Анын ичинде 80-90 миңдей кыргызстандык “кара тизмеде” кала берүүдө. Орус бийлиги алар 10-сентябрдан кийин депортация боло турганын эскертүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына көмөктөшүү үчүн Москвага кошумча кызматкерлерин жиберди.
"Убакыт бүткүчө жетишип калгыла"
Орусиядагы кыргыз мигранттарын “кара тизмеден” чыгууга жарым жылдан бери кайталап үндөп келаткан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Москвадагы кыргыз элчилиги соңку бир айда аракетин дагы күчөттү. Элчиликтин кызматкерлери Орусияда күчүнө кирген “Амина” аттуу тиркемеге катталууга үндөп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Аталган тиркемени Орусия өкмөтүнүн токтомунун негизинде "Сахарово” көп функционалдуу каттоо борбору 1-сентябрдан тартып киргизген. Өлкөгө визасыз режим менен кирген бардык эмгек мигранттары “кара тизмеде” бар-жогуна карабай ушул тиркемеге катталышы керек.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева расмий билдирүүдө буларга токтолду:
“Эгерде сиздин каттооңуз буга чейин бар болсо жана анын мөөнөтү, мисалы, 30-сентябрга чейин жарактуу болсо сиз ошол миграциялык каттооңуз менен жүрө бересиз. 30-сентябрда сиздин каттооңуз бүткөндөн кийин 30 күндүн аралыгында сиз “Амина” тиркемеси аркылуу жашаган дарегиңизди Орусиянын Ички иштер министрлигине кабарлоого милдеттүүсүз”.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин көзөмөлдөөчү реестрине, башкача айтканда, “кара тизмеге” түшүп калган мигранттар болсо тиркемени жүктөгөндөн сырткары мекемелерге барып, мыйзамдашып, тизмеден чыгышы керек. Анын мөөнөтү 10-сентябрда аяктайт.
Деген менен мөөнөт аз калгандыктан ушул күндөрү Орусиянын миграциялык борборлорунда кезек болуп көрбөгөндөй узарды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана консулдуктарынын кызматкерлери жер-жерлерди кыдырып, кыргыз жарандарына көмөк кылып жатканын билдирүүдө. Алар жетишпегенден улам Тышкы иштер министрлиги Москвага кошумча кызматкерлер тобун жиберди.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев УТРКга курган соңку маегинде мындай деди:
“Бүгүнкү күндө Орусия Федерациясынын аймагында 377 миңден ашуун кыргыз жараны миграциялык каттоодо турган. Андан сырткары “кара тизмеге” жылдын башында 113 миң кыргызстандык илешип калган. Ошонун негизинде биздин министрлик, элчилик, консулдук диаспоралар менен бирге чоң маалыматтык өнөктүк жүргүздүк. Ушул күнгө чейин 90 миңдей кыргыз жараны дале ошол тизмеде кала берүүдө. Мунун өзү да чоң сан. Ошондуктан биздин жарандардан ушул калган убакытта максималдуу түрдө аракет кылып, “Сахарово” миграциялык борборуна барып, укуктук абалын мыйзам чегинде оңдоп алууга чакырам. Башка шаарларда да ички иштер органдарына барып мыйзамдашууга аракет кылыңыздар”.
"Кезек эки айда араң жетти"
Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш болгон. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга алгач 30-апрелге чейин убакыт берилген. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылган эле.
Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын бири эки айда араң кезек алганын айтып берди:
“Мигранттарды кыйнаган регистрация жөнүндө айтып кетсем... Биз эки айдан бери жүгүрүп жүрөбүз. Барсак эл көп болот, кезек жетпей кайра келебиз. Бүгүн да иштен калып дагы бардык. Биздин каттообуз Некрасов метросуна коюлган экен, ошол жакка жөнөтүштү. Кайра барсак дагы кезек көп экен. Биздин кезек дагы жетпей калды. Таякем экөөбүз айласыз олтурсак Миграция кызматы менен элчиликтин кызматкерлери келип, бизди жолуктуруп, көйгөйүбүздү чечип беришти”.
Орусиянын Ички иштер министрлиги февралдын башында "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине 685 миңге жакын чет элдик жаран киргизилгенин билдирген.
Бирок соңку маалыматта бул сан азайбай эле кайра көбөйгөнү белгилүү болду. Тагыраагы, сентябрдын башына карата “кара тизмедеги” чет элдиктердин саны 770 миң экени кабарланды. Алардын үчтөн бири аялдар жана балдар. Бул топтогулар мыйзамдашпаса токтоосуз түрдө Орусиядан депортация болору эскертилди.
Орусиянын Ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой Интерфакс агенттигине мындай маалымат берген:
"Бул жарандарга бул жакта жүрүүсүн мыйзам чегине келтирүүгө 10-сентябрга чейин убакыт берилген. 10-сентябрдан тартып ал жарандарга карата укуктук чаралар, анын ичинде биздин өлкөдөн чыгаруу да колдонулат”.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат.
Юристтер Орусия менен чогуу Евразия Экономикалык Биримдигинде уюмдаш болгон Кыргызстандын жарандарына карата мыйзамдардын катаалдатылышы келишимдерге каршы келерин айтып келатышат.
Мигранттарга көмөк көрсөткөн юрист Эрланбек Токтосуновдун сөзүн келтирели:
“Ушул тапта бизге кайрылуулар абдан көп болуп жатат. “Кара тизмеден” чыгалы деп барышса кезек көп экен. “Амина” тиркемеси жок болсо “Сахарово” борборунда медициналык кароого киргизбей жатышат экен. Ал тиркемени жүктөө үчүн биздин жаран сөзсүз түрдө андроид телефон сатып алышы керек экен. Мындан башка да бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Мисалы, Москва аймагында иштеген кыргыз жарандары ар убак ар кайсы жерге барып иштешет эмеспи. Ал эми “Аминага” катталгандан кийин жашаган жериңде 3 күн болбой калсаң, анда кайра эле “кара тизмеге” кирип калат экенсиң. Бул дагы ЕАЭБ уюмунун келишимдерине тикелей карама-каршы келет”.
Орусияда мыйзамдык чектөөлөрдөн сырткары чет элдик жарандарды иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде жана башка жайларда текшерүү да күчөгөн. Бул чаралар дагы уланчудай.
Шерине