Орусия коңшусу Украинага басып киргенине 1000 күн болду. Ошондон бери карапайым украиналыктар бомбалоо, ракета жана дрон соккуларына туш болуп келатат. Майданда айыгышкан салгылаш уланууда. Орусия кошуна өлкөсүнүн дээрлик 20% ээлеп алган.
Орусия Украинага басып киргенине миң күн болду. Миң күндөн бери карапайым украиналыктар бомбалоо, ракета жана дрон соккуларына туш болуп келатат. Майданда айыгышкан салгылашуулар уланууда. Орусия кошуна өлкөсүнүн дээрлик 20% жерин ээлеп алган.
Грузияда парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын койгон каршылык акциясы уланууда. 18-ноябрга караган түндү Тбилисиде митингчилер чатыр тигип, от жагып өткөрүштү. Талаштуу шайлоонун жыйынтыгын бекитип жатканда БШКнын төрагасына оппозициялык саясатчы Давид Киртадзе сыя чачып жиберген.
Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо Бишкек, Ош жана облустагы шаарларда “Жаңы Кыргызстан”, “Жаңы күч”, “Ынтымак”, “Адилет”, жана “Эмгек” партиялары алдыга чыкты. Вашингтон Киевге америкалык курал менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экенин дүйнөлүк басылмалар жазды.
Кыш киргени орус күчтөрү Украинанын маанилүү инфраструктурасына соккусун күчөтүп, майданда контрчабуулга өтүү ыктымалдыгы жогорулаган чакта Киев көптөн бери эңсеп келгенине жеткендей. Узак аралыкка атылуучу ракеталар украин армиясына майдандагы абалды өзгөртүүгө канчалык көмөк берет?
Америкалык медиа Вашингтон Киевге өз куралы менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экенин жазды. Кремль андай чечим АКШ Орусия менен "тикелей жаңжалга кириптер болот" дегенди билдирерин айтып, Байдендин администрациясын эскалация үчүн айыптады.
Сириянын борбору Дамаск шаарында Израилдин 14-ноябрдагы чабуулунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды. Ливанда да чабуул уланды. Израил буга чейин "Хезболлага" Сириядан курал-жарак ташуунун бардык жолдорун жабарын эскерткен.
Жекшембиде орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жана башка жарандык жайларга дрондор жана ракеталар менен жапырт сокку урганы кабарланды. Чабуулдун ири масштабынан улам НАТОнун мүчөсү болгон кошуна Польша истребителдерин абага көтөрүүгө аргасыз болду.
Грузиянын курамындагы жикчил Абхазиянын борбору Сухумиде оппозициянын тарапкерлери чогулууда. Анын алдында Грузиянын Москва колдогон жикчил аймагынын президенти Аслан Бжания нааразылыкка чыккандар менен мунасага келе албаганын, шайланган жетекчи бойдон кала берерин айткан.
Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине өтө турган шайлоодон четтеттилип, лидери Темирлан Султанбеков, штаб башчысы Ирина Карамушкина тарапташы Роза Түрксевер эки айга камалды. Алар муну саясий басым деп баалап жатат. Израил Сириянын, Ливандын баш калааларына соккусун улантты.
Дагы жүктөңүз