Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

Касымалиев Вашингтондо ГЭС курулушун каржылоо боюнча сүйлөшүү өткөрөт


Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын жазгы жолугушууларына катышуу үчүн АКШнын борбору Вашингтонго барды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Сапар алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен жолугуп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Адылбек Касымалиев АКШдагы ишкерлер менен жолугарын да өкмөттөн кабарлашты.

Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду жазгы жолугушуулары жыл сайын уюштурат.

Буга чейин кыргыз өкмөт башчылары да бул жолугушууларга катышып, өлкөдөгү Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу сыяктуу ири долбоорлорго каржы табуу маселесин талкуулап келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG