
Казакстанды чет элдик инвесторлор таштап кетүүдө: өткөн жылы өлкөнүн жаңы тарыхында сырттан келген акча 2,5 млрд долларга кемиген. Казакстандыкына караганда экономикасы эки эсе кичине Өзбекстан 2024-жылы 2,8 млрд түз инвестиция тарта алды. Казакстан Борбор Азиядагы экономикалык лидер деген ролун жоготушу мүмкүнбү?
Өзбекстан менен Кытайдын желеги, гүлдестелер, музыкалык оркестр жана жаңы автосалондогу жаркыраган машинелер. Өткөн күздө Ташкентте Кытайдын NETA брендинин электромобилдеринин салтанаттуу ачылышы өттү. Борбор Азиядагы биринчи салонду ачуу аземине өкмөттүк чиновниктер жана Кытайдын автоөндүрүүчүлөрүнүн топ-менежерлери катышты.
Кытай брендинин ээси Борбор Азиядагы базарга чыгуу үчүн Өзбекстанды жөн салды тандабаганын, өлкө чөлкөмдөгү транспорттук жана экономикалык хабга айланып баратканын белгиледи. NETA auto компаниясынын вице-президенти Вильсон Сунь өлкөдө электромобиль өндүрүшүн ачуу планы менен бөлүштү.
Күзүндө Өзбекстандын борборунда люкс классындагы машинелерди чыгарган германиялык Porsche автоөндүрүүчүсүнүн чөлкөмдөгү биринчи шоуруму ачылды. Жапониянын Sumitomo соода компаниясы Өзбекстанда бажы алымысыз аймак жана логистика борборун түптөө ниетин жарыялады.
2024-жылы каалгасын кеңири ачып, дүйнөлүк бренддердин жана чекене ритейлердин көңүлүн бура алган Tashkent City Mall азыр чөлкөмдөгү эң ири соода түйүнү катары таанымал. Аянты 225 миң метр келип, Алматы жана Астанадагы соода-көңүл ачуучу борборлордон алда канча кеңири.
Он жыл мурда эле мындайды элестетүү мүмкүн эмес эле. Өзбекстан биринчи президент Ислам Каримовдун тушунда дүйнөгө жабык мамлекет болчу. Анын ордун баскан Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен жүргөн реформалар өлкөнү инвесторлорго таанымал кылды.
ӨЗБЕКСТАН КАНТИП ЧЕТ ЭЛДИК ИНВЕСТОРЛОРДУ ТАРТУУ ТҮЙҮНҮНӨ АЙЛАНДЫ
2017-жылы Ташкент финансы тармагында кайра курууну баштап, валюта конвертациясын либералдаштырды. Буга чейин өлкөдө доллардын расмий жана көмүскө базардагы курсу жасалма төмөндөтүлүп, бизнес үчүн накталай эмес валюта операциясын жүргүзүү көйгөйлүү болчу.
Мирзиёевдин бийликке келиши менен инвестицияны улутташтыруудан коргогон мыйзам кабыл алынып, чет өлкөдөн каражат тарткан мамлекеттик институттар түзүлүп, чет элдик бизнес үчүн салык каникулдары жана башка жеңилдиктер каралды.
Инвесторлор келди. Америкалык Hilton түйүнү 2019-жылы Ташкентте мейманкана ачты. Кийинки жылдары ондогон интернет-компаниялар Өзбекстанда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары (КНС) катталышты. Алардын арасында Netflix, Google Commerce, Google Voice, Apple Distribution International, Samsung Electronics компаниялары бар.
2023-жылы Nike трансулуттук компаниясы өзбек провинциясында спорттук бут кийим чыгара баштады. Анжиян облусундагы өндүрүш Борбор Азиянын жана Пакистандын базарына кетчү кроссовкаларды тигет.
Өлкө экспортту жигердүү өнүктүрүүдө. Углеводород, металл жана пахта баштаган чийки заттарды гана эмес, даяр өнүмдү да сата баштады. Бул текстиль (Made in Uzbekistan брендинин кийимдери Борбор Азияда өз ордун тапты) айыл чарба өнүмдөрү, жер семирткичтер, автоунаалар. Өткөн жылы экспорттун жалпы көлөмүн 8,4% чыгарышып, 27 млрд долларга жеткиришти. Анын 60 пайызы даяр өнүмгө туура келет.
Борбор Азиядагы эң чоң экономикага ээ коңшу Казакстан (ИДП көлөмү 288 миллиард доллардан жогору, бул Өзбекстандын көрсөткүчүнөн эки жарым эсе көп) өткөн жылы 81,6 миллиард долларлык өнүмдү экспорттогон, бул 2023-жылдагы көлөмдөн 3,1% жогору. Экспорттун ири үлүшү 77% - минералдарга жана металлдарга туура келет.
Эгер казакстандык экспорт жакынкы он жылдыкта анчейин өзгөрүүгө учурабай 4,3% чыкса (78,2 миллиард доллардан 81,6 миллиардга чейин), Өзбекстандын экспорту эки эсе өскөн (2014-жылы 13,5 млрд долларга барабар эле).
"Акыркы он жылдыкта биз инвесторлордун Өзбекстанга кызыгуусу күчөгөнүн көрдүк. Мурда инвестициялык өкүлдөр Казакстанга гана келсе, азыр алар өз маршрутуна Ташкентти кошту, - деп комментарий берди Vlast.kz ресурсунун редактору жана Борбор Азияны изилдөөчү Паоло Сорбелло. - Жогору пайыздык коюмдар чет элдик инвесторлор үчүн азгырыктуу, алар суверендик карызы бар рынокто да ставка жасоого даяр. Мурда буга валютанын туруксуздугу жана тобокелдиктер жолтоо болчу".
АКШнын мамлекеттик департаменти 2024-жылдагы инвестициялык климат тууралуу отчетунда Өзбекстанды экономикасы динамикалуу өнүгүп жаткан өлкө деп сыпаттап, чет элдик инвестиция "Өзбекстандын кедейликти жоюу, 2030-жылы ортодон жогору кирешелүү мамлекеттердин катарына кошулуу үчүн дымактуу максатына" тартылып жатканын белгилеген. Мамдепартамент өлкөнүн 37 млн адамына багытталган ички базары, минералдык ресурстары жана жетишерлик өнүккөн инфратүзүмү менен чөлкөмдөгү экономикалык лидерге айлануу мүмкүнчүлүгү барын белгилейт.
Ташкент өз дараметин колдонууга аракет кылып, анысы оңунан чыгып жаткандай. БУУнун соода жана өнүгүү (UNCTAD) жыйынынын өткөн жылдагы баалоосу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына салынган түз инвестициялар азайганына карабай, Өзбекстан оң динамиканы көрсөткөн. Өлкөнүн Улуттук банкынын маалыматында чет элдик түз инвестициялардын агымы 32 пайызга көбөйүп, 2023-жылы 2,8 млрд долларды түзгөн.
Казакстанда болсо үстүбүздөгү жылы чет элдик инвестиция азайган. Улуттук банктын статистикасында 2024-жылы сыртка агым 2,55 миллиард долларды түзгөн. Көрсөткүч эгемендик тарыхынан бери биринчи жолу минуска кетти. 2029-жылы иштелип чыккан инвестициялык климаттын концепциясында сырттан келген киреше 2024-жылы 5,1% өсүп, 24,8 миллиард долларга жетиши керек болчу, бирок иш жүзүндө 28,5% төмөндөп, 17,2 миллиард долларды түздү.
КАЗАКСТАН ЭМНЕГЕ ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ЖОГОТУУДА
Halyk Finance инвестициялык компаниясы Казакстандын экономикасынын төмөндөшүнүн башкы себебин "узак жылдар бою чет элдик капиталды тартууда башкы көзүр болгон тоо кен, анын ичинде мунай тармагына инвестициянын азайды" деп түшүндүрөт.
Инвестиция тартуу үчүн түзүлгөн Kazakh Invest улуттук компаниясы төмөндөөнү Атрау облусундагы мунай кениндеги ири Тенгиз долбоорунун аякташына байланыштырууда. Бул долбоорго болжол менен 46 млрд доллар салынган.
Улуттук компания түз инвестициялык агымдын төмөндөшүн Казакстандын инвестициялык саясатындагы кемчиликтерге байланыштыргысы келбейт, "бир катар объективдүү экономикалык себептерден улам" деп ага чийки заттар базарындагы глобалдык туруксуздукту мисалга тартууда.
Казакстандык экономист Ulagat Consulting Group консалтинг компаниясынын жетекчиси Марат Каирленов Kazakh Investтин инвестициялык айлампанын бүткөнү тууралуу түшүндүрмөсүнө анчейин макул эмес. Ал кырдаал тышкы фактордон мурда ички, айрыкча мамлекеттик институттардын ишинин эффективдүүлүгүнүн начарлашына көбүрөөк байланыштуу экенин белгилейт.
Каирленов Kazakh Invest институтунан башка Тышкы иштер министрлигинде инвестициялык комитет да иштеп жатканын эске салып, аймактардын жетекчилеринин инвестиция тартуу боюнча кеңешчилери, бизнести колдогон ар кандай түзүмдөрү болгону менен сезилерлик жыйынтык болбой жатканын эске салган.
"Баарынан мурда мамлекеттик башкаруунун сапаты түшүп жатканы айтылууда. Азыр жаңы Салык кодекси чоң талкууда. Салык инвестициялык жагымдуулукту көрсөтүүдө маанилүү. Өкмөт КНСти көтөрүүнү пландоодо. 20% тууралуу айтышкан, андан кийин 16 дешти. Салык босогосун каттоону 15 млн теңгеге чейин төмөндөтүү пландалып, кийин 40 млн теңге дешти. КНСти көтөрүү менен 7,5 триллион теңге чогулары айтылып, кийин кайра 5 трлн болду. Азыр Мажлисте биринчи окуудан өткөн долбоордун жыйынтыгы менен 2,8 триллион тууралуу айта башташты. Бул баштапкы көрсөткүчтөн үч эсе аз. Мындай чайпалуу кандай сапаттагы чечимдер кабыл алынып жатканынын көрсөткүчү", - дейт Каирленов.
Анын эсебинде өкмөттүн салык реформасынын параметрлери калктын реалдуу кирешесинин төмөндөшүнө алып келет - дээрлик 12% жакын. Экономист бул сезилерлик төмөндөө экенин белгиледи.
"Калктын тамак-ашка кеткен чыгымы 56–57 пайызга чейин көтөрүлөт. Багыт үчүн: Каңтар окуясы тамак-ашка кеткен чыгым 54% түзүп, антирекордго жеткен тушта болгон. Андан кийин чыгым 50% түшкөн. Биз социалдык-саясий тобокелдиктердин күчөшү менен бет келишкени турабыз. Ал эми инвесторлор тобокелдикти сүйбөйт", - дейт экономист.
АКШнын мамлекеттик департаментинин Казакстандагы инвестициялык климат тууралуу отчетунда өлкө базар экономикасын түзүү менен эгемендик алган 1991-жылдан бери көрүнүктүү ийгиликке жетише алганы, институционалдык жана укуктук реформа жүргүзгөнү, бирок ошол эле маалда "коррупция, чексиз бюрократия, мыйзамды каалагандай калчоо жана айрым аймактар менен секторлордо квалификациялуу жумушчу күчүнүн тартыштыгы" көйгөйүнөн арыла албай жатканы айтылат.
Отчетто жазылгандай чет элдик инвесторлор "мыйзам үстөмдүгү жаатында кырдаалды жакшыртууну, адамдык капиталды инвестициялоону, транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдү чыңдоону, ачык жана ийкемдүү соода саясатын жүргүзүүнү, жумушка орношуу, кардарга ыңгайлашууну жана салык администрациясы жаатында жагымдуу режим түзүүнү сунушташат".
КАЗАКСТАН ЖАНА ӨЗБЕКСТАН: "ТЫМЫЗЫН" АТААНДАШУУНУН ТАРЫХЫ
Совет доорунда Казакстандын жана Өзбекстандын элитасы ортосунда борбордун көңүлүн бурдуруу үчүн атаандаштык жүрүп турган. СССР кыйрагандан кийин эки республиканын тизгини мурдагы партиялык номенклатурадан чыккан Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримовдун колуна тийген.
Саясатчылар жана дипломаттар белгилегендей, эки автократтын мамилеси салкын болгон, көптөгөн суроолор боюнча көз караштары келишкен эмес. АКШнын Өзбекстан жана Казакстандагы мурдагы элчиси Жорж Келлогдун мемуарында Каримов өлкөсүн тышкы саясий жана экономикалык күчтөрдөн оолак кармоого тырышса, Назарбаев Батыштагы компанияларга өлкөнүн эбегейсиз мунай байлыгына жол ачып, чет элдик инвесторлорго өлкөнүн имиджин алдыңкы жана ачык деп тааныштырууга аракет кылган.
