Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:02

Экономика

бейшемби 5 Декабрь 2024

Бишкек.
Бишкек.

Жолдордогу тыгын менен транспорттук коллапс Бишкектин жана Казакстандын ири шаары Алматынын тургундарына, экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Эки шаар тең СССР убагында курулуп, автоунаанын мынчалык көптүгүнө ылайыкташкан эмес.

Автоунаанын көчөгө батпай калышы адамдын саламаттыгынан тартып жалпы экономикага чейин, ар кыл тармактарга олуттуу таасирин тийгизет. Тажрыйба көрсөткөндөй, Борбор Азиянын эки шаарынын муниципалитеттеринде бул көйгөйдү чечүү үчүн өз "ыкмасы" бар.

Жүргүнчү түйшүгү

2024-жылы Бишкектин жака белиндеги конуштар кошулуп, шаар дээрлик үч эсе кеңейтилди. Бул биринчи кезекте олуттуу транспорттук көйгөйлөргө кептеди. Жол тыгыны кадимки көрүнүшкө айланды.

Мэр Айбек Жунушалиев 2024-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча шаарда дээрлик 417 миң автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машиналарды эске алганда Бишкекке күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын белгилеген. Ал ошол эле маалда калаанын машина өткөрүүгө жарактуулугу 350 миң автоунаага эсептелгенин билдирген.

Буга байланыштуу муниципалитет көчөлөрдөгү тыгынды азайтуу үчүн бир катар чараларды көрдү. Тактап айтканда, шаар аралык каттамдар өтө турган Чыгыш жана Батыш автобекеттери калаа сыртына көчүрүлдү. Борбордук жана айрым чектеш жолдор кеңейтилип, мектеп окуучуларынын жана студенттердин окуу графигине өзгөртүү киргизилди.

Мэрия тыгынды азайтуунун дагы бир амалы катары борбордогу машиналарды номерине карап кезек менен чыгарууну, аймактан келгендеринен төлөм алууну сунуштаган.

Атай Самыйбек.
Атай Самыйбек.

Шаар пландоо маселеси боюнча консультант, Sonun Urban Design компаниясынын директору Атай Самыйбек мындай демилгелерден эч кандай майнап чыкпайт деген пикирде.

"Көпчүлүк үй-бүлөнүн эки, атүгүл үч автоунаасы бар, кезектешип айдашат. Каалаган мыйзамды жазса болот, бирок аны ишке ашыруу маанилүү маселе. Автоунаадан көз карандылыкты азайтуу үчүн айдоочунун А чекитинен В чекитине чейинки жолун, анын күнүмдүк сценарийи кандай экенин түшүнүү керек. Бизде мындай маданият азырынча жок. Шаар тургундары балдарын кайда таштайт, алар үйгө жакын жердеги мектепке барабы, жөөбү же жол жүрөбү, аларды жеке машина же такси менен алып барыш керекпи деген суроолорго жооп берчү, шаардагы кыймыл боюнча атайын изилдөө базасы жок".

Самыйбектин айтымында, шаардык мэрия коомдук транспорттун ишин жакшыртууга аракет кылууда, бирок жасала турган иш али көп.

"Жолдордогу бардык автоунаа токтотуучу жайлар алынды, ишканалар ыңгайлашууга аракет кылууда, жөө жүргөндөр бара-бара көбөйдү. Бирок жарандардын басымдуу бөлүгү көптөгөн тоскоолдуктарга карабай жеке унаасы же такси менен жүрөт, анткени коомдук транспорттун тейлөө сапаты дагы эле коопсуздук жана ыңгайлуулук стандарттарына жооп бербейт. Ооба, баарыбыз эле тыгында турабыз, бирок аба жетпей, жайында ысык, кышында тар автобуста тургандан көрө машинаңда кофе ичип отурган жакшы эмеспи", - дейт Атай Самыйбек.

