Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

Өзгөн күрүчү чыгымды актабай калды


Өзгөн күрүчү. Өзгөн шаары.
Өзгөн күрүчү. Өзгөн шаары.

«Девзира» деген бренд менен белгилүү болгон өзгөн күрүчү быйыл жылдагыдан 100 гектарга аз айдалды. Мунун себебин дыйкандар күрүчтүн ички рынокто баа болбой калганынан көрүшөт.

Фергана өрөөнүндөгү Кара-Дарыя, Жазы, Куршаб жана Зергер дарыяларынын төмөнкү агымдары тарапка жайгашкан аймакта жалпы Борбор Азияга таанымал өзгөн күрүчү же девзира өсөт.

Күчтүү ашпоздордун айтымында, өзгөн күрүчүнүн даамы башка аймактарда өскөн күрүчтөн кыйла айырмаланып турат.

Дыйкандардын айтымында, Өзгөндө өскөн күрүчтүн уругун башка жакка сепкен учурда сырткы көрүнүшү окшошсо да, даамы окшобойт. Ошого карабай соңку жылдары аны өстүргөндөр көбөйгөн.

«Манас 2006» кооперативинин жетекчиси Шавкатбек Салиевдин айтымында, кийинки кезде өзгөн күрүчүнө болгон суроо-талаптын азайышына күрүчтүн көп айдала баштаганы да себеп болгон.

«Жалал-Абадда, Сузакта өстүрүшөт, - деди ал. - Дал ушул биздин «Кара кылтырык», «Ак урук» сортторун алып кетишет. Өзүбүздүн өзгөндүк дыйкандар алып барат. Бышканда түшүмүн Өзгөнгө алып келип, акжубазга салып акташат. Аны «өзгөн күрүчү» деп сатышат. Билбегендер алат да, «өзгөн күрүчү мурдагыдай даамдуу болбой калган турбайбы» деп көңүлү калат».

Шавкатбек Салиевдин сөзүнө караганда, өзгөн күрүчү былтыр арзан сатылган. Буга ортомчулардын 1 килограмм күрүчтүн баасын 50-55 сомдон көтөрбөй коюшканы себеп болгон.

«Күрүч былтыр арзандап кетти, - дейт ал. - 50-55 сомдон саттык. Бул биздин мээнетти, күрүч өстүрүүгө сарптаган каражатыбызды актаган жок. Күрүч өстүрүү - жалаң кол эмгеги менен бүтө турган иш, айдаганда да, сепкенде да, отогондо да, оруп-жыйнап, жанчыганда да жалаң кол эмгегин жумшаш керек. Түйшүгү оор. Күрүчтүн 1 килограммы 100 сомдон сатканда да мээнет менен каражат акталбайт».

Күрүчтүн көчөтү тигилип жатат

Расмий маалыматтар боюнча, өзгөн күрүчү жалпы райондо 3010 гектар жерге айдалат. Мындан 4,5 миң тоннанын айланасында түшүм алынат. Быйыл күрүч дээрлик жүз гектарга аз айдалган.

Өзгөн райондук акимчилигинин агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Имангазы Абдраев жергиликтүү бийлик дыйкандарга күрүчтү жаңы ыкма менен өстүрүп, түшүмдү арбын алууну үйрөтүп жатканын айтты:

«Өзгөн күрүчү мурдагыдай бааланбай калды, баасы түшүп кеткени анык. Буга башка жакта өскөн күрүчтү деле боёп, «өзгөн күрүчү» деп сатканы себеп болду. Учурда биз дыйкандар менен иштеп, күрүч сатууну жандантыш үчүн түрдүү семинарларды өтүп жатабыз. Шалы эгүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөтөлү дейбиз».

Шалы талаасы.
Шалы талаасы.

Имангазы Абдраевдин айтымында, күрүч өстүрүүдөгү жаңы ыкма дыйкандарга азыраак мээнет жумшап, көбүрөөк түшүм алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мында дыйкандар күрүчтү мурдагыдай талаага сеппей, көчөтүн алдын-ала парниктерде өстүрүп алат.

«Беш жыл мурда көчөт менен ишибиз жок эле. Азыр жалаң көчөт отургузуп калдык. Анткени пайдалуу. Бирок көбүрөөк мээнет жумшайсың. Бир адам бир палга (күрүч айдаш үчүн суу толтурулуп даярдалган аянтча - ред.) бир күндө көчөт отургузуп жетишпейт. Эки күн керек. Бир күн үчүн бир кишиге миң сом төлөп бере алсак, 10 киши эки күн иштейт. Ошондо 20 миң сом күрүч көчөт эккенге эле кетет. Бирок күрүч дандуу, берекелүү болот», - деди «Күрүч өстүрүүчүлөр» кооперативинин башчысы Шавкатбек Салиев.

«Кара кылтырык» жана «Ак урук»

Дыйкандар мурда Өзгөндө «девзира» деген аталышка күрүчтүн «Кара кылтырык» жана «Ак урук» деген сорттору жооп берип келгенин айтышты. Учурда бул сорттордун түшүмү азайып кеткенине байланыштуу дыйкандар башка сортторду эге баштаган.

«Манас 2006» күрүч өстүрүүчүлөр кооперативинин башчысы, дыйкан Шавкатбек Салиев белгилегендей, жаңы сорттор аба ырайынын ар кандай кубулушуна туруктуу, дандуу келгени менен өзгөчөлөнөт.

Базарда да өзгөн күрүчүнүн бир нече түрүн сатып алууга болот. Сатуучу Үрүбай Абдыкеримов күрүчтүн сапаты жана даамы ал өскөн аймактын абасы менен суусуна көз каранды экенин эске салды:

«Биз күрүчтөргө алар өскөн жерлердин аталышын жазып коебуз. Мисалы, «Какыр», «Учук», «Красный Маяк» жана башка деген жазуулар күрүчтүн сорту эмес. Ушул жерлерде өстүрүлгөн күрүч деп түшүнүү керек. Жергиликтүүлөр өзүнө жаккан жердин күрүчүн алып кете берет».

Өзгөн күрүчү Өзбекстанда баалуу

Чек ара ачылгандан бери өзгөн күрүчү Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү облустарга сатыла баштаган.

Ушул тапта өзгөн күрүчүнүн бир килограммы 100-110 сом турат. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 50-60 сомго кымбат.

Ошого карабай Өзбекстанга, Орусияга аз өлчөмдө болсо да сатылып жатканы баа көтөрүлөт, мээнет акталат деген үмүттү жаратты.

Азырынча өзгөн күрүчү канча өлчөмдө сыртка экспорттолуп жатканы тууралуу так маалымат жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG