Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:38

17-ноябр – жигердүү студенттер үчүн ыйык окуялар болуп өткөн күн


Прага шаары. 17.11.1989.
Коммунисттик Чехословакиянын борборундагы студенттердин ири нааразылык жыйынынын бир көз ирмеми. Прага шаары. 17.11.1989.

Студенттик кезең – жаштытын гана символу эмес, студенттердин арасындагы жарандык жигердүүлүктүн, демократиячыл күрөшкө катышуунун да күрдөөл кезеңи катары маалым. Тарыхчынын блогу.

Карл университетинин студенттери. 1939-жыл.

1939-жылы 17-ноябрда нацисттик Германиянын режиминин желдеттери баскынчылык алдында калган Чехиядагы Карл университетине (Прага) чабуул жасаган.

Нацисттик баскынчылыкка каршы ачык чыккан каарман чех студенттери ошол күнү ырайымсыздык менен жазаланган.

Андан саал мурдараак, 1939-жылы 28-октябрда, Чехословакиянын Көз карандысыздыгы күнү, прагалыктар нацисттерге каршы эгемендик урааны менен демонстрацияга тайманбастан чыгышкан.

Ошол нааразылык жыйын маалында 22 жаштагы жумушчу Вацлав Седлачек (Václav Sedláček; 22.4.1917 – 28.10.1939) мырза Эс-Эсчилер тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Дал ушул нааразылык жыйынына катышып жаткан Карл университетинин медицина факултетинин студенти Ян Оплетал (Jan Opletal; 31.12.1914 – 11.11.1939) мырза нацисттик октон оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал жактан да ал кыйноого дуушарланган. Акыры ал 11-ноябрда Карл аянтындагы ооруканада көз жумган.

15-ноябрда Чехиянын борборундагы Моравия жергесинде Оломоуц чөлкөмүндөгү Лгота над Моравоу (Lhota nad Moravou) кыштагында маркум студент Ян Оплеталды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү өткөрүлүп, бул зыйнат нацисттерге каршы ири нааразылык жыйынына айланып кеткен.

Демек, 1939-жылдын 17-ноябрында Карл университетине каршы чабуул – нацисттердин жигердүү студенттерди жазалоо аракети болуп саналат.

Богемия менен Моравиянын рейхспротектору (нацисттик баскынчыл бийликтин Чехиядагы жетекчиси) барон Константин Карл Герман фон Нейрат (Konstantin Karl Hermann von Neurath; 1873–1956) бардык чехиялык университеттерди жабууга буйрук берген.

Ал эми Карл университетиндеги жазалоолор маалында 1200дөн ашуун чех студенти камакка алынып, Заксенхаузен концлагерине жөнөтүлгөн. Бул концлагер Берлинден 35 чакырымдай алыс аралыкта жайгашкан. Концлагерде камалгандардын 35и тирүү кайтпай калган.

Прагадагы Карл университетинин жигердүү тогуз студенти (Йозеф Адамец, Ян Черны, Марек Фраувирт, Ярослав Клима, Бедржих Коула, Йозеф Матоушек, Франтишек Скорковски, Вацлав Шаффранек жана Ян Вейнерт) өлүм жазасына тартылган.

Бул кайгылуу окуяларга байланыштуу 1941-жылы Лондон шаарында 26 өлкөдөн келген антинацист студенттердин эл аралык жыйыны маалында ар жылы 17-ноябр күнүн “Эл аралык студенттер күнү” катары белгилөө тууралуу жарыяланган. Бул сунушту бозгундагы чех коммунисти Отто Шлинг (Otto Šling; 1912–1952) киргизген, делет.

(Айтмакчы, Отто Шлинг 1950-жылы ноябрда Чехиянын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин курамынан чыгарылган. Сталиндик режимдин таасири менен Чехословакияда башталган репрессиялар маалында аны да жазыксыз жерден айыпташкан. Ал 1952-жылы 3-декабрда Панкрацта өлүм жазасына тартылган. Шлинг мырза 1963-жылы, демек, өлгөндөн 11 жылдан кийин, кайра акталган).

Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел 1989-ж. “баркыт” ыңкылабынын 20 жылдыгына арнап шам жакты. 17.11.2009.
Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел (ортодо) Прага шаарында Чехословакиядагы мурдагы коммунисттик бийликти кулаткан 1989-жылдагы “баркыт” ыңкылабынын 20 жылдыгын эскерүү аземи маалында шам жакты. 17.11.2009.

17-ноябр – кийинки чех тарыхында

Андан бери далай окуялар дүйнөлүк студенттик ынтымакты бекемдеп келди.

Чех студенттери 1989-жылы дал ушул күнү “баркыт ыңкылабын” башташкан.

Студенттик толкундоолорду демократиячыл калайык колдоого алып, Чехословакиядагы коммунисттик режим тынч жол менен кулатылган.

Бул да өтө символдук окуя болуп калды: эгерде 1939-жылы 17-ноябрда германдык нацисттик тоталитардык режим Прагадагы студенттерди аёосуз жазалаган болсо, ал эми 1989-жылы 17-ноябрда, 50 жылдан кийин дал ушул күнү, студенттер жана башка калайык башка бир тоталитардык режимди – Советтер Биримдигинин тактекеси болгон чехословакиялык коммунисттик бийликти коомдук тынч нааразылык жыйынындагы талаптары аркылуу биротоло кулатууга жетишкен.

Ошентип, Чехословакия (кийин Чехия жана Словакия) көп партиялуу демократиялык жумурияттар болуп кайра жаралышына студенттер да зор салым кошкон.

1939-жылы 17-ноябрда набыт кеткен студенттерди эскерүү. Прага шаары. 17.11.2014.
1939-жылы 17-ноябрда германдык нацисттердин колунан набыт кеткен студенттерди эскерүү. Прага шаары. 17.11.2014.

2014-жылдагы дүйнөдөгү студенттик жыйындар

Ал эми мындан 10 жыл илгери (2014-жылы 17-ноябрда, дүйшөмбү күнү) дүйнө жүзүндө бир катар студенттик уюмдар университеттерде бекер окутуу сыяктуу талаптар менен ар кыл демонстрацияларга жигердүү чыгышкан.

Бул эл аралык демократиячыл жыйындарга 40тан ашуун өлкөдөгү студенттик бирикмелер катышкан.

Талаптардын арасында акысыз билим берүү тууралуу гана айтылбастан, студенттерди ар кандай кысымга алуу, коркутуп-үркүтүүдөн да эркин болуусуна жетишүү тууралуу чакырыктар да камтылган.

Чехия менен Словакиянын студенттери 2014-жылы 17-ноябрда мурдагы Чехословакиядагы баркыт ыңкылабынын чейрек кылымдык мааракесин да белгилешти.

Грекиядагы 20 миңдей студент катышкан жыйын маалында болсо 1973-жылы 17-ноябрда кандуу аяктаган антихунталык нааразылык жыйындардын мааракеси белгиленди.

Афинадагы студенттер ошол жылы 14-ноябрда хунтага каршы нааразылык жыйындарды баштап, калайык аларды колдоп, акыры 3 күндөн кийин хунта тарабынан Афинадагы техникалык университетте демонстранттарга каршы танктар колдонулган. Жазалоолор маалында бери дегенде 24 карапайым киши набыт кеткен. Бирок хунталык режимдин бедели ого бетер түшкөн.

Демек, 1974–1975-жылдарда Грекияда демократиялык түзүлүштүн орношуна грек студенттеринин салымы зор болгон. Ошондуктан 2014-жылдагы 17-ноябрдагы грек студенттеринин мааракелик жыйынынын тарыхый кыртышы терең.

Индия, Испания, Италия, Канада, Мысыр (Египет), Норвегия, Словения, Уганда, Уругвай, Филиппин жана башка өлкөлөрдө дагы 2014-жылы 17-ноябрда стденттик ири нааразылык жыйындары өтүп, университеттердеги окуу төлөмдөрүн жоюуну талап кылышкан.

Кыргыз студенттери дагы жигердүү жарандар

Эл аралык студенттер күнүндө биз мурдагы студент катары кошумчалай кетсек, Кыргызстанда дагы студенттик жаштар жумурияттын коомдук турмушуна ар дайым жигердүү катышып келишкен жана катышып жатышат.

Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) журналистика бөлүмүнүн студенттери өз бөлүмүндөгү адистик таалимди сактап калуу үчүн 1960-жылдардын башында жана 1970-жылдардын ортосунда эки ирет нааразылык билдиришкен. (Бул тууралуу Казат Акматов, Эсенбай Нурушев агаларыбыз айтканы эсте).

1960-жылдардын соңунда кыргыз студенттери жогорку математика сабактарын кыргызча өтүүгө үндөгөн математик профессор Ракым Усубакуновду куугунтуктоого каршы нааразылык жыйынга чыгышкан.

1981-жылы жайында “полковник Голубев кыргыз калпагын таштандыга ыргыткан” деген айың кептен улам Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КУУнун) бүтүрүүчүлөрү Аламүдүн районундагы Ала-Тоо кыштагынын жанындагы жайкы Аскердик машыктырып-окутуу жайында саясий ачкачылык жарыялашкандыгына өзүм күбө болгон элем.

1988-жылы кыргыз студенттери Кыргызстандагы кош тилдүүлүк үчүн кыймылга жандуу катышты.

КДКнын "Ала-Тоо" аянтындагы жыйыны. 05..1990.
КДКнын "Ала-Тоо" аянтындагы жыйыны. Бишкек, Кыргызстан. 05..1990.

Ал эми 1989-жылы студенттер “Ашар” козголушу, “Үй куруучулар бирикмеси”, “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” (“Ассоциация молодых историков Кыргызстана”), Ленинграддагы “Ак Кеме”, Маскөөдөгү “Акыйкат” ж.б. уюмдарга, 1990-жылы “Асаба” кыймылы, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” ж.б. уюмдарга жана алардын октябрдагы антикоммунисттик саясий ачкачылык сыяктуу иш-чараларына үзүрдүү катышты.

1991-жылы июлда студенттер 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн каармандары менен Улуу Үркүндөгү курмандыктарды эскерген саясий иш-чарага – “Өмүр көчү – 75” жөө жүрүшүнө катышты.

Элдик ыңкылап маалындагы жаштар. 24.3.2005.
Элдик ыңкылап маалындагы жаштар. Бишкек, Кыргыз Республикасы. 24.3.2005.

2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы элдик ыңкылаптарда дагы кыргыз студенттери бул демократиячыл саясий окуяларга жандуу катышып жүрүштү.

Албетте, алардын көбү саясатчы болуп кетишкен жок. Алар өздөрү тандаган кесиптин мыкты ээлери болуп калышты.

Бирок постсоветтик доордо кыргыз жарандык коомунун телчигиши жана чыңдалышы үчүн алатоолук студенттер кошкон салым – эбегейсиз зор болду, деп санайбыз.

Маркум Чыңгыз Айтматов жаш муундарды маңкурт болбоого, эгемендикти жана демократиялык асыл-нарктарды көз карегиндей сактоого, ата-баба мурасын аздектеп үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө, бери дегенде төрт тилди (анын ичинде, албетте, эне тилибизди) үйрөнүүгө чакырган. Бул чакырык азыркы жана болочокку студенттер жана жалпы жаштарыбыз үчүн да эч качан маңызы бөксөрбөгөн бойдон осуят болуп кала бермекчи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG