Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Грузия: Жаңы президент ант берди, оппозиция аны тааныган жок


Georgia Politics
Georgia Politics

Мурдагы футболчу, оңчул популист Михаил Кавелашвили өлкөдөгү саясий кризистин тушунда Грузиянын жаңы президенти катары ант берди. Буга чейинки мамлекет башчы Саломе Зурабишвили кызматтан кетүүдөн баш тартып, Кавелашвилинин дайындалышы "мыйзамсыз" экенин айтууда.

Зурабишвили: Мыйзамдуу президент менмин

29-декабрда Саломе Зуравишвили баш калаа Тбилисидеги президенттик сарайдан чыгып кетти, бирок "мыйзамдуу президент болуп кала берерин" айтты. Ыйгарым укуктары 29-декабрда аяктаган батышчыл, дасыккан саясатчы Зурабишвили кызматтан кетүүдөн баш тартууда.

"Алты жыл мурда мен Конституцияга колумду коюп ант бергем. Андан дагы мен өлкөмө жана сиздерге кызмат кылууга ант бергем. Ошондуктан мен бул жердемин. Менин позициям сарайдын ичинде болсом да, андан чыгып кетсем да өзгөрбөйт. Бул жактан силер менен чыгып, силер менен калам. Өзүм менен кошо мыйзамдуулукту, желекти жана силердин ишенимиңерди ала кетем", - деди ал 29-декабрда президенттик сарайдын алдына чогулган миңдеген тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып. Зурабишвили ошондой эле күрөштү улантууга сөз берди.

Грузиянын кызматтан кетүүдөн баш тарткан президенти Саломе Зурабишвили президенттик сарайдын алдында сүйлөп жатат. 29-декабрь, 2024-жыл.
Грузиянын кызматтан кетүүдөн баш тарткан президенти Саломе Зурабишвили президенттик сарайдын алдында сүйлөп жатат. 29-декабрь, 2024-жыл.

Анын талапкерлигин 2018-жылы "Грузин кыялы" партиясы көрсөтүп, жалпы элдик добуш берүү менен шайланган.

2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Зурабишвили бийликтеги партияны Киевге "жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатканы үчүн" айыптап, оппозиция тарапка өткөн.

"Грузин кыялы" партияcы октябрдагы шайлоодо жеңгенден бери эле Грузияда саясий кризис курчуп келет. Ал шайлоо добуштарды сатып алуу, бурмалоо, коркутуп-үркүтүү жана зордук-зомбулук фактылары менен коштолгон.

Өткөн айда өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жылдыруу туруу чечими жарыялагандан кийин толкундоолор ого бетер күчөдү.

Кавелашвилинин инаугурациясына дипломаттар чакырылган жок

Михаил Кавелашвилини "Грузия кыялы" партиясынын өкүлдөрү басымдуу болгон парламентттеги "шайлоочулар коллегиясы" тандаган.

29-декабрда 53 жаштагы Кавелашвили парламентте ант берди.

Жарым саатка созулган салтанаттуу аземге "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвили да катышты. Ал эми Грузияда аккредитациядан өткөн дипломаттар чакыртылган эмес. Себебин "залда орундардын жетишсиздиги" менен түшүндүрүшкөн.

Михаил Кавелашвилини буга чейин таанымал футболчу эле. Ал спорттук карьерасын 1980-жылдары баштаган. "Владикавказ-Алания" жана "Манчестер-Сити" командаларында ойногон. 1995-жылы Кавелашвили "Спартак-Аланиянын" курамында Орусияда чемпиондукту жеңген.

2016-жылы "Грузин кыялы" партиясынан парламентке шайланып, үч чакырылышта депутат болгон.

Михаил Кавелашвили ант берип жатат. 29-декабрь, 2024-жыл. Тбилиси.
Михаил Кавелашвили ант берип жатат. 29-декабрь, 2024-жыл. Тбилиси.

Грузиядагы саясий кризис

28-декабрда Зурабишвили Тбилисидеги демонстранттарга кошулуп акцияга чыкты. Анын катышуучулары Грузия менен Евробиримдиктин желегин көтөрүп жүрүштү.

Евробиримдикке кошулууну жактагандардын митингдерге чыгып жатканына бул күнү туура бир ай болду. Толкундоолордун алгачкы күндөрү полиция демонстранттарды күч менен таркатып, жапырт камап, уруп-сабаган учурлар катталды.

Нааразылык акциясынын катышуучулары "Грузин кыялы" партиясы түзгөн өкмөттү Евробиримдиктен оолактап, Москвага жакындаганы үчүн айыптап, "биздин келечекти уурдады" деп айтышууда.

27-декабрда Кошмо Штаттар Орусияга ымалага санаган миллиардер, мурдагы өкмөт башчы, "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилиге санкция салды.

"Иванишвилинин жетектөөсү менен "Грузин кыялы" партиясы Кремлдин кызыкчылыгын алдыга сүрөп, Грузиянын евроатлантикалык багытына бүлүк салды. Бул грузин элинин мүдөөсүнө жана Грузиянын Конститутциясына каршы келет",- деди Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Бидзина Иванишвили.
Бидзина Иванишвили.

Вашингтондун бул кадамын "Грузин кыялы" партиясы сындады, ал эми грузин оппозициясы тескерисинче кубаттап, Евбробиримдиктин лидерлерин Иванишвилиге жана башка өкмөт мүчөлөрүнө каршы чара көрүүгө чакырышты.

Митингдер башталгандан бери демонстранттардын тарабына өткөн Зурабишвили "Грузин кыялы" партиясын 29-декабрга чейин жаңы парламенттик шайлоонун датасын дайындоого чакырган.

Ал эми Конгресстин мүчөсү Жо Уилсон 27-декабрда X социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө жаңы санкцияларды кубаттарын жана Зурабишвилини "Грузиянын жалгыз мыйзамдуу лидери" катары 20-январда өтө турган президент Дональд Трамптын инаугурациясына чакырганын жазды.

Грузия Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын 2023-жылдын декабрь айында алган. Бирок талаштуу "чет элдик агент" тууралуу мыйзамдын кабыл алынышынан улам Брюссел менен Тбилисинин алакасы начарлап бараткан. "Грузин кыялы" партиясы бийликте 2012-жылдан бери отурат.

Шерине

XS
SM
MD
LG