Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:58

Зеленский Брюсселде, Путин Москвада согуш тууралуу кеп кылды


Владимир Зеленский жана Владимир Путин, коллаж.
Владимир Зеленский жана Владимир Путин, коллаж.

Украин президенти Владимир Зеленский Брюсселде өтүп жаткан Европа лидерлеринин бейформал жолугушуусуна жана Еврокеңештин саммитине катышты. Ал тапта Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынын куруп, Украинадагы согуш тууралуу суроолорго жооп берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин бейшемби күнкү Брюсселдеги жолугушуусу Москвада Орусиянын президенти маалымат жыйынын уюштурган учурга туш келди.

Зеленский 19-декабрда Украинада тынчтык орнотуу үчүн Евробиримдик менен АКШнын ортосундагы биримдик зарыл экенин айтты:

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

"Бизге АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдик абдан керек. Бул абдан маанилүү. Биз тынчтыкка жетишибиз үчүн бул биримдик керек. Биз АКШ менен Европа биргеликте Путинди токтотуп, Украинаны сактап кала аларына көзүбүз жетет".

Евробиримдиктин 19-декабрдагы саммитинде негизинен Украинадагы кырдаал талкууланды.

Анын алдында Зеленский Брюсселдеги жолугушуулар "Украинанын бүгүнкү жана эртеңки коопсуздугунун кепилдиктери тууралуу сүйлөшүү үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк" деп билдирген.

Саммиттин алдында Германиянын канцлери Олаф Шольц журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Евробиримдиктин Украинага болгон жардамы тууралуу учкай токтолду:

Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

"Биринчиден, биз Украинаны колдоону камсыз кылышыбыз керек. Биз канчалык зарыл болсо, ошончолук колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди ачык айтышыбыз керек. Абадан коргонуудан тышкары, артиллерия, ок-дарылар маселеси, Украинанын көз карандысыздыгын жана эгемендигин коргоо үчүн зарыл болгон нерселердин баары менен камсыздоо зарыл."

Ал тапта "Европейская правда" басылмасы Киев Украинага тынчтык орнотуу миссиясын жайгаштыруу идеясын колдоорун билдиргенин жазды. Маалыматка караганда, бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселде Эммануэл Макрон менен жолугушканда айткан.

"Биз Эммануэл менен анын көптөн берки планын талкууладык. Биз Украинаны бекемдөөнү билдирген тынчтык орнотуу идеясын колдойбуз", - деди Зеленский.

Буга чейин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациясынан кийин Киевге берилчү аскердик жардам азайышы ыктымал экенин билдирген.

Ушул эле күнү Орус президенти Владимир Путин маалымат жыйынында орус күчтөрү Украинадагы согуш талаасында негизги максаттарына жетүү үчүн алдыга жылып жатканын билдирди.

"Кырдаал кескин өзгөрүп жатканын белгилеп өтүү керек. Жалпы фронт линиясында жылып жатабыз. Сөз мында 100-200 же 300 метрлик жерди ээлөө туурасында болгон жок. Биздин аскерлер күн сайын бир нече чарчы км жерлерди ээлеп, мурунку аймактарды кайтарып алуунун үстүндө иштеп жатат".

Путин ошондой эле 19-декабрдагы түз байланыш учурунда жергиликтүү тургундун "аймак качан бошотулат?" деген суроосуна "украин аскерлери ал жактан сүрүп чыгарылат" деп жооп кайтарды. Бирок конкреттүү датаны айткан жок.

Зеленский өнөктөштөрүнө кайрылса, Путин фронт тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:47 0:00

Украин куралдуу күчтөрү Орусиянын Курск облусуна быйыл 6-августта кирип, бир нече күндө 70 чакты айыл-кыштакты алганы кабарланган. Азыркыга чейин да алар бир нече жерди ээлеп турушат.

"Настоящее время" телеканалы жазгандай, Путин Курскидеги кармаштар тууралуу калың эл алдына сөз кылчу эмес. Расмий маалыматка караганда, региондон 112 миң киши чыгып кетти. Жер которууга аргасыз болгондор турак жай, кенемте, уюштуруу маселелерине нааразы экени маалым.

Путин украин аскерлери аймакка эмне максатта киришкенин түшүнбөй турганын айтты.

Украин куралдуу күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский шаршембиде Курскидеги операция “зарыл болгонун”, муну менен орус армиясынын Харьков жана Сумы шаарларына карай алга жылуу планы үзгүлтүккө учураганын билдирген. Сырский "пландан майнап чыкты, Орусиянын Курахов жана Покровск багыттарынан башка жерлердеги дараметин алсыратууга жетиштик" деп эсептейт.

Путин украин аскерлери Курскиде чоң жоготууларга туш болгонун, ал жакта "Батыштын өрттөнгөн техникасы жайнап жатканын" айтты.

18-декабрда The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме жасап, Түндүк Кореянын армиясы Курск облусунда жүздөгөн аскерлерин жоготконун жазышкан.

Ага чейин украин чалгын кызматтары Орусиянын армиясынын катарында согушкан кеминде 30 түндүк кореялык мерт болгонун же жараат алганын билдирген.

Айрым талдоочулардын айтымында, Орусия согушта 600 миңдей кишини жоготкон. Путин калк жактырбаган мобилизациядан качып, Пхеньяндан аскерлерди согушка тарткан. Кээ бир маалыматтарга ылайык, алардын саны 11 миңден ашат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG