Ишкер, мурдагы айыл чарба министр Тилек Токтогазиев Вашингтондо борбор азиялык ишкерлер менен бирге АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту. Ал жолугушууда сөз болгон темалар жана Борбор Азия-АКШ кызматташтыгы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Кыргызстан
Бишкек шаардык соту активист, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин үч жылдык пробация жазасын күчүндө калтырды. Ага “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” деген беренелери менен айып коюлган. Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу.