Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

"Орусия согушка Түндүк Кореянын аскерин тартууга аргасыз"


Түндүк кореялык аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Түндүк кореялык аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия тарапта согушуп жүрүп украин армиясынын туткунуна түшкөн түндүк кореялык аскер набыт болду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы билдирди.

Орусиянын Курск облусунда украин армиясына каршы согушка аралашып жаткан түндүк кореялыктардын 3000дейи набыт болгонун же жараат алганын расмий Киев билдирген. Орус тарапта согушкан түндүк кореялыктар Украинадагы жаңжалдын нугун канчалык өзгөрттү?

Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы 27-декабрда тараткан кыска билдирүүсүндө украиндердин туткунуна түшкөн түндүк кореялык аскер колго түшкүчө алган жарааттарынан улам көз жумганын маалымдады. Бул тууралуу “Ренхап” агенттиги жазды.

“Биз 26-декабрда туткунга алынган түндүк кореялык аскер Украинанын атайын багыттагы күчтөрүнүн колуна түшкүчө алган жарааттарынан улам көз жумганын союздаштардын чалгын агенттиктери аркылуу бышыктадык”, - деп жазылат анда.

Түндүк кореялык жоокердин тек-жайы белгисиз. Буга чейин Телеграм-каналдардын биринде колго түшкөн аскердин сүрөтү жарыяланып, анын жарадар экени белгиленген.

Расмий Сеул билдиргендей, бир нече жума ичинде Орусиядагы аскердик аракеттерге аралашкан 1100дөй түндүк кореялык аскер набыт болгон же жараат алган. Набыт болгондордун арасында генерал да бар экени кабарланууда. Ал эми 23-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга жиберилген түндүк кореялыктардын чейрек бөлүгү же үч миңдей киши набыт болуп же жараат алганын айткан.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул сандар канчалык реалдуу экенин бышыктай алган жок.

Киев: Түндүк Корея Украинада 3 миңден ашуун аскерин жоготту
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:35 0:00

"Аскер жиберүүнү Путинге Ким сунуштаган"

Анткен менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын мындай жоготууларга тынчсызданбагандай. Авторитардык лидер Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоосун тескерисинче эки эсе көбөйтүп, анын ордуна мунай, накталай акча жана аскердик технология алууда.

Зеленский Пхеньян Орусияга дагы кошумча аскер жана курал-жабдык жибериши мүмкүн экенин билдирди. Бул маалыматты Түштүк Кореянын штаб башчыларынын биргелешкен комитети да ырастап, Пхеньян Орусиядагы аскерлерин ротациялоого же кошумча аскер жиберүүгө даярданып жатканын маалымдады.

Пентагон октябрь айынын башында билдиргендей, Орусия дээрлик үч жылга жакындаган согушта 600 миңдей аскерин жоготту. Учурда Орусия Украинаны аткылап жаткан миномет жана снаряддардын үчтөн эки бөлүгү Түндүк Кореядан жеткирилип жатканын Wall Street Journal басылмасы украин армиясынын офицери Андрей Коваленкого таянып жазды.

Украинанын расмий бийлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Орусия согушта колдонгон ар бир үчүнчү ракета Түндүк Кореяда чыгарылган.

Эксперттердин баамында, Пхеньян Орусиянын талаптарына ылайык курал-жабдык өндүрүшүн күчөттү.

Түштүк Корея менен АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматына караганда, октябрь-ноябрь айларында Түндүк Корея Орусияга 10 миңден 12 миңге чейин аскер жөнөткөн. Орусиянын бийлиги баары мыйзам чегинде экенин, эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын билдирген. Ал эми Пхеньяндын башкы дипломаты Түндүк Корея Орусияга Украинада жеңишке жетмейинче көмөк көрсөтөрүн билдирген.

Түндүк кореялык аскерлердин согушка тартылышы башынан эле Путиндин аргасыз кадамы катар мүнөздөлгөн. Анткен менен 23-декабрда The New York Times басылмасы америкалык расмий адамдарга таянып, аскерлерин жиберүүнү Пхеньян сунуш кылганын, Путин кабыл алганын жазды.

Июнь айында Путин Пхеньянга барып Ким менен жолуккан. Анда эки лидери эки тараптуу коргонуу тууралуу стратегиялык келишим жөнүндө макулдашкан. Москва менен Пхеньян бул келишимди ноябрь айында ратификациялады.

"Түндүк кореялыктардын согушуу тажрыйбасы жок"

Пхеньян ондогон жылдардан бери согушка аралаша элек болчу. Мындан улам анын бир миллиондон ашуун аскери бар армиясынын азырынча эч кандай тажрыйбасы жок. Орусиянын Украинага каршы согушуна аралашуусу менен Ким жана анын армиясы аз да болсо тажрыйба алып калууга аракет кылат.

"Алардын тактикалары өтө жөнөкөй, Экинчи дүйнөлүк согуш же андан кийинки маалдагыдай. Бирок алар да үйрөнүп жатышат",- дейт Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын кызматынын өкүлү Евгений Ерин.

2000-жылдардын башында Түндүк Кореянын артиллериялык жана чалгын батальондорда кызмат өтөп, кийин качып чыккан түндүк кореялык Хёнсын Ли "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Кимдин аскерлери азыркы курал-жабдыктарды билбей турганын айтат.

Анын айтуусуна караганда, аларга дрондорду жана жогорку технологиялык курал-жабдыкты кыска убакыт аралагында өздөштүрүү кыйынга турууда.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон украин дрондору Курск облусунун кар баскан талааларында түндүк кореялык аскерлерге сокку уруп жатканын көрүүгө болот.

Согушту иликтөө институтунун маалыматтарына ылайык, азыркы заманбап аскердик технологиялар түндүк кореялыктардын негизги көйгөйү эмес. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан уюм билдиргендей, түндүк кореялыктар орус аскерлери менен баарлашууда тилден да кыйналып жатышат.

Ал эми Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Евгений Ериндин эсебинде, түндүк кореялыктардын катышуусу согуштун жүрүшүнө анчейин деле таасирин тийгизген жок.

"Түндүк кореялыктардын аскердик аракеттерге тартылышы кырдаалга олуттуу деле таасирин тийгизген жок. Анткени алардын саны өтө деле көп эмес. Бирок түндүк кореялыктарды бул согушка аралаштыруу Орусия үчүн аргасыз кадам болгонун түшүнүп турабыз. Анткени аларда катарды толуктоо боюнча маселе бар", - дейт ал.

Шерине

XS
SM
MD
LG