Ушул тапта картөшкөнүн бир килограммы Кочкордо 6-8 сомдон бааланууда. Дыйкандар “кымбат сатып каларбыз” деген үмүт менен жыйган түшүмүн кармап турушат. Ошол эле учурда райондун айрым айылдарын кыдырып, картөшкө алгандардын карааны көрүнө элек.
Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» дүң жана чекене базарынын соодагерлери Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар базарга электр энергиясын берип, базарды мэриянын карамагына өткөрүп алууну талап кылышты.
Орусия акыркы үч жума ичинде Кыргызстандан ташылган тонналаган жашылча-жемишти өз аймагына киргизүүдөн баш тартты.
Дыйкандардын алды алгачкы түшүмүн терип бүткөнү калса, бир тобу өнүмүн заводдорго тапшырууга жетишти.
Бирок, алармандарды да, сатармандарды да баанын туруксуздугу тынчсыздандырууда. Мунун себебин ишкерлер ири соода базарларда суроо-талаптын азайышы, Евразия экономикалык биримдиктин тутумунда чек аралардагы узак текшерүүлөрдөн улам жемиштин сапатынын төмөндөп кетиши менен түшүндүрүп жатышат.
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён үч күндүк расмий сапары уланууда. Кыргызстандын эгемендик тарыхында Түштүк Кореянын өкмөт башчысы Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келди. Расмий Сапардын алкагында Ли Нак Ён «Кыргызстан - Түштүк Корея» бизнес-форумуна катышып, Кыргызстандын прем
«Бишкек» эркин экономикалык аймагы уюшулгандан бери андагы ишканалар төрт эсе азайды.
«Девзира» деген бренд менен белгилүү болгон өзгөн күрүчү быйыл жылдагыдан 100 гектарга аз айдалды. Мунун себебин дыйкандар күрүчтүн ички рынокто баа болбой калганынан көрүшөт.
Айыл чарба министрлигинин ишине айтылган сын-доомат тыйыла элек. Бул жолу фермелер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде министрлик менен дыйкандардын ортосундагы байланыштын жоктугун, дыйкандарды техника менен камсыз кылуу аксап жатканын айтышты.
Соң-Көлдө туристтерге замапбап эс алуучу жайды ачып жаткан жеке ишкер жергиликтүүлөрдүн коркутуусуна кабылды. Алар ишкерге "беш күндүн ичинде көчүп кетпесең, боз үйлөрүңдү өрттөп кетебиз" деп айтышкан.
Баткен өрүгүнүн бат даяр болгон ашкана сорту экспортко чыга баштады. Алгачкы түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 10-15 сомго кымбат бааланды. Ак өрүк Орусияга жана Казакстанга сатылууда. Түшүм үчүн аба ырайы да ыңгайлуу болуп, сапаты да жакшы.
Оштун Араван районундагы багбандар кокон гиласын Кытайга экспорттоп жатат.
Дагы жүктөңүз