Кытайдагы карын энелер рыногун изилдеп жаткан Кембридж университетинин докторанты Цзайчжоу Линин айтымында, өлкөдө иштеп жаткан мындай агенттиктердин санын жана донорлук урук менен канча үй-бүлө балалуу болгонун айтуу өтө кыйын. Мындай компаниялар коопсуздук чараларынан улам кардарлардын маалыматын сакташпайт. CCTV телеканалынын маалыматы боюнча, 2021-жылы өлкөдө 400дөн ашык көмүскө агенттиктер иштеген. Ошол эле жылы China news weekly басылмасы уюштурган маекте Кытайдагы эң чоң жана эң эски карын эне агенттиктеринин биринин негиздөөчүсү Лу Цзиньфэндин эсеби боюнча бул тармакта отуз миңден ашык адам иштейт деп айтылган. Булар агенттер жана дарыгерлер. Алардын айрымдары мамлекеттик клиникалардагы жумушуна кошумча мыйзамсыз процедураларды жасашса, кээ бир дарыгерлер толугу менен көмүскө операцияларга өтүп кетишкен.

"Люди Байкала" басылмасынын кабарчысы өзүн донорлукка талапкер катары көрсөтүп, Кытайда урук клеткасын сатууну сунуштаган орус тилдүү беш агенттикке кат жазып, "бул мыйзамдуубу?" деп сураган. Бирөө "мыйзамдуу" десе, экинчиси "мыйзамсыз" деп жооп берген. Эки агенттиктен мамлекеттик клиникадан урук ала албай, чет элдик аялдарга кайрылууга аргасыз болгон жубайлар экенин айтышкан. Дагы бирөө донорлукка уруксаты бар айрым клиникаларда гана уруксат берилгенин жазган.

"Sunrise familyнин" жетекчиси Константин анын кол астындагы кыздар "мындай жараяндын ийне-жибине чейин" билерин айтат. Бир учурда донорду полиция суракка алып, ал тургай Константин өзү да укук коргоо органдары менен сүйлөшүүгө аргасыз болгон. Бирок аларды агенттик менен карын эне кызматы боюнча иштешкен кытайлык өнөктөштөрү кызыктырган. Мындан улам компаниянын жетекчиси Тайландга көчүп барып, ошол жактан каттоодон өткөн. Бул өлкөдө да коммерциялык донорлук мыйзамсыз, бирок "жеке клиникалар көрмөксөн болгондуктан" Кытайдагыдай жашырынуунун кереги жок.

Константин кардардан донорго чейинки бул чынжырдын эң аялуу жери - операциялар жасалган лаборатория же клиника экенин жашырбайт. Көп учурда бир лаборатория бир нече агенттик менен кызматташат жана анын жайгашкан жери кылдат жашырылган.

"Мени эми органга сатышат"

Анна донорлук программасына Кытайдын түштүк-батышындагы 32 миллион калкы бар Чунцин шаарында тартылган. Кызды мейманкананын он сегизинчи кабатындагы чоң терезелери бар бөлмөгө жайгаштырышкан. Аны бардык процедураларга агент жалдаган, котормочу аркылуу сүйлөшкөн кытайлык жигит алып барган.

Аннанын этек кири башталганда, клиникага алып барышып, "бир топ анализдерди" тапшырткан. Ошондон кийин бир медайым анын бөлмөсүнө күн сайын түштөн кийин саат төрттө келип, гормоналдык дарыларды сая баштаган. Анна жүзү көрүнүп тургандай кылып бардык жараянды видеого тартып, агентке жөнөтүп турган. Фолликулалардын туура өрчүп жатканын текшерүү үчүн аны үч күндө бир ирет клиникага алып барып турушкан.

Программанын эрежелерине ылайык, спирт ичимдиктерин ичүүгө, тамеки тартууга, спорт менен машыгууга жана жыныстык катнашка барууга болбойт, башка каалаганын кыла алат. Анна шаар кыдырып, жергиликтүүлөрдүн чогуу сүрөткө түшүү өтүнүчүн четке какчу эмес. Ошентип, ал кытайлык студент кызга жолугуп, аны менен бир нече күн кооз жерлерди кыдырган. Анна жаңы досуна эмне үчүн күн сайын саат төрттө мейманканага кайтуу керектигин түшүндүрө алган эмес.

"Агент мага бул жерде эмне кылып жүргөнүмдү кытайларга айтпай эле койгонум жакшы экенин түшүндүрдү. Мен жаңы таанышкан кызга Москвадагы кытайлык үй-бүлө үчүн донорлук программадан өтүп жатканымды айттым. Алар мага Кытайга жолдомо белек кылганын, дарылар калыбына келиши үчүн ийне сайылып жатканын түшүндүрдүм. Дээрлик чындыкты айттым десем болот", - дейт Анна. Жаңы досу Кытайда донорлук кызмат мыйзамсыз болгондуктан тынчсызданып жатканын айтaт. Анна ага Орусияда бул иш толугу менен мыйзамдуу экенин түшүндүргөн.

Программанын адаттан тыш эрежеси - жеген тамак-ашын сүрөткө тартып, агентке жөнөтүү. Бир-эки күн Анна тамак-ашты агенттиктин акчасына өзү сатып алган, бирок дарыгерлерге тамактагы протеиндин аздыгы жакпай калган. Кийин агенти ага балык, эттин түрүн алып бере баштаган. Мындан тышкары Анна күнүгө эртең менен сууга бышкан төрт жумуртка жана төрт порция сүткө аралашкан белок ичиши керек болгон.

Орусиядагы программадан айырмаланып, Кытайдагы стимуляцияда Аннанын курсагы шиший баштаган. Анын айтымында, ары-бери өткөндөр аны кош бойлуу дей баштаган. Пункцияга бир-эки күн калганда ысыкта басуу өтө кыйын болгондуктан, көчөгө чыкпай калган.

Стимуляция 10 күнгө созулган. Акыркы процедура - урук пункциясында - агенттин жардамчысы адаттагыдай эле Аннага келип, бирок клиникага эмес, башка бир үйгө алып барган. Ал жигит кыздын телефонун жана бардык документтери салынган сумкасын алып, колуна иероглифтери бар кагаз чаптап койгон. Көп өтпөй Анна төрт кытайлык аял менен бирге ак түстөгү микроавтобуска отурат. Ал унаанын ичинен көчөнү да, айдоочуну да көрө алган эмес.

"Мен ошондо бир аз дүрбөлөңгө түшө баштадым. "Болду, эми мени кескилеп сатышат" деп ойлодум. Кытайлык аялдарды көргөндө бир аз тынчтанып калдым. Алар сүйлөшүп, күлүп баратышты. Мен "эгер мени жергиликтүүлөр менен алып баратышса, балким, баары жакшы болот" деп ойлодум.

Алар бизди бир жакка алып келишти, машиненин эшигин ачышты, ошондо унаа бир имараттын кире беришинде токтоп турганын түшүндүм. Башкача айтканда, киргенде эле тепкич менен көтөрүлөсүң. Биз тепкич менен көтөрүлдүк, так ошол жерде операциялык бөлмө жана палаталар бар болчу. Бул кадимки оорукана эмес экенин, көмүскө бир клиника экенин байкадым. Бир аз корктум, анткени буга чейин мен кадимки ооруканаларда, жакшы клиникаларда текшерилгем. Пункция да ошол клиникаларда жасаларына ишенгем", - деп эскерет Анна.

Анан баары Орусияда кандай болсо, ошондой уланган. Аннаны гинекологиялык отургучка отургузуп, наркоз беришкен. УЗИнин көзөмөлү астында көңдөй ийне менен энелик бездерин тешип, жетилген уруктарды алып чыгышкан. Жарым сааттай убакыт өткөндөн кийин Анна ойгонуп, келген кытайлык аялдар менен бирге кайра микроавтобуска түшүп, агент менен жолугушууга кеткен. Ал Аннага буюмдарын тапшырып, "калыбына келтирүүчү тамчылатма" алуу үчүн аны кадимки ооруканага алып барган. Бирок ошол түнү орус кыздын ичи катуу ооруй баштаган.

