«#noplasticisfantastic» деген хештег менен 1-апрелде Британиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Женнифер Таскер «Фейсбуктагы» баракчасына видео кайрылуу жүктөдү.
Кайрылууда ал 21 күн бою бир жолу колдонулган желим буюмдардан баш тартарын, анын ордуна өзүнүн идишин жана кездемеден тигилген баштыгын колдонорун айтты.
Демилге тууралуу элчиликтин маалыматтар менен иштөө бөлүмүнүн менеджери Урмат Кабылова буларды билдирди:
«Эмнеге биз 21 күндүк аралыкты тандап алдык? Себеби психологдордун айтымында, ушул аралыкта кандайдыр бир адаттарды калыптандыруу мүмкүн экен. Ошондуктан биз да бул демилгени үч жума бою жүргүзөлү деп чечтик. Өнөктүктүн аягы да 22-апрель - Жер күнүнө туш келет. Өнөктүктүн алкагында социалдык тармактар аркылуу кантип пластик буюмдардын ордуна башка буюмдарды колдонсо болору жөнүндө маалыматтарды сунуш кылабыз. Ошондой эле бардык адамдарды бир жолу колдонулган баштыктар менен шишелерден баш тартууга чакырабыз. Сиз да бул өнөктүккө катышып, пластик буюмдардан арылуунун жолдорун сунуш кылып видео жиберсеңиз, жигердүү катышуучуларга баалуу белектерибиз бар».
Экологиялык демилгеден улам шаар тургундарынын пластик буюмдарды колдонууга карата мамилесине кызыктык.
«Азаттык»: - Сиз желим баштыктарды, бир күндүк колдонулган пластик буюмдарды колдонбоо жөнүндө ойлоносузбу?
- Ойлоном да, анткени желим баштыктар зыян, көрүнгөн жердин баары таштанды.
«Азаттык»: - Ошону азайтыш үчүн сиз эмне кыласыз?
- Кагаз жок болгондуктан ошону эле урунуп жатабыз. Орой турган тамак-аш болот, аларды эмнеге оройбуз? Өзүбүз да көнүп алдык, буга. Кездемеден баштыкты эч ким жасап, убактысын кетирбейт го дейм.
- Көп эле колдонобуз, себеби дүкөндөргө, той-аштарга барганда ошондой пакеттерге салып беришет. Бирок ошол пластик пакет, контейнерлерди тапшыра турган жерлер жок. Кызым 10-класста окуйт. Ал үйдөгү пластиктерди чогултуп тапшырайын десе, дарегин таба албай жатат. Дареги табылса эле ошол жакка барып тапшыра бермекпиз.
- Мен ашыкча полиэтилен баштык сатып албаш үчүн «Глобуска», «Фрунзеге» өзүмдүн баштыгымды ала барам. Ошондой эле аларды ыргытпаганга аракет кылам, ыргытсам да чачылып кетпесин деп чоң баштыкка салып таштандыга таштайм.
Желим буюмдардын зыян экенин билип туруп, аны колдонуудан баш тартпаган адамдар четтен чыгат. Ошентсе да жер бетин эле эмес, океандарды да каптаган, ал тургай жаныбарлардын да ашказанынан чыгып жаткан микропластиктер айрымдарды кайдыгер калтырбайт.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин инженердик экология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Венера Эдилбек кызы өзү желим баштыктарды колдонууну азайтып, пластик шишелерди кайра иштетүүчү жайларга алып барып тапшыруудан сырткары башкаларды да бул адатка үгүттөп келет. Ал достору менен окуу жайында макулатура жана пластик буюмдарды бөлгөн кутучаларды жайгаштырып, аларды тиешелүү мекемелерге тапшырып турат.
Венеранын айтымында, желимден жасалган буюмдарды кайра алып барып тапшырыш үчүн адамдарда мотивация болушу керек.
«Биз пластикти такыр кереги жок буюмдай көрөбүз. Негизи булар ресурс. Өлкөлөр бири-бири менен атаандашып жаткан, ишкерлер атаандашып жаткан ресурс. Ошону түшүндүрө билиш керек, андан кийин иргегенге көңүл пайда болот. Ал эми биз «кооптуу» дей берсек, чын эле кооптоно баштайт. «Бул пластик - жөн эле пластик эмес, ага экинчи жашоо берип койсок такыр башка жаңы буюм болуп калат» деген ойду адамдарга түшүндүрүшүбүз керек», - деди Венера Эдилбек кызы.
Берлин Фрай университетинин докторанты, эколог Максатбек Анарбаев Кыргызстанда пластик гана эмес, жалпы эле таштанды боюнча маселеси курч бойдон турганын айтат. Ал көп жылдан бери таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду салуу куру сөз бойдон калып, иш жүзүнө ашпай келатканын сынга алды:
«Статистикалык маалыматтарга таянсак, республика боюнча жылына бир миллион тонна таштанды топтолот. Ошондой эле мыйзамсыз төгүлгөн таштандылардын көлөмү 200 миң тонна. Өлкөбүздүн ичиндеги таштанды маселесин, анын ичинде пластик маселесинин масштабын ушундан эле билсек болот. Таштанды менежменти боюнча биз кыйла арттабыз. Кайра иштетүүчү завод 20 жылдан бери айтылып келет. Чет өлкөлүк долбоорлор да келген, тилекке каршы ишке аша элек».
Желим буюмдар жүздөгөн жылдар бою жок болбойт. Мисалы, пенопласттан жасалган стакан 50 жылда, ал эми балдардын памперси жана желим бөтөлкөлөр 450 жылда араң эрип же чирип жок болот.
БУУнун маалыматына караганда, мүнөт сайын дүйнө жүзүндө 10 миллион пластик пакет колдонулат. Айрым статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө мүнөт сайын бир миллионго чукул пластик шише сатылат. Анын 7% гана кайра иштетилет.
Кыргызстанда күн сайын же жылына канча пластик идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке менчик ишканалар көбөйгөн. «Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.
Ошого карабай өлкөдө желим буюмдарга каршы мамлекеттик деңгээлде эч кандай тыюу жок. Ал эми Грузия полиэтилен пакеттерди чыгарууга, импорттоого, сатууга жана колдонууга расмий түрдө тыюу салган. Мыйзамга баш ийбегендер 180 доллар айыпка жыгылат.