Ишкер Жалил Атамбаев менен экс-депутат Салайдин Айдаров "уюшкан кылмыштуу топту каржылаган" деген шек менен кармалды. Орусиянын бийлиги Украина менен чектеш аймактардан элди эвакуациялоону тапшырды. Блогер Адыл Акжол уулу эки айга камалды. Парижде 33-жайкы Олимпиада аяктады.
Оштогу таанымал ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров уюшкан кылмыш топторун каржылоого шек саналып камакка алынды.
8-августта Бишкектин Октябрь райсоту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеваны “Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесип, шарттуу түрдө жаза чегерди. Алиевага катталган мүлктүн баасы 2,2 млрд. сом экени айтылып жатат.
Кыргызстанда "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам боюнча реестрге ыктыярдуу катталуу мөөнөтү аяктаганына бир жума болду.
Астанада Борбор Азия башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу өттү жана аймактагы кызматташууну өнүктүрүүго багытталган документтерге кол коюлду.
Бишкекте Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Курск аймагында "федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" жарыялады. Парижде эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
9-августта Астанада өтө турган Жапония-Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити болбой калды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-августта Астанага барды. Ал жакта 9-августта боло турган Борбор-Азия+Жапония форматындагы саммитине катышмакчы. Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан Жапония менен алакада кайсы багыттарга артыкчылык бериши керек?
Беш жыл мурун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында башаламандык чыгып, атайын кызматтын офицерине ок тийип каза тапса, Чүйдүн милиция жетекчисинин башына таш тийип, майып болуп калды. Сот жараяны төрт жылдан бери бүтө элек. Офицердин өлүмүнө ким жоопкер?
Сот кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеваны жети жылга кесип, бир жылдык шарттуу жаза берди. Алиевага катталган 13 мүлк мамлекеттин эсебине алына турган болду. Орусиянын бир катар аймактарында мигранттарга каршы ири рейддер жүрүүдө. Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары төрт медал утту.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге Интерполдун линиясы менен издөө жарыялап, Октябрь райондук соту аны сыртынан камакка алууга чечим чыгарды. Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалды. Орус жергесиндеги мигранттарга басым күчөгөн шартта Москвадагы элчиликтин дарегине сын айткандар арбын. Жаңы элчи мигранттар менен кандай иштешет? Ал эмнелерге көнүл бурушу зарыл?
Дагы жүктөңүз