Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Украина: Орусиянын агрессиясы, миң күндөн бери токтобогон соккулар


Орусиянын Одессаны аткылоосунан кийинки абалды карап тургандар. 29-апрель, 2024-жыл
Орусиянын Одессаны аткылоосунан кийинки абалды карап тургандар. 29-апрель, 2024-жыл

Орусия Украинага басып киргенине миң күн болду. Миң күндөн бери карапайым украиналыктар бомбалоо, ракета жана дрон соккуларына туш болуп келатат. Майданда айыгышкан салгылашуулар уланууда. Орусия кошуна өлкөсүнүн дээрлик 20% жерин ээлеп алган.

АКШ Украинага Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат берди деген маалымат тараганы менен, Вашингтон аны расмий бышыктай элек.

Шейшембиде Орусия менен чектешкен Сумы облусу кайрадан чабуулга кабылды. Жергиликтүү бийлик алты киши мүрт кеткенин, арасында бир бала болгонун, 12 киши жараат алганын маалымдады. Орус күчтөрү аткан дрон Глухов шаарчасындагы жатаканага тийген. Дүйшөмбүдө Сумыда 12 киши каза тапкан, 89у жараат алган.

Ошол эле күнү кечинде Кара деңиздин жээгиндеги Одесса портуна урулган сокку, жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, 10 кишинин өмүрүн алган, 44ү анын ичинен төрт жеткинчек жарадар болгон. Каза тапкандардын жетөө тартип коргоочулар, бирөө медициналык кызматкер жана эки карапайым киши экенин Улуттук полиция тактады.

Сумы облусундагы Глухов шаарчасы орус армиясынын соккусунан кийин. Украина. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы облусундагы Глухов шаарчасы орус армиясынын соккусунан кийин. Украина. 19-ноябрь, 2024-жыл

"Отурган үстөлүм менен ыргыдым. Урандылардын арасынан чыгууга аракеттендим, туш тарапта өлгөн кишилер жатканын көрдүм”, - деп айтып берди Рейтердин кабарчысына аман калган жергиликтүү тургун.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия Одессага баллистикалык ракета менен сокку урганын, дүрмөттөр турак жай, университет жана административдик имаратка тийгенин билдирди.

Мындай үрөй учурган окуяларды жайкын украиналыктар миң күндөн бери башынан кечирип келатат.

"Настоящее время" телеканалы сөзгө тарткан Киев тургундарынын айрымдары согуш жакын арада аяктайт, Украина оккупацияланган аймактарын кайтарып алат деп үмүттөнсө, башкалары уруш дагы миң күн созулат деп чочулашат. Дагы бир даары эл Орусия менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга каршы болот деген ойлорун бөлүштү.

Зеленский дүйшөмбүдө майданга барганын айтып, Харьков облусундагы Купянск жана Донбасстагы Покровск шаарларынан видеосун жарыялады.

Купянскини фронт сызыгынан болгону 2 жарым чакырым бөлүп турат. Тынымсыз аткыланган шаарда 3 миңдей киши гана калды. Бийлик аларды коопсуз жерге көчүүгө үндөп келатат. Орус күчтөрү шаарды согуштун алгачкы күндөрүндө ээлеп алып, бир нече айдан кийин украин жоокерлери кайтарып алууга жетишкен.

Украина: Орусиянын соккусунан Сумыда 10дон ашуун киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Ал эми Покровск - эң айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан багыттардын бири. Орус аскерлери өнөр жай шаарына 8 чакырымга жакындап келген. Алар бир нече айдан бери алга жылып, стратегиялык авто жана темир жол түйүнүнө жакындоого аракеттенүүдө.

Вашингтон Украинага Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат берди деген маалымат тарагандан кийин майдандагы абал кандай өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдор байма-бай айтылып жатат.

Бирок Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер дүйшөмбү күнкү брифингде Вашинтондун бул жааттагы саясаты өзгөргөнүн бышыктоодон баш тартты.

Анын алдында Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел Брюсселдеги жыйында Кошмо Штаттар Киевге чек арадан 300 чакырым ичкери жайгашкан буталарга урууга уруксат бергенин тастыктаган.

Кремль андай болсо, Батыш Орусия менен түздөн-түз жаңжалга аралашкан болуп каларын эскертти.

Шерине

XS
SM
MD
LG