Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Испания Украинага 615 миллион евролук аскердик жардам берет


Владимир Зеленский жана Педро Санчес.
Владимир Зеленский жана Педро Санчес.

Испания Орусиянын баскынчылыгына каршы туруу үчүн Украинага 615 миллион евролук жаңы аскердик жардам пакетин берет. Бул тууралуу шейшембиде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Мадридде украин президенти Владимир Зеленский менен бирге өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Санчестин билдиришинче, Испания Киевге берилчү жардамдын пакетин бир ай ичинде бекитип берет. Бериле турган каражаттын 400 млн курал-жарак сатып алууга жумшалат, анын ичинде 100 миллион евро Евробиримдик өлкөлөрүнүн АКШдан Украинага курал-жарак сатып алуусун караган PURL демилгесинин алкагында жеткирүүгө жумшалат.

Мындан сырткары Испания европалык SAFE программасы аркылуу 215 евро бөлөт. Бул радар жана дронго каршы жабдууларды сатып алуу үчүн жумшаларын Hromadske басылмасы жазды.

Бир күн мурда Зеленский Францияга сапар менен барган. Француз президенти Эммануэл Макрон экөө Киевди согуштук учактар жана абадан коргонуу системалары менен камсыздоо боюнча 10 жылдык келишимге кол койгон. Документте Украинанын "тиешелүү курал-жарактары бар" 100 Rafale согуштук учагын алуу боюнча келечектеги потенциалдуу келишимдер тууралуу айтылат. Жаңы муундагы Самп-Тэ абадан коргонуу, радар системаларын жана иштелип жаткан учкучсуз учуучу аппараттарды жеткирүү боюнча келишимдердин шарттары көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG