21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) 19-майга чейин камакка алды. Адвокаты Айбек Турдуев сот активистти буга чейин эле сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарганын, бул жолку отурумда так күнү белгиленгенин айтты.
Ал активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу суроого жооп берип, Тилекмат Кудайберген уулу менен чогуу “бул маселе боюнча эч кандай дооматыбыз жок” деген чечим кабыл алышканын кошумчалады.
УКМК 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген.
Активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазышкан.
Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Тилекмат Кудайберген уулу менен байланышып, Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген.
Ушул эле күнү укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялагандан кийин кармалып, камалган.
Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ушул окуядан бери Дубайда жашап жаткан.
Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан. (BTo/AiB)
Шерине