Арбен Хотинин сүрөтү
Борье Албаниянын түндүк-чыгышында Косово менен чек арага жакын жайгашкан. Алгач биздин бул алыскы кыштакка өтүү аракетибизден майнап чыкпады. Чек арачылар артка кайтарышты. Бир күндөн кийин чек арадан өтүүгө уруксат кагаз алып келгенибизден кийин макул болушту.
Борьеде жашаган үй-бүлөнү кезиктирдик. Ал жерди байырлаган 900дөй улгайган кишилер туш болгон кыйынчылыктарды, жашоо-шарттын оордугун чагылдырууну чечтик. Кышында жол жабылып калгандыктан борьеликтер Албанияга өтө алышпайт. Товарлар жана медициналык жардам Косоводогу Драгаше чек арасы аркылуу гана ташылып калат.
Жергиликтүү тургун Шате Палинчи 12 жашар уулун таң атпай Косового медициналык текшерүүгө алып барганын көрдүк. Ал бир нече сааттан кийин үйүнө азык-түлүк алып кайтты.
Бул сүрөттө Палинчи качырын сугаруу үчүн баратат.
Сергей Нужненконун сүрөтү
Биз 25-аба-десанттык бригаданын позицияларында бир күн жүрдүк. Андан кийин фронттон ротацияланган аскерлер менен күүгүм киргенде жолго чыктык. Бир нече жоокер асманды карап, орусиялык FPV учкучсуз учактарын атып түшүрүүгө даяр турушту.
Дрондор согуштун нугун түп тамырынан өзгөрттү. Мурда фронттук позицияларга оңой жетүүгө мүмкүн болсо, азыр бул өтө кооптуу. Чалгындоочу дрондор ар бир кыймылды фронттон 10-15 чакырым алыстыктан да байкай алат.
Жоокерлерге тоскоол болбош үчүн үчөөбүз жүк ташуучу унаанын артына тыгылып отурдук. Мен болгону бир чакырым алыстыкта жайгашкан Орусиянын позициясы жана алардын учкучсуз аппараттарынын операторлору бизди аңдып отурганын ойлобоого тырыштым.
Менин милдетим сүрөт тартуу эле. Бирок жарыктын жетишсиздиги, чаң жана өңгүл-дөңгүл жол фокус алууга дээрлик мүмкүндүк бербей жатты.
Машине талаадан 120 чакырым ылдамдыкта жүрүп, даны быша салаңдап, бирок жыйналбай калган күн карамалардын жанынан өттү.
Мзия Саганелидзенин сүрөтү
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өкмөт Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылдын аягына чейин токтоторун жарыялагандан кийин, парламенттин алды тез эле демонстранттарга толуп кетти.
Нааразылык акцияларынын биринчи түнүндө, 28-ноябрда полиция демонстранттарды күч менен таркатты. Мындай аракет жарандардын кыжырдануусун ого бетер келтирди. Эртеси күнү көчөгө чыккан элдин саны андан да көбөйдү.
Бул түн полиция кызматкери үн күчөткүч менен сүйлөп, демонстранттарды мазактаганы, сөгүнүп, коркутуп, орой сөздөрдү айтканы менен эсте калды.
Бул көрүнүш мени катуу ойго салды: өлкөдө жазага тартылбай турганына ишенген адамдар тобу бар.
Жогорудагы сүрөттү парламенттин арткы жагынан, спецназ тизилген жерде тарткам. Чогулган жаштар спецназды көздөй ар кандай буюмдарды, түтүн чыгаруучу шашкаларды ыргытып, полицияны сындап жатышты.
Виялета Саучыц тарткан сүрөт
Ошол күнү кечинде Вильнюстун Евангелия чиркөөсү бозгундагы беларус хорунун өкүлдөрүнө толду. Алар эртең менен Литванын баш калаасында жүрүшкө чыккан болчу. Бул сүрөт хордун өкүлдөрү Беларуста оппозициянын белгилүү "Махутны Боза" ("Кудуреттүү Кудай") гимнин аткарып жатканда тартылган. Бул ыр 2020-жылы Беларустагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын символу болуп калды.
Ал ырдалып жатканда элдин көзүнө жаш алганын көрдүм. Бир аял мага кайрылып: "Бүткөн боюм чымырап кетти. Бул музыка үмүттөрдү жандырат", - деди.
Өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болгон хордун өкүлдөрү Беларуста 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийин оппозицияны куугунтуктоого каршы чыгып, демонстранттарды колдоп ырдаган. Көптөгөн мүчөлөрү бир нече жолу камакка алынган. Бүгүн алар Европанын борборлорунда концерт коюп, Лукашенконун режими куугунтуктаган беларустардан кабар алып турушат.