Кайрадан ооруканага

"Мен төшөктө кыймылдай албай жаттым. Ичим аябай ооруп, шишип кетти. Дем ала албай калдым. Бул мен үчүн эң жаман түн болду. Абдан корктум, анткени Москвада мен процедурадан кийин басып эле кетчүмүн. Бир да жолу мындай сезим болгон эмес", - дейт Анна.

Таң атпай Аннаны ооруканага алып барып, кан басымын өлчөп жатканда, кусуп жиберген. Ага кайра "калыбына келтирүүчү тамчылатма" берилип, кечинде оорусу басылып калган. Орус кыз мейманканада түнөгөн. Оорудан улам ал уругун берген үй-бүлө менен жолугушууга бара албай калган. Алардын атынан бир кытайлык агент кыз ыраазычылык иретинде бир баштык таттуу көтөрүп келген.

"Алар мени абдан кылдаттык менен карашты. Бул мени эмнегедир тынчтандырды. Дарыгерлер абдан боорукер болчу. Мен өзүм баса албасам да, колумдан жөлөп ажатканага алып барышчу. Кытай агентим мен үчүн абдан кабатырланды. Мейманканага чыкканда, баары жайындабы деп сурай берчү, эгер мага бир нерсе керек болсо, өзү келип жасап берем дейт эле".

Пункциядан төрт күндөн кийин Анна кайра Москвага учуп кеткен. Ал агент менен эч кандай келишимге кол койгон эмес, бирок Орусияга келгенден кийин убада кылынгандай, ага жети миң доллар накталай төлөнгөн. Акчаны алганы Аннанын жигити барган. Төлөмдү банк эсебине которуу да каралган, бирок анда доллардын курсу кыйла төмөн болмок.

Кытайлык дарыгер ичинин оорушу анестезияга реакция болушу мүмкүн экенин айткан. Анна өзү уруктун гиперстимуляция синдрому пайда болгон деп шектенет. Орусияда ага мындай кыйынчылыкка кептелип калышы мүмкүн экени эскертилген.

Орусияда кыз-келиндер донорлук программага кирүүнүн алдында текшерүүдөн өтүшү керек. Анда алар канча сапаттуу урук клеткасын бере аларын гана эмес, донорлуктун ага зыяны бар же жогу да текшерилет. Мисалы, эмчекте шишиктер бар-жок экени, жатын моюнчасынын абалы, кандын уюшунун көрсөткүчтөрү каралат. Ал эми Кытайда баары жеке дарыгерлердин абийирине көз каранды. Мындан тышкары кандайдыр бир хирургиялык кийлигишүү, атүгүл пункция сыяктуу жеңил-желпи процедуралар да кооптуу болушу мүмкүн. Америкалык репродуктивдүү медицина коомунун маалыматы боюнча, оорунун өтүшүп кетүү коркунучу 0,5% кем эмес. Жамбаш органдарынын инфекциясы, кан токтобой калышы жана энелик бездин түйүлүп калышы толук ыктымал. Анестезияга байланышкан тобокелдиктер "өтө аз" делгени менен, алар такыр жок деп айтууга болбойт.

"Аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн же пункциядан кийин кан агуу, энелик бездин гиперстимуляциясы болушу ыктымал. Аял чукул медициналык жардам алаарына толук ишене алабы? Ал эми донор аял урук клеткаларын берип, Орусиядагы үйүнө кайтып келсе, дарылануусуна ким жооп берет? Башкача айтканда, бул учурда ал өз көйгөйүн жалгыз өзү чечиши керек болот", - дейт репродуктолог Надежда Веряева.

Анна кийин агенти менен өзүнүн абалын талкуулаган. Aл Кытайда кыздар гиперстимуляциянын жеңил түрлөрүнө көп дуушар болорун, балким, дарыгерлер алдын ала сактанып, дары-дармектердин чоң дозасын берген болушу мүмкүн экенин айткан. Бирок баары аман-эсен үйүнө кайтып барышарын белгилеген. Sunrise family агенттигинин жетекчисинин айтымында, анын агенттиги кызматташуу үчүн клиникаларды кылдаттык менен тандайт жана сегиз жылдан бери алардын донорлору "бир нече жолу" ооруканага жатып "тамчылатма" алган.

"Люди Байкала" басылмасы Кытайдагы донорлук программалар учурунда жапа чеккен орусиялык кыз-келиндер тууралуу маалымат таба алган эмес. ЖМКларда кытайлык аялдар тууралуу гана маалыматтар бар. Мисалы, 2017-жылы мектеп окуучусу көмүскө клиникада пункция менен 21 уругун алдырып жатканда өлүп кала жаздаган. 2019-жылы студент кыз энелик безинин гиперстимуляция синдромунун оор түрү менен ооруканага жаткырылган. Кытайлык кыз донорлук кылгына үчүн төлөнүүчү акчага жаңы Iphone алгысы келгенин айткан.

Үч миңдик сулуулар

"Ооба, мен эриндеримди жасаткам, бирок алар укмуш чүчпарадай эмес. Сиз филлерсиз, операциясыз, татуировкасыз кыздарды каалайсыз! Азыр ар бир экинчи аялдын бир нерсеси жасалма, түшүнөсүзбү? Бул жашоодо табигый сулуулук жок!" - дейт Краснодар шаарынын тургуну 22 жаштагы Оксана (аты өзгөртүлгөн).

Жазында ал Кытайда донорлукка тандап алынган. Оксана Орусиядагы мурунку программасынан үч ай убакыт өткөнгө чейин күтүп, портфолиосуна сүрөт чогултуп жүргөн. Бирок жайында күтүлбөгөн жерден ага тандоо эрежелери катаалдашканын айтышкан. Эми агенттер эриндеги филлер, кашындагы жана башка үч татуировкасынан улам аны менен иштешпейт.

Акыркы убакта Кытайга барууну каалагандардын арасында атаандаштык күчөп, баалар арзандап кеткен. Агенттиктер коронавирус пандемиясы учурунда Орусиядан донорлор өлкөгө кире албай калган маалда кызматтарын эң кымбат баада сатышкан. Кытай 2023-жылы чет элдиктерге чек арасын ачканда, агенттер жаңы кыздарды ишке көп тарта башташкан.

"Азыр эки миңге араң кардар тапкан жөнөкөй бир кыз, коронавирус учурунда сегиз миң долларга кетип аткан. Баалар абдан арзандады, анткени чырайлуу кыздар үч миң долларга деле Орусиядан учуп кетүүгө макул", - дейт агент Кристина.

23 жаштагы Кристина беш жылдан бери Вьетнамда жашайт. Бир жарым жыл мурун ал досунун артынан бул өлкөгө барып, биринчи жолу урук клеткасын берип, "оңой акча" табуунун даамын сезген. Андан кийин Кытайда жана Тайланддагы программаларга катышкан. Бир гана көйгөй бар эле: кийинки донорлукка чейин тыныгуу үч айдан кем эмес болушу керек эле, ошондуктан Кристина ортомчулук акысын алып, досторун тааныш агенттерге жөнөтө баштаган.

"Кыргызстанда жана Казакстанда да донорлук урук клеткалары менен жасалма уруктандыруу жана карын энелик тармагы өнүгүп жатат. Мен бул өлкөлөргө барууну пландап жатам. Ал жакта баары абдан арзан. Азыр базар кытайлар үчүн атайын курулуп жатат"
Константин

"Кийин мен ЭКОго арналган группалардан кардарларды, Инстаграмдан да кыздарды издей аларымды түшүндүм. Эртеби-кечпи, курбу кыздарым түгөнмөк. Анан мен алардын маалыматтарын өзүм тааныган агенттерге жөнөтө баштадым. Бир канча убакыт өткөндөн кийин агенттиктер өздөрү мени таба башташты", - дейт Кристина.

Кристина Кытайдагы жергиликтүү агенттер кыздардын ар бир кадамын көзөмөлдөп турганына кыжырданып, ага бул өлкөдө донорлук кылуу жакпай калган. Тайланд жана Вьетнамда абал таптакыр башкача. Орусиялык Кристина кардарлар орточо эсеп менен миң долларга аз төлөгөнүнө карабай, дал ушул өлкөлөр менен иштешет.

"Алардын баары булут үстүндө учуп жүргөндөй. Алар көп нерсеге маани беришпейт. Мени жөн гана сүрөтүмөн тандашыптыр. Мен өзүмдүн сүрөтүмдү фотошоп кылып келсем деле болмок экем деп ойлодум. Же башка бирөөнүн сүрөтүн жөнөтсөм деле болмок", - дейт Кристина.

Ал агент катары деңгээлин бийик кармоого аракет кылат. Кардарлары билет үчүн ашыкча акча төлөбөшү үчүн негизинен Азияда жүргөн кыздарды гана сунуштайт. Ошондой эле Камбоджа, Лаос, Кипр, Грузия менен иштешет. Орусияда чет элдиктерге кызмат көрсөтүүгө тыюу салынып, Украинада согуш башталгандан кийин Грузия "суррогат туризминин" популярдуу өлкөсүнө айланган. Кристинанын айтымында, Грузияда эмбрион имплантациялоо үчүн уруктарды ошол эле Кытайдын жарандары сатып алышат.

Муну Константин да ырастайт. Ал ишин Кытайда түптөсө да, бара-бара Түштүк-Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрү жана АКШ менен иштеше баштаган.

"Бирок менин кардарларымдын баары кытайлыктар. Учурда Кыргызстанда жана Казакстанда да донорлук урук клеткалары менен жасалма уруктандыруу жана карын энелик тармагы өнүгүп жатат. Мен бул өлкөлөргө барууну пландап жатам. Ал жакта баары мыйзамдуу, абдан арзан. Азыр базар кытайлар үчүн атайын курулуп жатат", - дейт Константин.

Июль айында "Люди Байкаланын" кабарчысы Кристина менен биринчи жолу байланышканда, ал жакында Кытайдан сунуштар келбей каларын боолгогон. Анткени 2025-жыл жылан жылы, ата-энелер баласынын бул жылы төрөлүшүн каалабашы мүмкүн, анткени алар баланын мүнөзү "жыландай" болуп калышы мүмкүн деп ойлошот. Бирок ноябрда кырдаал кескин өзгөрүп, кардарлардан кайрылуулар эселеп түшө баштаган.

Ыктымал донорлор да сүрөттөрүн жөнөтүүнү улантууда. Elva Legacy агенттигинин Телеграм-каналында жүргүзгөн сурамжылоосу көрсөткөндөй, кыздардын 42% карыздан кутулуу үчүн Кытайга барууну каалашат.

Үйүнө кайтып келгенден кийин, Анна жаңы программага катышуу үчүн Кытайга эч качан барбайм деп ойлогон. Ал тапкан жети миң долларын банк эсебине салган. Эмдиги жылы москвалык кыз турмушка чыгып, балалуу болууну пландап жаткандыктан, бул үчүн акча керектигин айтат.

Бирок процедурадан кийин оорулары басылып калган соң, бул жолу өзү жана жакындары үчүн көбүрөөк акча табууну чечкен. Ноябрдын аягында ал Кытайга учуп кеткен. Агент ага урук клеткасы үчүн сегиз миң доллар төлөөгө даяр кытайлык үй-бүлөнү таап берген.

Анна программага биринчи жолу учуп барганда, агент ага анча-мынча кыйынчылыктар болушу мүмкүн экенин эскерткен, бирок ал бул сөздөрдү олуттуу кабыл алган эмес, анткени Орусияда баары ойдогудай болгон. Эми ал мындай тобокелдиктерди түшүнүп турса да, баарына кайыл экенин айтат.

Макаланын автору Софья Сухонос. Кыргыз тилине которгон Элвира Будайчиева.
Иликтөөнүн оригиналын орус тилинде бул жерден окуй аласыз
Өкмөт мүчөлөрүн кайым айтыштырган салык саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00

Cалыктын айрым эрежелерин жумшартуу боюнча маселеден улам өкмөт мүчөлөрү ортосунда эки ача пикир жаралды. Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын бардык товарга эмес, беш гана түрүнө киргизүү керектигин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Амангелдиев муну анын жеке пикири катары сыпаттады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG