"Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, анын уулу Кемелбек сегиз жылга абакка кесилди. Соттун чечимине ылайык алардын мүлкү мамлекетке алынышы керек.
Экс-министр Динара Кутманова, уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилгени белгилүү болду. Алардын мүлкү мамлекетке алынат. 2023-жылы УКМК Кутманова бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучусу экени аныкталып”, кармалганын кабарлаган. Кутманова тагылган айыптарды четке каккан.
Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген билдирүүсүн четке какты. АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айтты.
Бишкектеги реабилитациялык зоопаркта өрт чыгып, жети жаныбар (алты маймыл, бир кенгуру) өлдү. Шаардагы камкордукка муктаж жаныбарлар кармалган жападан жалгыз борбордогу бул окуя аларга жасалган мамилеге байланыштуу маселе бышып жетилгенин айгинелеп койгонсуду.
Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Ташиев "кримчөйрөнүн анабашы" атыккан Көлбаевди жок кылуу "мамлекет үчүн зарыл чечим болгонун" айтты. Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууну Израилдин өкмөтү бекиткен соң гана күчүнө кирет. Прокуратура Аксыда аялдын өлүмүнө байланыштуу кызмат адамдарын тартиптик жазага тартууну сунуштады.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдө пирстин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Кыргызстанда табиятты коргоочулар маралдарды жоголуп кетүүдөн сактап калуунун аракетин көрүп жатышат. Кыргызстанда алардын саны төрт жүзгө чамалап, бир нече корукта байырлашат. Жаныбарлардын бир тобун алыскы Алтайдан алып келишкен.
2024-жылы Борбордук Европадан Кавказга, Борбор Азия менен Ооганстанга чейинки бир катар өлкөлөр суу ташкындан катуу жабыр тартты. Биз табигый апааттын себептерине үңүлүп, Британиядагы Carbon Brief сайтынын илимий журналисти Айеша Тандонго суроо узаттык.
Көгүлтүр отунга бай коңшу Өзбекстанда электр энергиясынын тартыштыгынан улам жергиликтүү калк үйүн көмүр же отун менен жылытуу амалын издеп жатат. Адистер аба булганып, экологияга зыяны тийип жатканын айтышууда. Бирок өзбек өкмөтү мындан да көбүрөөк көмүр өндүрүүнү пландоодо.
Бийик тоолордо, аппак ак чокулардын тушунда чабандын эстелиги көрүнүп турат. Анын аты-жөнү Таштанбек Акматов. Бул тирүү адамга эстелик тургузулган сейрек учур. Ак топоз – жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрү.
Бишкек кайрадан абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде башкалаанын айрым бөлүктөрүндөгү көрсөткүч өтө кооптуу чектен ашкан.
Дагы жүктөңүз