Амос Чапплдын сүрөтү
Румыниялык липовандар - 17-кылымда диний куугунтук учурунда мурдагы орус империясынын чет-жакаларына качкан этностук орустардын урпактары. Пасха майрамында липовандардын кыштактарындагы чиркөөлөр коңгуроо кагууну каалагандар үчүн эшик ачышат.
Көчөдө коңгуроолордун кагылышы Пасха майрамынын көркүн ачат, анткени улуттук кийим кийген липовандар "Христос тирилди" деп учурашып, "Чын эле, тирилди" деп жооп беришет. Мен коңгуроо кагылган жерге чыктым, анын добушу абдан катуу чыгат. Чиркөөдөн чыккандан кийин сол кулагым укпай калды. Андан бери эки апта өттү, бирок азыркыга чейин башымды жууганда кулагыма суу кирип, бир аз убакытка дейре укпай калам.
Веселин Боришевдин сүрөтү
7-ноябрда 19-кылымдагы серб-болгар согушундагы маанилүү салгылашуу күнү белгиленет. Улутчулдар "Курал жана адам" пьесасынын премьерасынын ушул күнү коюлушун "болгарларды шылдыңдоо" деп эсептешти. Пьеса ошол окуяларды чагылдырат.
Болгар православ чиркөөсүнүн бир нече дин кызматчылары театрдын алдында нааразылык акциясына чыгып, курман болгон жоокерлерге багыштап дуба кылышты. Ал жерде улуттук кийимдерди кийген балдар да жүрдү. Полиция кызматкерлери обочодо бул жерди айланып, тамеки чегип турушту.
Чогулган элдин арасында башаламандык күчөп, акцияга чыккан демонстрант, улутчул маанайдагы саясатчы, 84 жаштагы Йоло Дэнев муштумун көтөрүп: "Алга!" - деп кыйкырды. Ошондо эл театрга чуркап, түз эле мен турган жерди көздөй жөнөдү.
Чогулган эл: «Уят! Малкович, жогол!» - деп кыйкырып жатышты. Полиция ошондо гана аларды токтотууга аракеттенди, бирок кеч болуп калган эле. Театрдын директору имараттан чыгып, митингчилер менен сүйлөшүүгө далалат жасады, бирок аны чаап жиберишти. Түртүп, тээп, түкүрүп, көйнөгү менен жагоосунан жулкулдатып алышты. Полиция аны топтун арасынан сууруп чыгып, театрга алып кирип кетти.
Көрүүчүлөр киргизилбегендиктен, пьесаны ошол түнү журналисттер гана көрдү.
Петр Троценконун сүрөтү
Жайында мен Сыр-Дарыядагы долбоордун алкагында Кожент шаарына келдим. Тажикстандык кесиптешим Фарзон Машарипов мени Панжшанбе базарына ээрчитип барды.
Борбордук Азиянын базарлары сүрөтчүгө өзгөчө жагат. Аларда дайым уу-дуулуу соода жүрүп, кызыктуу турмуш агымы, жайдары маанай сезилип турат. Адамдар сүрөткө түшүүгө каршы болбойт. Мен тыңчы эмес, сүрөтчү экениме эл ишениш үчүн жергиликтүү адамдын коштоосунда жүргөнүм туура болду.
Мен дээрлик эч байкалбай турган камера колдондум. Ошол күнү көптөгөн сүрөттөрдү тарттым, бирок эң кызыктуу кадр ушул болду.
Базардан эт саткан жайды көрдүм. Кардар аял соода кылып атыптыр. Сатуучунун портретин тартуу максатында анын кетишин күттүм. Кадрды түзөтүү үчүн бир нече секунд убакыт керектелет (сүрөтчү үчүн бул көп нерсе). Ал аял кетери менен бир нече сүрөт тартууга үлгүрдүм. Сүрөткө тартып жатканымды касапчы байкап калып, үстөлүнүн астына жашынды. А мен аны тартып алууга жетишип калган элем.
Марьян Кушнирдин сүрөтү
Бул бөлүк Орусиянын позицияларынан жүздөгөн метр алыстыкта токойдо жайгашкан, ал кезде баскынчы армия Украинанын линиясын жарып өтүүгө аракет кылып жаткан.
Жоокерлер болжол менен бир метрдей тереңдикте казылган жерде жашырынып жатты.
Муну "коён коңулу" деп аташат экен. Анткени бутту кенен сунуп жатууга мүмкүн эмес. Кээ бир аскерлер бүктөлүп жатып уктаганга аракеттенсе, кээ бири тыныгып алып эле кетип жатышты.