Дипломаттын эскерүүсүндө Өзбекстандын биринчи "түнт" президенти дүйнөлүк лидерлер менен мамиле кура алган кесиптешин "душман" санап, жактырган эмес.
2016-жылы Каримовдун өлүмүнөн кийин Мирзиёев Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер менен жылуу мамиле курууга ыктады. 2022-жылы Казакстан менен Өзбекстан, чөлкөмдөгү территориясы жана экономикасы ири эки мамлекет өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюшкан. Ал өткөн жылы күчүнө кирди. Астана жана Ташкент бири-бирин кылымдардан бери келе жаткан достугу жана маданий байланыштары бар стратегиялык өнөктөш, бир тууган мамлекеттер деп атап келишет.
Бирок кызматташтык көңүл жылытарлык эмес. 2020-жылы өлкөлөр чек арада транспорттук-логистикалык хаб куруу планын жарыялашып, протоколго кол коюлган. ЖМК долбоорду казак-кытай чек арасындагы "Хоргостун" аналогу катары атаган. Борбор Сарыагаш жана Ташкенттин ортосундагы "Жибек Жолы" менен "Гишт Куприк" өткөрмө пункттарына жакын районго курулмак. Түйүн Өзбекстанды Казакстандын аймагы аркылуу Орусия жана Европа менен байланыштырып, өзбек жүктөрүн деңиз портторуна жеткирчү жердеги коридордун маанилүү пункту катары сыпатталган.
Беш жыл өттү хаб мурдагыдай эле курула элек. Аны куруу планы кайрадан айтыла баштады. Эми борборду "Атамекен" жана "Гулистан" пункттарына жакын аймакка тургузганы жатышат. Өкмөттүк коридорлордо долбоор жүк ташууну жеңилдетип, логистикалык чыгымды азайтып, керектөөчү ала турган өнүмдүн баасын кыйла арзандатары тууралуу кептер жаңырууда.
Эки өлкө ортосунда атаандаштык жана кызганыч барбы? Эксперттер аны "бар дагы, жок дагы" деп айтышат.
"Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда ачык болбосо дагы чет элдик инвестицияны тартууда тымызын атаандаштык бар. Анткени чөлкөмдө инвестиция салчу каражаттар чектелүү. Бул Өзбекстанга көбүрөөк инвестиция тартылса, Казакстанга келген түз инвестициянын көлөмү азаят дегенди билдирет, же тескерисинче", - деп чечмелейт Паоло Сорбелло.
"Азыркы учурду айта турган болсок, Өзбекстан башкаруунун сапаты жагынан Казакстандан кыйла жогору турат", - дейт Марат Каирленов. Казакстан Борбор Азияда экономикалык флагман ролун жоготушу ыктымалбы деген суроого Марат Каирленов "теориялык жактан баары мүмкүн" деп белгилейт.
"Иш жүзүндө биздин экономика 288 млрд доллар, Өзбекстандыкы андан бир канча эсе төмөн экенин түшүнүү керек. Старттык позиция ар кандай. Бирок бул беймарал жата берүүнү билдирбейт. Инвестиция өткөн жылы ИДӨнүн 14 пайызын түзгөнүн айтып жатабыз, бул акыркы 27 жылдагы эң төмөн көрсөткүч. Биз чындап эле экономикалык көрсөткүчтү, мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртып, башкарууда жаңы жолдорду издешибиз керек, - деп эсептейт экономист. - Велосипед ойлоп табуунун кереги жок. Облустардын акимдерин шайлоо аркылуу тандап, мамлекеттик жана жеке компанияларда өзүн мыкты жагынан көрсөткөн менежерлерди издөө керек. Шайлоо экономиканы өнүктүрүүгө салым кошкон менежерлерди табууга жардам берет".
Казакстанда он жыл ичинде чийки затка көз карандылыкты азайтуу жана экономиканы диверсификация кылуу тууралуу далай жолу айтылды. Бирок иш жүзүндө өзгөрүү байкала элек. Инвесторлор бул маалда Өзбекстанды изилдей баштады.
"Өзбекстандын экономикасы ийкемдүүрөөк. Казакстанга келген көпчүлүк түз инвестициялар мунай тармагына гана багытталган, - дейт Борбор Азия боюнча адис Паоло Сорбелло. - ИДӨсү чийки өнүмдөргө көз каранды Казакстанга караганда Өзбекстан мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин сунуштап, келечектеги экономикалык каатчылыктардан жеңил өтүүгө кепилдик берип жатат".