Кипр өкмөтү инвестициялык программа алкагында чет элдиктерге берген "алтын паспортторду" жокко чыгарууну улантууда. Жергиликтүү Politis гезити 77 адамдан турган "кара тизмени" жарыялады.
Грузияда борбор калаа Тбилисиде жана башка аймактарда парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Үч күн ичинде 50дөй адам жабыркап, 200гө жакыны кармалды, журналисттер ур-токмокко алынды. ЕБга мүчө өлкөлөр "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрүнө санкция жарыялоодо.
Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алды. Сириянын армиясы Алеппонун көпчүлүк аймактарын ээлеп алган козголоңчулар менен кагылышууда оор жоготууларга учураганын билдирди.
Грузияда өкмөт Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин өлкөдө толкундоолор уланууда.
28-ноябрда Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине жапырт сокку урду. Астанага келген орус президенти Владимир Путин муну украин тараптын Батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагын бутага алып жатканына жооп деп мүнөздөдү.
Израил жана Ливандагы "Хезболла" радикал уюму ок атууну токтотуу келишимине жакындап калды. Бул тууралуу расмий булактар жана маалымат агенттиктери билдирди. АКШ жана Франциянын арачылыгы менен түзүлгөн планды премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун коопсуздук кабинети жактырууга тийиш.
25-ноябрда грузин парламентинин жаңы чакырылышы биринчи сессияга чогулду. Президент жана оппозиция бир ай мурун болгон шайлоо башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.
Дүйнө өзгөрүп жатат. Бирок миллиондогон аялга мурдагыдай эле эң негизги укуктары үчүн күрөшүүгө туура келүүдө. Ооганстан, Иран же Борбор Азияда аялдар туш болгон көйгөйлөр айырмаланышы мүмкүн. “Талибан” башкарган Ооганстанда аялзат өкүлдөрү коомдук турмуштан четтетилип, эркиндиги тебеленүүдө.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусия АКШда шайланган президент Дональд Трамп расмий түрдө ишке киришкенге чейин украин күчтөрүн Курск облусунан сүрүп чыгаргысы келерин билдирди. Reuters жазгандай, украин армиясы Орусиянын бул облусунда ээлеп турган аймактарынын 40 пайыздан ашыгын жоготту.
Акыркы бир жыл ичинде украиналык ойлоп табуучулар 200дөн ашык ар кандай роботтук системаларды иштеп чыгышты. Аппараттар мина коюуга, душмандын позицияларын жок кылууга, жабдууларды жана снаряддарды ташууга, пулемётторду атууда колдонулат.
Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнүн ыктыярчысы Алексей Побигайды орус аскерлери 2022-жылы Бучада кармап кетишкен. Анын колдору байланып, башына ок тийген сөөгү орусиялык аскерлер таштап кеткен базанын аймагынан табылган.
Каспий түлөнү – Казакстанды мекендеген жалгыз деңиз жаныбары. Жаз менен күздө түлөндөр (аюу балык) деңиздин Казакстан тарабына ооп келет. Алардын жапырт кырылуусуна адамдын таасири, климаттын өзгөрүүсү жана суунун булганышы себеп болууда. Асел Баймуканова түлөндү көп жылдан бери иликтеп жүрөт.
Дагы жүктөңүз