Юстиция министри учурда алты коммерциялык эмес уюмдан катталуу боюнча документтер келгенин, ыктыярдуу катталбагандарга чара көрбөй турганын билдирди.
Көпчүлүк бейөкмөт уюмдар реестрге катталуу ниети жоктугун жарыялашса, айрымдары ишмердигинин саясий өңүтүн алып салып, кайра катталып жатканын билдирүүдө. Бул мыйзам кандай иштейт?
Кыргызстанда быйыл жазында көптөгөн талкуулардан кийин кабыл алынган "Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө" мыйзамды аткаруунун жаңы этабы башталды.
Аталган мыйзамга ылайык, май айында "чет өлкөлүк өкүлдүн" функциясын аткарып жатат делген коммерциялык эмес уюмдардын реестри түзүлгөн.
Реестрди жүргүзүүнүн жобосу боюнча, мыйзамдын талаптарына төп келген бейөкмөт уюмдар 1-августка чейин Юстиция министрлигине ыктыярдуу түрдө кайрылышы кажет болчу.
Юстиция министри Аяз Баетов 6-августта курган маалымат жыйынында реестрге катталуу боюнча алты коммерциялык эмес уюмдан документтер келгенин, иш уланып жатканын билдирди:
“15-майда буйрук кабыл алынышы керек болчу. Ал кабыл алынып, 1-июнда күчүнө кирди. 1-июндан 1-августка чейин арыздар келип түшүшү керек болчу. Мага алты арыз түштү, бирок кээ бирлеринде маалыматтар жетишпей жатат, ошондуктан иш улантылып жатат деп айтышты. Маалыматтар толукталгандан кийин аларды реестрге киргизебиз. Бул уюм өзү берген арыздын негизинде гана жүрөт. Бизге дагы көп каттар келип жатат, аларга дагы жооп берилүүдө. Азыр мына жаңы эле мыйзам, жаңы эле актылар кабыл алынса, тажрыйба кандай болорун көрөбүз”.
Министр кайсы уюмдар каттоодон өткөнүн так атаган жок. Аталган органдын сайтындагы маалыматка таянсак, атайын реестр түзүлгөнү менен, азырынча ага катталган бейөкмөт уюмдардын тизмеси көрүнбөйт. Реестр бош турат.
Мыйзамга ылайык, эл аралык уюмдардан каржылык колдоо алган жана саясий процесстерге катышкан коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарган деп эсептелет.
Мындай уюм жыл сайын 1-майга чейин Юстиция министрлигине көз карандысыз аудитордук корутунду тапшырып турат. Коммерциялык эмес уюмдун мыйзам талаптарын бузуп, уставдык максаттарынан кыйгап иштеп жатканы тууралуу арыз түшсө, министрлик тийиштүү корутунду чыгаруу үчүн Башкы прокуратурага же уюм кызматташкан башка мамлекеттик мекемеге кайрылат.
Финансылык ачык-айкындыгын текшерүү үчүн Салык кызматына да кат жолдонот.
Эгерде алардын корутундусунда коммерциялык эмес уюм мыйзамды бузуу менен иштеп жатканы белгиленсе, анда Юстиция министрлиги уюмга мыйзамсыздыкты жоюу боюнча алты айлык мөөнөт берет.
Берилген мөөнөт ичинде бузуулар четтетилсе, уюм ишмердигин уланта берет, болбосо, юридикалык жакты жоюу процесси башталат.
"Ички каржылык булактарды табабыз"
“Азаттык” байланышкан бейөкмөт уюмдардын айрымдары уставдык ишмердигинин түрүнө өзгөртүү киргизип, кайра каттоодон өткөнүн кабарлашты. Айрымдар коммерциялык уюм катары каттоодон өтүп жатканын айтышты.
“Юнисон” коомдук фонду ушул жылдын 29-апрелинде кайра каттоодон өткөн. Уюмдун жетекчиси Нурзат Абдырасулова кайра каттоодон өтүп жатканда уставдык ишмердигин кайра карап чыгышканын билдирди:
“Ага [“чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына] байланыштуу деп айтсак деле болот. Баары бир мыйзам боюнча каттоодон өткүлө деп айтып жатпайбы. Биздин өзүбүздүн кылып жаткан ишке ылайыктап, уставды кайра карап чыктык. Биз, тескерисинче, саясий жагынан көп эле иш аткарып келатабыз да. Андыктан биз өзүбүз кылып жаткан туруктуу өнүгүүгө умтулган иш-чараларыбызды жакшылап, кененирээк жазып койдук”.
Айрым уюмдар эл аралык донор уюмдардан каржылык жардам албай калышканын, ишмердигин жүргүзүүгө ички булактардан каражат издеп келатышканын билдиришти.
“Прецедент” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурбек Токтакунов бул уюмду реестрге каттоонун зарылчылыгы жок экенин айтууда. Укук коргоочу ишмердигин өлкө ичиндеги жеке булактардан каржылоого аракет кылып келет.
“Мен, мисалы, көптөн бери тыштан каражат албайм. Саясий аракеттерди кылам. Жаран деген өзү эле - саясий түшүнүк, жаран катары мен саясатчы болуп калам. Эгер чет өлкөдөн акча алганым үчүн чет өлкөлүк өкүл болуп калчу болсом, анда албайм. Мен болгон гранттык келишимдердин баарын башка уюмдарга өткөрүп бергем. Өзүм өзүмө мындай чакырык кылдым. Менин оюмча, адам укугу өлкө ичинен каржыланышы керек. Анткени демократия тыштан болбойт, ал ичкериден гана өсүшү керек. Элдин деңгээли өсүп, ички ресурстар менен демократия болот. Мени жеке колдоп жаткан ишкерлер бар. Бирок мен көбүнчө адвокат катары иштеп, өз салымымды кошом. Мисалы, бир ишти акча үчүн бизнес катары иштесем, дайыма адам укугу үчүн дагы бир иш өзүмдүн салымым болот. Мисалы, азыр Айзада Канатбекованын ишин жүргүзүп жатам, дагы башка иштерди караштырып, алам. Ошентип, демократия, адам укугу ички ресурстар менен каржыланышы керек", - дейт Токтакунов.
"Реестрге кирбейбиз, ишибизди уланта беребиз"
Ошол эле маалда бир катар белгилүү бейөкмөт уюмдар реестрге кирүүгө ниеттенбей турганын айтышууда.
“Интербилим” бейөкмөт уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева мыйзамдагы саясий ишмердик деп аталган иш-аракеттер тизмеги андан жогору турган укуктук актыларга каршы келерин айтат. Мындан улам ал реестрге катталууну ойлоно электигин билдирди:
“Ооба, биз грант алабыз, бирок саясий ишмердик жүргүзгөн жокпуз да. Эмнеге киришибиз керек? Уставда жазылган ишмердик башка мыйзамдарга карама-каршы келбейт. Ошон үчүн биз өз ишмердигибизди саясатка аралашуу деп эсептебейбиз. Мисалы, бюджеттик угуу - бул бизге Бюджеттик кодекс ыйгарган (бере турган - "делегированный") иш-аракет. Бюджеттик кодекс жаңы кабыл алынган мыйзамдан бийик турат да, туурабы? Демек, ал кодекске таяна турган болсок, бюджеттик угууларды өткөзүүгө же катышууга мыйзам жол берет. Бирок азыркы кабыл алынган мыйзам жол бербейт. Ал саясатка катышуу деп сыпатталат. Ошондо эки мыйзам карама-каршы болуп жатпайбы. Эгерде мага Минюст же башка орган келип, “сен Ош шаарынын бюджетин талкуулаганга катышуу менен саясатка аралашып жатасың” десе, мен “Бюджеттик кодекске ылайык андай ишти алып барганга укугум бар” экенин жүйө келтирем деп отурам”.
Коомдо бийлик бейөкмөт уюмдардын эл аралык уюмдардан гранттык каржы алуусуна тоскоолдук кылганга жараша, аларды мамлекеттик бюджеттен каржылоо механизмин иштетиши зарыл деп эсептегендер бар.
Маселен, “Кылым Шамы” укук коргоо уюму донор уюмдардан каржылык колдоо алуудан баш тартууну чечкен. Бирок мындай жагдай уюмдун активдүүлүгүн бир кыйла чектеп койгон. Уюмдан билдиришкендей, буга чейин кыйноолордун алдын алуу, жарандардын тынч, эркин жыйындарга болгон укуктары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар, аскер адамдарынын укуктарынын сакталышы, соттук адилеттик боюнча жана кабыл алынган мыйзамдардын эл аралык стандарттарга туура келиши боюнча анализдерди жасап келген.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча, зордук-зомбулукка кабылгандарга жана укуктары бузулган аскер адамдарына жардам берүүгө адвокаттарды жалдап, аларга гонорар төлөп иштетип келген болсо, эми андай мүмкүнчүлүк жок болуп калган. Кеңсе ачып, коммуналдык кызматтарга, инфратүзүмдөргө, кызматкерлерге айлык акы төлөп, кеңсе буюмдарын, байланыш кызматын жана транспорт чыгымдарын жабуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Мурда аймактардан кайрылуу түшсө, уюмдун кызматкерлери өздөрү барып, өз көзү менен көрүп иликтеп келген болсо, азыр андай мүмкүнчүлүк болбой калган.
“Кылым Шамы” укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулованын айтымында, ушундай оор жагдай жаралганына карабай, уюмду жоюп салууга шашылбай турушат:
“Биз азыр жапканга шашылган жокпуз. “Чет элдик өкүл” деген реестрге катталууга да шашылган жокпуз. Андай кадам оюбузга дагы келген жок, катталбайбыз. Биз болгону чет жактан каржылык жардам алгандан баш тартабыз, аны толук токтотобуз. Алдын ала ошондой чечимге келгенбиз. Укуктук формасы коомдук фонд, ал өзгөргөн жок. Негиздөөчүсү жалгыз эле менмин. Быйыл жыйырма жыл болду. Жыйырма жылдык тарыхы, ишмердиги бар, жыл сайын миңдеген адамдарга жардам көрсөтүп турган уюм мындай эле жабылып калбашы керек. Бизде толтура архивдер бар, толтура эс тутум сакталган. Канчалаган адамдарга жардам бергенбиз. Жаап коюу, четтеп кетүү же реестрге кирип алуу оңой. Бирок биз андайга барбайбыз го. Биз кайра эле жоопкерчиликти мамлекетке артып жатабыз”.
"Реестрдин мыйзамдуулугун талашабыз"
Коммерциялык эмес уюмдардын укуктарын коргогон юристтер Юстиция министрлигинин реестр жөнүндө жобосу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын чегинен чыгып кеткен деп эсептешет. Реестр жөнүндө жобону бекитүүгө Юстиция министрлигинин ыйгарым укугу болгон эмес. Буга мисал катары алар жободо реестрге катталуу боюнча арыз берерде донор уюмдан ишеним кат өңдүү документтерди алып, тиркеши зарыл деген талабын келтиришет.
Мындан улам, юристтер Башкы прокуратурага реестр жөнүндө жобону жокко чыгарууну өтүнүп кайрылышкан. Министрлер кабинетине да административдик даттануу берилген. Жакынкы мезгилде административдик сот менен Конституциялык сотко да даттануу арыздарын жолдогону жатканын билдиришти.
“Бир дүйнө – Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун юристи Тимур Арыков “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын айынан айрым эл аралык донор уюмдар долбоорлорду каржылоодон ашкере сактанып калышканын айтты:
“Бир-эки ай мурун кээ бир донорлор ачык эле айткан. Биз тиги же бул долбоорлор боюнча иштейбиз да, долбоорлорду беребиз, мындай-мындай иш-чараларды өткөрөбүз, мынча каржылоо-бюджет керек деген. Бүгүнкү күндө коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамда “саясий ишмердик” деп көрсөтүлгөн иш-аракеттер биз берген долбоордо каралса, анда аны биз колдобойбуз деп ачык эле айтып жатышат донорлор. Анткени биздин бийлик менен, укук коргоо органдары менен түшүнбөстүк болуп кетпесин деген кооптонуп жатат алар".
"Мыйзам бейөкмөт уюмдардын ишмердигин ар тараптан чектейт"
Мыйзам кабыл алынгандан кийин Кыргызстанда узак жылдардан бери иштеп келаткан “Сорос-Кыргызстан” фонду ишмердигин токтотуп, өлкөдөн чыгып кетерин жарыялаган.
Коммерциялык эмес уюмдар менен тыгыз иштешкен юристтердин маалыматына ылайык, учурда көптөгөн уюмдар кайра каттоодон өтүп жатышат.
“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы аларга тийишпеши үчүн уставын өзгөртүп, укук коргоого, кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана саясий терминдерге байланышкан бардык сөздөрүн алып салышууда.
Юрист Фатима Якупбаева көпчүлүк бейөкмөт уюмдар реестрге катталууга шашылбай, Юстиция министрлигинин реакциясын күтүп жатышканын айтты. Министрликтин уюмдарга түз кайрылып, реестрге катталышыңар керек деген сунушун күтүп жаткандары да көп.
“Бул мыйзам бейөкмөт уюмдардын алдыдагы ишмердигине катуу таасир этет. Эми артына кылчактап, тобокелдиктерди таразалап иштеп калышат. Анткени "саясий ишмердик" түшүнүгүнө мыйзамда берилген аныктамага көптөгөн нерселер жазылып калган. Шайлоого мониторинг жүргүзүү, коомдук пикирди түзүү, социалдык сурамжылоолорду жасоо, социологиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү – ушунун баары эми саясий ишмердикке тиешелүү болот.
Бейөкмөт уюмдардын шайлоолор, коомдук пикир, мамлекеттик органдардын чечимдерин баалоо өңдүү компоненттери бар долбоорлору болсо же эгерде азыр жолдордун оңдолушун эксперт катары сындап койсо, ал дагы саясий ишмердик деп эсептелиши мүмкүн. Мыйзамда ушунчалык баарын майдалап жазып салышкан. Эми көптөгөн долбоорлор аярлуу абалда болуп калып жатат. Анткени аларды саясий ишмердик катары эсептеп калышы мүмкүн. Бул, албетте, жакшы эмес. Анткени бул цензураны пайда кылып, ал уюмдар ишмердигин токтотуп коюшат. Коомдук көзөмөлдүн жана мамлекеттик кызматтын сапаты төмөндөйт”, - деди Якупбаева.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтарга карасак, Кыргызстанда юридикалык жактардын коммерциялык эмес формасынын 15тей түрү бар. Жалпысынан 40 миңден ашуун коммерциялык эмес уюм катталган. Анын ичинен 84% коомдук фонд, коомдук бирикме жана мекеме деген үч укуктук формага туура келет.