Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигиндеги расмийлер ырчы “казак пропагандасын" ээрчип кеткенин айтса, айрым серепчилер эл алдында жүргөн адамдар талылуу темада сүйлөгөндө этият болушу керек экенин эскертишет.
Талашка жем таштаган маек
9-январда казакстандык AIRAN деп аталган YouTube каналда “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандагы демократияга ким тоскоолдук кылды?” деген бир сааттык видео тасма жарыяланган.
Семетей Аманбеков, Азат Рузиев, Элери Битикчи, Элдияр Кененсаров, Искендер Шаршеев, Кайрат Примбердиев сыяктуу айрым кыргызстандык маданият өкүлдөрү, ар тармактагы серепчилер аталган медиага маек куруп, эки элдин ортосундагы мамиле, Кыргызстандагы айрым коомдук, саясий, экономикалык көрүнүштөр тууралуу пикирлерин айтышкан.
Тасмада 19-кылымда жашаган казак ханы Кенесары тууралуу да кеп болгон. Казакстандык журналисттер бул боюнча эки элдин ортосундагы талаш-тартыш токтобой келе жатканын белгилеп, “Ормон хан мынчалык катаалдык кылбай, коңшулугун көрсөтсө болот беле?” деген суроо коюшкан.
Журналисттин мындай суроосунан кийин ырчы Кайрат Примбердиевдин пикирине орун берилген.
“Кырдаал ушундай болуп калып, Ормон хан Кенесары ханды өлтүрүүгө мажбур болгон. Мен өз атымдан бул окуя үчүн казак элинен кечирим сурагым келет. Азыр ыйлагым келип турат. Кенесарынын түпкү ниети ак болсо керек. Ал эки элдин орус империясына каршы биригишин каалаган да. Ал эми Шабдан баатыр менен Ормон хан Орусиянын күчүн билип калышкандыктан, “аларга каршы чыксак элди кырып алабыз” дешкен. Казак султандары да Орусияга каршы чыгууга макул болушкан эмес”, - деген ал.
“Казак пропагандасын ээрчиген”
Примбердиевдин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Соцтармак колдонуучулары экиге бөлүндү.
Бир тарабы ырчыны бул пикири үчүн кескин айыптап, анын минтип айтууга укугу жоктугун белгилесе, экинчи тарап ырчынын бул сөзүнөн кандайдыр бир чоң маселе жаратуунун кажети жок экенин жазышты.
Талкууга айрым тарыхчылар да үн катып, мындай окуялар билбестиктен улам келип чыгарын айтып, Кенесары хандын кандай жагдайда өлтүрүлгөнүн эске салган макала, постторду жазып жатышат.
“Кыргыз элин Кенесарынын мыкаачылыгынан, кыргыз жеринин казактарга алынышынан сактап калган Ормон ханга урпактары ыракмат айтышы керек. Азыр болсо Кенесары зордук-зомбулук менен өлтүргөн далай кыргыздардын убал-сообунан коркпой, кайра аларды кемсинтип, мыкаачы Кенесарыдан кечирим суроо - барып турган наадандык болсо керек. Кыргыз элин ойлонбой сүйлөө менен кордобогула”, - деп жазды тарыхчы Рыскул Жолдошов.
Ал эми 12-январда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Бишкекте өткөн “РухЭш” сайтынын адабий форумунда сүйлөп жатып, Кайрат Примбердиевди “казак пропагандасын ээрчиген” деп сындады:
“Мен ал кишини деле күнөөлөгүм келбейт. Бул казакстандык пропаганданын жыйынтыгы. Ал жакта бул боюнча ондогон тасмалар тартылып жатат. ТикТокто, Фейсбукта ошол тасмалардын үзүндүлөрү тарап жатат. Казак тили бизге жакын же орусчасын да тапса болот. Анан биздин жаштар, ырчылар ошолорду көрүп отуруп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы негизги фигуралардын бири болгон Ормон хандын жерибизди сактоо, мамлекеттүүлүктү түзүү ишине уялгандай, ал үчүн кечирим сурашыбыз керек болгондой көз караш калыптанып жатат”.
Тагаев иш-чарага катышып отурган адабиятчыларга, тарыхчыларга кайрылып, коомчулукта агартуу мазмунундагы маалыматтарга муктаждык бар экенин кошумчалады.
“Эки элдин достугу үчүн кечирим сурадым”
Көптөгөн талаш пикирлерден соң ырчы Кайрат Примбердиев 13-январда өзүнүн Инстаграм баракчасында видео жарыялап, окуя боюнча түшүндүрмө берди. Ал AIRAN медиасына дээрлик бир сааттай маек курганын, анда бул тарыхый окуянын жүрүшүнө кенен токтолгонун, бирок анын баары тасмага кошулбай калганын айтты.
“Бири-бирибизден кечирим сурашып, бир келген өмүрдө миң жылдык кошуна болуп жашап өтсөк деген жакшы ой менен айтылган сөз эле. Биз, кыргыздар, айкөл эл болгондуктан айкөлдүккө салып, мен биринчи өз атымдан кечирим сурап берсем деген ой болгон. Кенесарынын жортуулунда канча деген мекендештер каза болгон, алардын жаткан жери жайлуу болсун. Эми ал тараптан да акыйкатты айта турган тарыхчылар чыгып, ал жактан да бизден кечирим суроо болсо, ортодогу таарынычтар токтосо, коңшулук мамилебиз мындан да ысык болор беле деген мааниде өз атымдан кечирим сурадым".
Примбердиев видеонун толук вариантын авторлордон сураганын, ал колуна тийсе, маалымат жыйын өткөрөрүн да кошумчалады.
Бул окуя эл көзүндө жүргөн адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени кайрадан актуалдаштырды.
“Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек “таанымал адамдар талылуу темалардан алыс болсо” деген пикирде:
“Мурда Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдү алсак, биздин тарых абдан бурмаланган. Популисттик, пропагандалык түрдүү тарыхый мифтер бар. Окуялардын чечмелениши ар кандай берилет. Андыктан медиа чөйрөсүндөгү таанымал адамдар мындай талылуу темаларды талкуулоодон алыс болгону жакшы. Өзгөчө башка элдин медиасына барып маек куруп жатканда өзүм билбеген темадан алыс болгонго аракет кылмакмын. Себеби талылуу, талаштуу, чекит коюла элек маселелер көп да”.
Кенесары Касым уулу 19-кылымдагы казак хандарынын бир катары тарыхта калган. Казакстанда аны улуттук боштондук кыймылынын лидери катары көрсөтүшөт.
Кыргыз тарыхчылары ал 1845-жылдан тартып кыргыздарга кол салып, карапайым кишилерге зомбулук көрсөткөнүн жазып келишет.
1847-жылы Ормон хан Ниязбек уулу башында турган кыргыздар Кенесары хандын аскерин жеңип, өзүн туткунга алган. Бир нече убакыттан кийин ал өлтүрүлгөнү тууралуу тарыхый маалыматтар бар. Кийин анын башы Орусияга жөнөтүлгөнү тарыхый булактарда белгиленет.
Кенесарынын сөөгүнүн калдыгы кайсы жакта экени тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтар боюнча, Санкт-Петербургдагы Эрмитажда же Кунсткамерада сакталып турушу мүмкүн.
Буга чейин казак бийлиги ушул маселе менен Орусияга кайрылган учурлары болгон.
Шерине