Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага барып согушкан чет элдиктерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербей турган болду. Москва атайын мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырганын орус медиасы жазды. Украинадагы согушка катышкан чет элдиктер өз өлкөсүндө кылмыш жообуна тартылат. Бул берене Кыргызстандын мыйзамында дагы бар.
Кыргызстан
Орусия Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага барып согушкан чет элдиктерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербей турган болду. Орус бийлигинин соңку сунушун көптөр кооптуу коңгуроо катары кабылдоодо. Бразилиянын Белем шаарында өтүп жаткан климат боюнча глобалдык жыйынга түпкүлүктүү калктын ондогон өкүлү кирип барууга аракет кылды. Алар климат боюнча чечкиндүү чараларды талап кылууда. “Түндүк” тиркемесинен 20 миңден ашык адам насыя алууга өзүнө тыюу салды. Бул механизм жарандарды шыруундардан канчалык коргойт?