Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Ооганстан: Зилзаладан жабыркаган аялдар жардамга муктаж


Кунар провинциясынын Нургал районуна караштуу Мазар-Дара айылында болгон жер титирөөдөн кийин талаа шартында дарыланып жаткан оогандык кыз-келиндер. 1-сентябрь, 2025-жыл.
Кунар провинциясынын Нургал районуна караштуу Мазар-Дара айылында болгон жер титирөөдөн кийин талаа шартында дарыланып жаткан оогандык кыз-келиндер. 1-сентябрь, 2025-жыл.

31-августка караган түнү Ооганстандын чыгыш аймагында болгон жер титирөөдөн каза тапкандар саны 2217ден ашып, дагы дээрлик 4000 киши жаракат алды. "Талибан" өкмөтүнүн катаал эрежелерине туш болгон аялдар жер титирөөдөн кийин медициналык жардам ала албай, оор абалга туш болушту.

Жергиликтүү тургун Сола көзүн ачканда Ооганстандын чыгышын кыйраткан жер титирөөдөн жабыркагандар жайгаштырылган ооруканада жатканын көрдү.

Аял ошол жерден бир апта мурунку зилзалада сегиз жакын тууганы каза болгонун укту.

"Мени бул жерге ким алып келгенин билбейм. Жанымда эч ким жок", — деди Сола ооруканадагы керебетинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып.

"Менин үйүм, жакындарым бар эле, эми кайда барарымды да, эмне кыларымды да билбей турам", — деп сөзүн улады оогандык келин.

Кырсыктан Соланын бардык эркек бир туугандары көз жумду. Жер титирөө алардын үйүн жана айылдагы ондогон турак жайды жер менен жексен кылган.

"Бул жерде аял дарыгерлер жок экен. Денемдин айрым жерлеринен жаракат алдым, бирок эркек дарыгерлерге көрсөтө албайм", — деди Сола.

Ооганстанда дарыгерлер, дары-дармек жана медициналык жабдуу жетишсиз. Айыл жерлеринде аял дарыгерлер жокко эсе.

Мазар-Дара айылы. Жер титирөөдөн кийин талаа шартында дарыланып жаткан оогандык кыз-келиндер. 1-сентябрь, 2025-жыл.
Мазар-Дара айылы. Жер титирөөдөн кийин талаа шартында дарыланып жаткан оогандык кыз-келиндер. 1-сентябрь, 2025-жыл.

Оогандык дарыгер Абдул Каюм Рахимдин айтымында, өлкөдө жана аймакта аял дарыгерлер дээрлик жок болгондуктан көпчүлүк аялдар учурда ыкчам жардам ала албай жатат:

"Жер титирөөдөн кийин чукул эвакуация иши маанилүү. Бир аз кечигүү аялдардын өлүмүнүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Айыл тургундары ооруканада аял кызматкерлер жок экенин билишет. Ошондуктан жаракат алган аялдарды жана кыздарды ооруканага алып барууга батынбай жатышат. Көбү аялдарды ооруканага жеткирүүнүн ордуна үйлөрүндө өз алдынча дарылап жатат".

"Талибан" бийликке келген 2021-жылдын август айынан бери Ооганстанда аялдардын коомдук турмуштагы эркиндигин кескин чектеп, аларга эркек жакындарынын коштоосусуз үйдөн чыгууга жана коомдук транспортко түшүүгө тыюу салган. Ошондой эле аялдардын жана кыздардын иштөө, окуу жана коомдук жайда жүрүү укуктары олуттуу чектөөлөргө туш болгон.

Аялдарды жана кыздарды дарылоо үчүн Кунар провинциясына барган аял дарыгер Фаузия Насим кырдаал оор экенин, аялдарда жардамга муктаждык мурдагыдан да күчөгөнүн белгиледи:

"Аялдар жана балдар азыркы учурда баш калкалоочу жайга жана жаратылыш кырсыктарынан коргоого муктаж. Алардын көпчүлүгүнүн камкорчулары каза болуп калган. Аны менен кошо азык-түлүк, ичүүчү суу жетишсиз. Бирок негизги муктаждык азыр турак жай жана чатырлар болуп жатат. Анткени көбүнүн үйү кыйрап, жашай турган жери жок калды".

31-августка караган түнү Ооганстандын чыгыш аймагында магнитудасы 6,0 болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2217ден ашты. Акыркы маалыматтарга ылайык, дээрлик 4000 киши жаракат алды.

Жаракат алгандардын басымдуу бөлүгү аялдар жана балдар.

Ошол эле кезде Кунар провинциясындагы ооруканада учурда 13 аял гана дарыланууда. Эркек бейтаптардын саны 67.

Ал эми Желал-Абад шаарындагы ооруканада бош орун калбай калганы жана бул жерде да аял дарыгерлер жетишсиз экени маалымдалды.

Эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар соңку кырсыктан кийин да Ооганстанда кыз-келиндерге жардам жеткиликтүү болбой, алардын абалы оор экенин белгилешет.

"Аялдар жана кыздар бул кырсыктын да оор жүгүн көтөрүп жатышат. Ошондуктан алардын муктаждыктары да тез арада чечилиши керек. Антпесе, алар жакынкы күндөрдө жардамсыз же маалыматсыз калуу коркунучунда турат", - деди Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстандагы аялдар боюнча атайын өкүлү Сюзан Фергюсон 2-сентябрда.

Соңку жер титирөө талибдер бийликке келгенден берки үчүнчү ири кырсык болду.

2022-жылдын июнундагы жер титирөө Пактия, Пактика жана Хост провинцияларында оор кыйроолорду алып келген. Эл аралык Куткаруу комитетинин маалыматына ылайык, Хостто эң көп жабыркагандар аялдар жана кыздар болгон.

2023-жылы Герат провинциясындагы жер титирөөдөн, ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 1500дөй адам каза болгон, алардын көбү да аялдар жана кыздар.

Макаланы которгон: Айгерим Акылбекова

Шерине

XS
SM
MD
LG