Кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Страсбургда Евробиримдиктин институттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөдөгү демократиянын абалы боюнча да талкуу жүргүзүп жатканы маалым болду. Бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда демократия, адам укугу боюнча маселе курчуп жатканын белгилеп келишет.
Кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Страсбургда Евробиримдиктин институттары менен сүйлөшүүлөрлү көтөрүп, өлкөдөгү демократиянын абалы боюнча да талкуу жүргүзүп жатканы маалым болду. Бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда демократия, адам укугу боюнча маселе курчуп жатканын белгилеп келишет.
Эл арасында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү 2005-жылдагы 24-март окуясына быйыл 20 жыл болду. Аскар Акаевдин бийлигин кулашына алып келген негизги себептер, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы элдик толкундоонун сабагы тууралуу сөз кылабыз.
Батыш лидерлери Украинага чет элдик аскерлерди жайгаштыруу маселесин талкуулашат. Бул тууралуу украин лидери Владимир Зеленский билдирди.
Негизги байлыгын Казакстанда жыйнаган, тунгуч президент Нурсултан Назарбаевге жакын адамдардын бири болгону айтылган теги кыргызстандык миллиардер Александр Машкевич деген ким?
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору бир жылга жетпей жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону белгилүү болду.
1-апрелге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына абадан дрон менен чабуул койгон жок. Бул жыл жаңырганы мындай алгачкы көрүнүш. Украин күчтөрү болгону эки ракетаны атып түшүргөнүн кабарлашты.
31-мартта президент Садыр Жапаров Тажикстандын Кожент шаарына барды. Султанбай Айжигитов аны мандатынан ажыраткан Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылды. АКШ президенти Дональд Трамп Путинди коркутуп, Зеленскийге басым жасады.
Султанбай Айжигитов аны Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Боршайкомдун чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылды. БШК өткөн аптада Айжигитов 2021-жылы депутаттыкка талапкер болуп катталганда шайлоо мыйзамын бузган деп тапкан.
Президент Садыр Жапаров 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарына барды. Ал тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара, жол, суу жана энергетикага байланыштуу ратификацияланган грамоталар менен алмашуу протоколуна кол коюшту.
Бишкек шаар башкармалыгы Чыңгыз Айтматов көчөсүн кеңейтүү аракетин көрүүдө. Ал үчүн жол боюнда жайгашкан 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгү сүрдүрүлөрү айтылды. Киргизия конушунун тургундары "кызыл китепте" көрсөтүлгөн чектен чыкпаганын жүйө келтирип, жеке менчик укугу бузулуп жатканын айтууда.
27-мартта Парижде 30дан ашуун өлкө лидерлери чогулуп, Украинага согушта жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүүнү талкуулашты. Алар жаңы жардамды убада кылып, Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу боюнча сунуштарды карады.
Дагы жүктөңүз