Эксперт ошондой эле Бишкек шаарында автобустар кириптер болгон кырсыктарды эске салды.

"Мунун себептеринин бири алар линияда иштеген убакта белгилүү бир сумманы чогултушу керек деген талапка байланыштуу. Атаандаштык ээрчишкен каттамдар ортосунда пайда болот. Айдоочулар такыр акча чогултпаш үчүн бул норманы алып салуу керек".

Самыйбектин пикиринде, шаардагы мектепке чейинки мекемелерди жана мектептерди бөлүштүрүүнү жакшыртуу деген дагы бир жол бар.

"Бишкекте балдардын дээрлик көпчүлүгү бир жерде жашаса, шаардын башка жагындагы мектепке барыш үчүн бир-эки саат жол жүрөт. Шаардагы жол кыймылы маселеси ушул дисбалансты оңдогондо гана чечилет" - дейт ал.

Ал тапта Бишкек мэриясы 2-декабрдан тартып муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылганын билдирди. Эми төлөмдөрдү көзөмөлдөө коомдук транспортко орнотулган жана Кырдаал борборуна туташтырылган жүргүнчүлөрдү эсептөө системасы аркылуу ишке ашырылат. Мэр Жунушалиев ошондой эле коомдук транспорттун айдоочуларын ай сайын психикалык текшерүүдөн өткөрүүнү сунуштап, тиешелүү симуляциялык тесттерди өткөрүү үчүн компьютердик кабинеттер даярдалганын билдирди.

"Пландалган 33 жол түйүнү бар, жасалганы нөл"

Бишкектин Башкы архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Акимов "Азаттыкка" курган маегинде муниципалитет шаардагы жол кыймылы көйгөйүн изилдеп жатканын, ошондуктан бардык министрликтер менен ведомстволорду калаанын түштүк тарабына - президенттик администрациянын жанына көчүрүү демилгеленип жатканын айтты.

Азирет Акимов.
Азирет Акимов.

"Эмне үчүн адамдар жашаган конуштарынан шаардын борбордук бөлүгүнө келишет? Себеби ал жакта социалдык объектилер жана тейлөөнүн башка түрлөрү жетишсиз, адамдарга бош убактысын өткөргөнгө шарт жок. Башкача айтканда, бул көп катмарлуу маселе, бардыгы бири-бири менен байланышкан", - деген Акимов эксперттердин пикирине кошулат.

Ал Бишкектеги кырдаалды талдап чыгуу жана шаарды 2050-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу үчүн келген жапониялык Nikken Sekkei компаниясы ишинин биринчи этабын бүтүргөнүн кошумчалады.

Акимовдун айтымында, компания Бишкектин 2025-жылга чейинки Башкы планы канчалык аткарылып жатканын изилдеди.

"Транспорттук инфраструктураны түзүү жагынан алганда, планды ишке ашыруу пайызы өтө төмөн, болжол менен 15-20%. Алсак, документте бир нече деңгээлдүү жол түйүндөрүнөн 33тү куруу каралган, жасалганы нөл. Бирок келерки жылы биз беш жол өтмөгүнүн курулушун баштоону пландап жатабыз, анын үчөө "Манас" аэропортун президенттик администрациянын жаңы имараты менен байланыштырган маршрут болот.

Nikken Sekkei жүк ташыган темир жол каттамын шаардын сыртына чыгарып, калаа ичинде жүргүнчү ташый турган гана каттамды калтырып, аны модернизациялоону жана катуу ылдамдыкка өткөрүүнү сунуштоодо. Мындай ыкма Бишкекке күн сайын жумушка, окууга же социалдык тейлөө мекемелерине каттаган жүргүнчүлөр үчүн өтө зарыл болмок. Анткени алар да тыгындын пайда болушунун бир себеби".

Акимов экинчи этап алкагында жеңил рельстүү транспорт системасын куруу да сунушталып, чиймелер даярдаларын белгилейт. Бул үчүн шаардын тийиштүү бөлүктөрү аныкталган.

"Мен автодон кутулуу керек деп анчейин катуу айткым келбейт, бирок адамдар баары бир ошол жолго келүүгө аргасыз болот. 2050-жылга чейинки концепцияда шаар ичинде кыймылдын беш-алты түрү, транспорттун метродон башка дээрлик бардык түрү болору жазылган. Автомашина менен жүрүү мүмкүн эмес же чыгымы көбүрөөк болуп калгыдай кылуу керек".

"Дүйнөдө тыгын маселесин автоунаага шарт түзүү аркылуу чечкен шаар жок"

Ноябрь айынын башында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Бишкек шаарындагы автоунаа санын кыскартуу зарылдыгын айтып, Казакстандын Алматы шаарына чакырылган чет өлкөлүк урбанист адис жолдорду тарытып, айрымдарын жаптырткан мисалды келтирди.

"Ал "шаарда автомобиль айдоочуларына чыдагыс шарт түзүү керек, анткени шаар жөө жүргөндөр жана жарандар үчүн" деген оюн айткан", - деп баса белгиледи Сариев.

Чынында эле даниялык архитектор Ян Гел 2015-жылы Алматыда жөө жүргүнчүлөргө жана велосипедчендерге ылайыкташкан шарт түзүү долбоорун иштеп чыгып, "шаар машина эмес, адам үчүн" деген концепциясын сунуштаган. Бирок Алматы шаарында жол тыгыны меселеси азыр деле чечиле элек. Айрыкча күзүндө жана кышында кырдаал оорлоп, көйгөй ого бетер курчуйт.

Urban Forum Kazakhstan өкүлү Диас Маратулы абалды жакшыртуу үчүн "адам каттамына байланыштуу маселени чечүүгө киришүү керек" деп эсептейт.

Диас Муратулы.
Диас Муратулы.

"Бизде машинаны өтө зарыл болбосо деле колдоно берүү аябай кеңири жайылган көрүнүш. Алсак, 4-5 орундуу машина менен жалгыз бир эле киши жумушка барып келет. Көчөдө жана унаа токтотуучу жайларда тыгын жаралат. Мисалы автомобилдештирүү деңгээли биздикинен да жогору болгон Европа өлкөлөрүндө машинаны шаар сыртына саякатка чыкканда же азык-түлүк сатып алуу үчүн барганда гана колдонушат. Ал эми күнүмдүк жашоодо коомдук транспорт, велосипед, электр чыгырыгы, мопед менен жүрүшөт. Биз мына ушуга жетишүүбүз керек. Шаарда канча автоунаа бар экени эмес, алардын канчалык көп колдонулганы маанилүү. Теориялык жактан алганда, адам жолго чыгып жатканда үч параметрдин негизинде тандайт: ылдамдык, чыгым жана ыңгайлуулук/коопсуздук. Биз бул факторлорду көзөмөлдөй алабыз. Эгерде адам өзүнүн машинасына караганда коомдук транспорт же электр чыгырыгы менен тезирээк жетсе, анда комфорттун бир аз төмөндөшүнө карабастан ал экинчисин тандайт".

Казакстандык серепчи айдоочу жолго чыгарда өз машинасын тандабай тургандай кылыш үчүн унаа токтотуучу жайдын акысын көтөрүүнү жана айрым жерлерге акча төлөмөйүнчө кире албагыдай кылуу керек деп эсептейт.

"Бизде унаа токтотуучу жай абдан арзан, саатына болжол менен 100-150 теңге (0,20-0,30 доллар тегерегинде). Ошондой жайды чексиз колдонууга мүмкүндүк берген абонемент киргизишти. Негизи тескерисинче болушу керек. Эгерде унаа токтотуучу жайдын баасы, мисалы, беш эсе кымбат болсо, абонемент жок болсо, машинаны ал жерге үч сааттан ашык коюуга болбойт деп коюшса эл жеке автоунаа менен жүрүүсүн токтотор эле. Дүйнөдө тыгын маселесин автоунаага шарт түзүү аркылуу чечкен шаар жок", - дейт Маратулы.

"Троллейбус бар жерден аны алып салуу кылмышка тете"

2018-жылы Алматыда узундугу 65 километрден ашкан көп тилкелүү чоң айланма жол - БАКАДдын курулушу башталган. Анын максаты тыгынды көптөгөн айланма жол аркылуу, транспорт агымын шаардын сыртына чыгаруу менен азайтуу экени айтылган.

Быйыл октябрда Алматынын акими Ерболат Досаев "транспорттук базанын башкы планы" бекитилгенин жана андагы негизги артыкчылык коомдук транспорт - метро, LRT (light rail transport - жеңил рельстүү транспорт - ред.) жана автобус үчүн бөлүнгөн атайын линияларды өнүктүрүү болорун билдирген. Анын айтымында, "негизги капиталдык инвестиция жана ири долбоор курулушу" келерки жылы башталат.

Ноябрь айынын башындагы маалыматтарга ылайык, күн сайын Алматынын көчөлөрүнө 700 миңден ашык автоунаа чыгат. Тыгын көйгөйүн чечүү үчүн шаардан чыгып, андан ары Бишкекке кетүүчү жолду кеңейтүү маселеси да каралууда.

Деген менен казакстандык эксперт Елена Ерзакович бул ыкма суу кечпей турганын айтууда:

Елена Ерзакович.
Елена Ерзакович.

"Улам жаңы түйүндөрдү куруу же көчөнү кеңейтүү мүмкүн эмес экенин баары түшүнүп турат. Көптөгөн коомдук транспорт каттамынын сапатына, жыштыгына жана жеткиликтүүлүгүнө көңүл буруу керек. Биз бир нече жылдан бери шаардын негизги проспектилеринин бири болгон, күнүнө он миңдеген машина каттаган Ал-Фарабиде атайын тилке түзүү маселесин талкуулап келе жатабыз. Буга чейин бул тилке коомдук транспорт, тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөр үчүн керек экенин көп талкууладык. Бирок жакында эле акимчилик BRT (bus rapid transit, тез ылдамдыкта жүрүүчү автобус – ред.) тилкесин түзүүгө камынып жатканын билдирди. Бул ири инвестицияны талап кылат. Азыр деле ал тилкени түзсө болот эле, аны кийин BRT системасына кайра өткөрүүгө эч ким тоскоол болмок эмес. Бул жөн гана саясий эркти талап кылат, миллиарддаган акча керектелбейт".

Ерзакович ошондой эле Казакстандын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн бийликтери экологияга зыян келтирген автоунаага чектөө киргизип, транспорттук паркты жаңыртуусу керектигине көңүл бурду.

"Теориялык жактан алып карасак, автоунаанын 2/3 бөлүгү көчөгө такыр чыкпашы керек, башкача айтканда, биз машинага экологиялык жактан коюлган талаптардан бир топ артта калдык", - дейт Ерзакович.

Ал ошондой эле Борбор Азия шаарларында жол кырсыгы көбөйүшүнө токтолуп, анын себебин ылдамдык чеги жана жолдогу жарыктын аздыгы менен түшүндүрдү.

"Биз жол, жолдогу адам көрүнүп тургудай эң жакшы шарттарды түзүүгө көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Бирок бул жалгыз эле Ички иштер министрлигинин милдети эмес, шаардык мэриянын да, инженердик корпустун да жалпы милдети", - дейт эксперт.

Серепчи октябрь айында Кыргызстандын борбор калаасында өткөн Urban форумуна катышканын, анда башка көйгөйлөр менен катар Бишкектеги троллейбус зымдары алынып жаткан маселе да талкууланганын айтты.

"Жүрөгүмө бычак тийгендей эле болду. Анткени, менин оюмча, троллейбус энергияны үнөмдөө жагынан да, экологиялык жактан да эң туура транспорт түрлөрүнүн бири. Троллейбус бар жерде аны алып салуу кылмышка тете. Бишкек администрациясы аларды электробус менен алмаштырарын айтып жатат. Бирок колдонуу жагынан ал электробус долбооруна караганда техникалык тейлөөгө азыраак чыгымды талап кыларын билип туруп, троллейбус системасын эмнеге жок кылышарын түшүнбөй турам. Автономдуу троллейбустар базарда толтура, алар ошол эле электробус сыяктуу, бирок кошумча оор батарея экспорттоону талап кылбайт", - дейт Ерзакович.

Айып пулду көбөйтүү таасир этеби?

Жыл башында Бишкек мэриясы жол агымын анализдеп, автоматтык түрдө жөнгө салган "акылдуу" жол чырактар да тыгынды азайтууга жардам берерин билдирген.

Сентябрь айынан бери баш калаанын бардык жол чырактарын көзөмөлдөп келе жаткан транспорт ишканасынын директору Ильич Эшимканов жол кыймылын автоматташтырылган башкаруу системасы али ишин баштай электигин билдирди.

Ильич Эшимканов.
Ильич Эшимканов.

"Жол чырактардын алгоритмин орнотуудан мурун Бишкектин үстүнөн дрон учуруп, анализ жүргүзгүбүз келет. Алар бир нече саат бою тынымсыз тартып жүрөт. Бул бизге негизги тыгындар кайсы мезгилде жана кайсы көчөлөрдө пайда болорун, транспорт агымын эсептөө системасы керекпи же жокпу, түшүнүү үчүн зарыл. Жол чырактан тышкары борбордук көчөлөрдө мыйзамсыз токтотулган автоунааны эвакуациялоо менен алектенебиз. Учурда бизде 16 эвакуатор бар, анын алтоону ижарага алып иштетебиз. Алардын ишин онлайн көрүү үчүн баарына GPS трекер коюлган. Ал программа ошондой эле биздин айдоочулар кандай ылдамдык менен айдап баратканын көрүүгө мүмкүндүк берет. Алар талап кылынган 70 км/сааттан ашып, эскертүү берген бир нече учур катталган".

Ишкана кошумча эвакуаторлорду сатып алууну жана талаштуу кырдаал жаралган учурда видеого тартып алыш үчүн кызматкерлерге атайын камера тагып берүүнү пландоодо.

"Биз автопаркыбызды толуктоонун ар кандай варианттарын карап жатабыз, лизинг же грант болушу мүмкүн. Мурда машинаны мыйзамсыз токтоткондор үчүн айып пул 1300 сом болсо, биз күйүүчү майдын, тетиктердин, кызматкерлердин эмгегинин баасын эсепке алып, айып өлчөмүн көбөйтүү керектигин белгилегенбиз. Ошондуктан 20-ноябрдан тартып айып пул 2000 сомго чейин көтөрүлгөн. Биз муну тарбиялык таасири болсо деген үмүт менен жасадык. Бир айда бир эле айдоочунун автоунаасы үч-төрт жолу эвакуаторго салынып кеткен учурлар болгон, анткени алар айып пул төлөп кутулам деген ойдо каалаган жерге токтото беришет".

Ал эми бишкектиктер шаар бийлигинин машинаны эвакуатор менен алып кетүү аракетин ар кандай баалап жатышат.

Эшимканов айдоочулар көпчүлүк учурда нааразылыгын билдирерин, атайын унаа токтотуучу жай жок болгондуктан машинасын ар кайсы жерге токтотуп коюуга аргасыз экенин айтып даттанарын белгилөөдө. Бирок бул маселегe алардын башкармалыгынын тиешеси жок экенин айтууда.

Бишкек шаарындагы унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги маселесине 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди да кайрылды. Ал мэр Жунушалиевге борбор калаада жер астында унаа токтотуучу жайы болбосо, жаңы имарат курууга уруксат бербөөнү тапшырды.

Буга чейин шаар бийлиги көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар 40 жерге куруларын убада кылган.

Автор Наргиза Осмонова. Макаланы жазууга "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Багдат Асылбек катышты.

Садыр Жапаров менен Юн Сок Ёль.
Садыр Жапаров менен Юн Сок Ёль.

Президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореядагы расмий сапарынын алкагында энергетика, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашык документке кол кол коюлду.

Тараптар эки өлкөнүн 30 жылдан ашкан дипломатиялык алака-катышын дагы бекемдөөнү талкуулады.

Соңку кездери расмий Бишкек Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Сеул менен жигердүү кызматташып келет.

Түштүк Корея соңку кездери миңдеген кыргыз мигранттарына эшигин ачкан өлкөгө айланды.

Садыр Жапаровдун Сеул сапарынын алкагында 3-ноябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта жолугушуу болду. Анын администрациясынын билдиришинче, тараптар эки өлкөнүн 1992-жылы негизделген алака-катышы өнүгүп жатканын белгилешти. Садыр Жапаров анда бул өлкөнүн президентинин Борбор Азия мамлекеттери менен алака-катышты чыңдоого багытталган K-Silk Road демилгесин колдой турганын билдирди.

"Садыр Жапаров Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин, өлкөлөрдүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктердин жоктугу эки тараптуу форматта да, көп тараптуу аянтчаларда да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жагымдуу шарт түзөрүн белгиледи. Ал саясий диалогду, анын ичинен өкмөттөрдүн жана парламенттердин деңгээлинде өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Аймактардын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Президент бул демилгени колдоорун белгилеп, Кыргызстан аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирип өттү. Кыргыз жаштарынын корей маданияты менен тилине болгон кызыгуусу артып жатканын, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы Корея Республикасы менен экология жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн айтып, биргелешкен “жашыл долбоорлорду” ишке ашырууга жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Бул сапардын алкагында негизинен билим берүү, энергетика, экономика, билим берүү багытында бир нече макулдашуу, документтерге кол коюлду.


Кыргызстан Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Түштүк Корея менен алакасын активдүү жүргүзүп келет. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1 миллиард доллардын тегерегинде. Мунун 99% ашыгы Түштүк Кореянын товарларынын экспорту түзөт.


Сеулдагы Ханян университетинин студенти, активист Нурсултан Алтыбаевдин пикиринде, соңку геаосаясий окуялардан улам эки өлкөнүн алака-катышын мындан ары дагы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү ачылып жатат:

Нурсултан Алтыбаев.
Нурсултан Алтыбаев.

"Бүгүнкү жолугушуулар жана кол коюлган келишимдерди абдан жемиштүү деп бааласак болот. Бул эки өлкөнүн президенттеринин экинчи жолугушуусу, буга чейин БУУнун жыйынынын алкагында бир аз сүйлөшүп, жолуккан жайы бар. Түштүк Кореянын президенти Борбор Азияга барганда, Кыргызстанга бурулбай, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда болгон. Мурунку президенттери дагы Кыргызстанда болгон эмес. Биздин президенттин деңгээлиндеги иш сапар экинчи жолу болуп отурат. Бул сапардын негизги өзөгүн эки өлкөнүн комплекстүү байланышын бекемдөө ниети түзөт. Кийинки жылы июлга белгиленген Борбор Азия-Корея саммити президенттердин деңгээлинде өтөт. Бул саммит буга чейин министрлердин деңгээлинде көп жолу өттү. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтө элек болчу. Былтыр парламент төрагаларынын деңгээлинде болгон. Бул жагдай жалпысынан Түштүк Корея Борбор Азия мамлекеттеринин рыногуна өзгөчө көңүл буруп жатканынан кабар берет. Негизи бул мамлекеттин биздин чөлкөмдөгү эң негизги өнөктөшү Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан болуп саналат. Ошого карабай Орусия менен Украинанын согушунан кийин Москва менен мамилеси солгундап кеткендиктен, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну арттыруу максатында активдүү иштеп жаткан учуру. Биз дагы ушул учурду пайдаланып, көптөгөн натыйжаларга жете алабыз го деп ойлойм. Бүгүнкү келишимдерге бир аз көз жүгүрткөнгө жетиштим. Негизгиси билим берүү тармагы, экономика, энергетика тармагы, инвестиция багыты экен. Бул келишимдердин мындан аркы ишке ашуусунан көп нерсе көз каранды".

Былтыр Бишкекке Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк келип, кыргыз бийлик башчылары менен жолуккан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ал жолугушууда эки тараптуу сооданын көлөмү өсүп жатканын белгилеген. Анда Кыргызстандагы машина импортунда Түштүк Корея биринчи орунда турарын белгилеп, Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компанияларынын автоунаа заводдорун Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түштүк Кореяда болгон.

Түштүк Корея Кыргызстанга санариптештирүү жараянына колдоо көрсөтүп, мунун алкагында Жогорку Кеңешке баасы 200 миң долларлык жабдуу берген. Жыл башында Улуттук коопсуздук комитетинин Киберкоопсуздук борборунда Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) көмөгү менен Компьютердик окуяларга ыкчам чара көрүү борбору (SOC) ачылган.


Учурда Орусиядагы соңку окуялардан, ар кандай чектөөлөрдөн улам, эреже-талаптар катаалдап жаткандыктан, ал жактан Түштүк Кореяга кеткен кыргызстандыктардын саны көбөйүп баратканы айтылып келет. Бир канча жылдан бери кыргыз жарандарын бул өлкөгө жумушка орноштурууга байланыштуу атайын программа иштейт. Былтыр Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, азыр бул өлкөдө 9,5 миңдей кыргызстандык иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Түштүк Корея менен кызматташууда бул өлкөнүн технология жаатындагы тажрыйбасына басым жасалышы керек деген ойдо:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

"Түштүк Корея - технология жагынан дүйнөдөгү алдыңкы үчтүккө кирген өлкө. Ал өлкөдөн ала турган, үйрөнө турган нерсе - технология. Эгер алар чындап бизде ишканаларды ачса, анда биз алардын технологияларын үйрөнө баштамакпыз. Менимче, биринчи кезекте алардын инвесторлорунун бизде ишканаларды курушуна жол ачуу керек. Эки өлкөнүн ортосунда соода-сатык болуп жатканы, албетте, жакшы. Биз алардан жүз миңдеген долларга машина алып, андан ары сатып пайда көрүп жатабыз. Инвестиция деген негизи соода менен башталат. Бул абдан жакшы, бирок сооданын аркасы менен ортодо бир конкреттүү ишкана ачылса жакшы болмок. Жалгыз эле машина эмес, медицина, косметология жана кийим тигүү тармагында чогуу иштешсе болот. Анткени бул тармактарда эң алдыңкы орунда турган өлкө. Эми азыр соода болуп жатат. Ошонун артынан биз инвесторлорго сунуштарды беришибиз керек. Силерден импорт кылбай, ошол нерселерди бизде өндүрө баштайлы деп ынандырып, ага шарт түзүшүбүз керек. Мамлекет координатор болуп, жергиликтүү ишкерлер менен кореялык ишкерлердин байланышына мүмкүнчүлүк түзүп берсе, абдан жакшы болот эле".


Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү Асман шаарын курууга 20 миллиард доллар керек деп эсептеген жана курулушка түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдирип жатканын маалымдаган.

Ал компаниянын чоо-жайы, планы тууралуу кеңири маалымат бериле элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG