Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталганын билдирди. Алардын Кыргызстанда жүрүү боюнча тиешелүү уруксат кагаздары жок болгон.
Чет өлкөлүтөр жана цехтин өкүлү Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.
Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.
Министрлер кабинети 2024-жылга чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.
Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат. (BTo)
Шерине